Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:05

Кыргызстандын дзюдо чеберлери Азат Кубакаев менен Чыңгыз Мамедов машыгууларын Парижде улантат. Алар 2012-жылы Лондондо өтө турган Олимпиадага чейин Францияда жашап, мыкты спорт адистердин тарбиясын алмакчы.

Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынын башчысы Мариус Визер билдирди. Анын айтымында, бул спортчулар Парижде машыгуу менен биргеликте улуттук жана эл аралык мелдештерге катышып, Кыргызстандын намысын коргоп турмакчы.

Бишкекте дзюдо боюнча эл аралык мелдеш өттү

Кожомкул атындагы спорт ордосунда СССРдин спорт чебери Камиля Арсланованын элесине арналып, өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча эл аралык мелдеш өттү. Турнирге килем ээлеринен тышкары Тажикстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан спортчулары мөөрөй талашты.

Жыйынтыгында Кыргызстандын спортчулары жети салмак боюнча, Казакстандын дзюдочулары төрт салмак боюнча жеңүүчү аталышты. Бул мелдеш 2010-жылы өтө турган жаштар арасындагы олимпиада оюндарына даярдык максатында өткөрүлгөн.

Кыргызстандык мушкер Казакстанда мыкты боксчу аталды

Казакстандын Петропавловск шаарында Камил Сафиндин байгесине арналган 14-Эл аралык мелдеш болуп өттү. Турнирде Кыргызстандын намысын коргоду. Натыйжада Дени-Ислам Социалов күмүш медаль ээси болсо, Адилет Бикеев алтын медаль жеңүү менен бирге турнирдин мыкты боксчусу аталды. Мелдешке Кыргызстандан тышкары Казакстан менен Орусиянын спортчулары катышкан.

Тай боксчулар алтын, күмүш, коло медалдарды жеңишти

Таиланддын Бангкок шаарында өткөн тай боксу боюнча дүйнө чемпионатында Валентина Шевченко жеңүүчү аталып, бул наамга алтынчы ирээт татыды. Ал финалдык таймашта белорус спортчусун оңой эле жеңип чыкты. Ушул эле чемпионатта өлкө намысын коргогон Рафаэл Физиев да финалдык таймашта белорус спортчусу менен мөөрөй талашып, упайлардын эсебинде жеңилгендиктен күмүш медал тагынды. Ошондой эле 48 кг салмакта Шахриза Халилова коло медал ээси болду.

Өлкөнүн Дене тарбия жана спорт агенттигинин өкүлү Канат Арпачиев тай боксу Кыргызстанда өнүгүүдө, дейт:

- Кыргызстанда тай бокс боюнча Азиянын, дүйнөнүн чемпионаттары, эл аралык көп мелдештер өтүп, кыз-жигиттерибизди дүйнө жүзү таанып жатат. Биздин өлкөдө спорттун бул түрү өнүгүп-өсүп келатат. Айрыкча биздин кыздардын даярдыгы дурус. Айрыкча дүйнөнү жеңип жүргөн эже-сиңдилер Антонина менен Валентина Шевченколордун эмгеги төө көтөргүс. Алар ар дайым үмүт актап келатышат.

Бир шиңгил кабар:

11-13-декабрда интернационал-жоокер Жылдыз Айнакулованын элесине арналып, жаштар арасында самбо боюнча эл аралык турнир өтөт.

12-13-декабрда стол тениси боюнча өлкө чемпионатынын финалдык бөлүгү өтөт.

12-13-декабрда СССРдин спорт чебери Дүйсенкул Ахметовдун элесине арналып, грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында эл аралык мелдеш болот.
XS
SM
MD
LG