Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

“Бөрүлүүнүн” жаштар курамы - өлкө чемпиону


7-ноябрда нөшөрлөп жааган жамгырга карабай Бишкекте жаштар арасында Көк-Бөрү боюнча өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Өлкөнүн Көк-Бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев 18 жаштан 21 жашка чейинки жигиттердин биринчилигинде жети команда беш күн бою мөрөй талашып жаткандыгын «Азаттыкка» билдирип, журналисттерди кесиптик майрамы менен да куттуктады.

Мыктылары иргелип, 7-ноябрда нөшөрлөгөн жамгырга карабай коло байге үчүн өлкөнүн Жол коопсуздугу башкармасынын командасы менен Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын командасы күч сынашты. Мында МАИ башкармасынын жигиттери айырмаланып Күзөт кызматынын командасынын тайказанына 11 улак таштап, үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Өлкөнүн Көк-Бөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеевдин пикиринде, кыргыздын жигиттери бороон-чапкын, жамгырды тоготпой улак тартып, өнөрү менен таанылган.

Жаштар арасындагы өлкө чемпионатынын финалдык беттешүүсүнө укук алышкан Чүй облусунун “Рассвет” командасы менен Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы биринчи таймда эле баткак, жамгырга карабай курч таймашууга өтүштү.

Баш байге үчүн беттешүүнүн эсебин “Бөрүлүүнүн” өкүлү Калыс Кыдыков ачып, тайказанга биринчи улак таштады. Чүйлүк жигиттердин эсепти теңдөөгө кылган аракетинен майнап чыгып, Тилек Эсенбаев өнөрү менен таанылды.

Баш байге үчүн таймашууга күбө болуп турган Токмок шаарынын мэри Канатбек Исаевдин айтымында, жамгыр менен баткакка чыланып салмактуу болуп калган улак менен ойноо жаш жигиттер үчүн кыйын болгону менен алардын чеберчилиги жогорулап, тажрыйбасы артат.

Финалдын экинчи, үчүнчү таймдарында эки команда тең тайказанга улак таштай албай, коргонуу күчтүү болуп, курч таймаш өкүм сүрдү. Көк-Бөрүнүн эрежеси боюнча кошумча убакыт берилип, 10 мүнөттөн эки таймда тең 1:1 эсеби өзгөргөн жок.

Акыры жеңүүчүнү аныктоо үчүн тайказанга чаап баратып улак таштоого ар бир командадан төрттөн жигит чыгышты. Мында дагы Бишкектин “Бөрүлүү” командасынын жигиттери Улан Насекеев менен Калыс Кыдыков айырмаланып, жамгырга, баткакка чыланып оор болгон улакты чаап баратып, тайказанга таамай таштап, командасынын жеңишин камсыз кылды.

Бишкектин “Бөрүлүү” командасынын жаштар курамы өлкө чемпиону аталып, 100 миң сом акчалай сыйлыктын ээси болушту. Экинчи орунду камсыз кылган Чүй облусунун “Рассвет” командасына 70 миң сом байге ыйгарылды. Үчүнчү орунга татыктуу болгон МАИ башкармасынын командасы 50 миң сом акчалай сыйлыкка арзыды.

“Бөрүлүү” командасынын улакчысы Улан Насакеев чемпионаттын “мыкты оюнчусу” аталып, 5 миң сом байгеге арзыды. "Мыкты аргымак", "Чабандес" деген сыйлыктар да ыйгарылды.

Чүй облусунун “Рассвет” командасынын машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Мамыркожо Бөкөнбаевдин пикиринде, барган сайын Көк-Бөрү оюнундагы аргымактар дагы амалдуу, ийкем болуп баратат.

Улуттук Көк-Бөрү оюнун кайра жаратуу идеясы 1995-жылы «Манастын» 1000 жылдыгында “Ашхабад – Самарканд – Ташкент – Жамбыл – Бишкек – Талас” ат марафонунан кийин пайда болгон. Ошондо эл аралык аламан байге жарышында кыргыздын аргымактары жеңип чыккан. Көп узабай белгилүү кино режиссер Болот Шамшиевдин демилгеси менен Көк-Бөрү федерациясы түзүлүп, оюндун жаңы эрежелери иштелип чыккан.

Учурда Көк-Бөрү өлкөбүздөн тышкары Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Кытай, Түркия жана Орусияда кеңири жайылган. Андыктан Көк-Бөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү боюнча эл аралык федерация иш жүргүзүүдө. Жыл сайын Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата эл аралык мелдештер өтүп келет.

Көк-Бөрү федерациясын парламенттин экс-депутаты Болот Шерниязов көп жыл жетектеп, эл аралык деңгээлде таанылышына салым кошту.

Андан кийин бул федерацияны төрт-беш жыл Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков да жетектеп турду.

Быйыл жайында Көк-Бөрү федерациясына президент болуп ички иштер министри Молдомуса Конгантиев шайланганы милиция кызматкерлеринин көбү көк бөрүчү болуп чыга келди.

Жаштар арасындагы өлкө чемпионаты да ички иштери кызматкерлеринин 85 жылдык мааракесине арналды.
XS
SM
MD
LG