Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

2010-жыл - кыргыз спорту үчүн чоң сыноо


Быйыл Ванкуверде өтчү Кышкы олимпиадага Кыргызстандан эки спортчу жолдомо алды.
Быйыл Ванкуверде өтчү Кышкы олимпиадага Кыргызстандан эки спортчу жолдомо алды.

Дене тарбия,спорт мамлекеттик агентигинде өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова бул тармак чет элдик уюмдар менен начар иштеп жатканын айтып, сынга алды

Албетте, өткөн жылы кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерге далай ирет катышты. Алар алына, даярдыгына жараша ийгиликтерге жетишип, бармак тиштеген учурлары да болду.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт агентигинин жетекчиси Айдарбек Керимкуловдун айтымында, 2009-жылы «Спорттук имараттар жана спорттук камсыздоо башкармасы» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борбору жоюлду.

- Орусиянын спорттук тажрыйбасы эске алынып, өлкөдө «Спорттук имараттар жана спорттук камсыздоо башкармасы» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, иштей баштады. Ошондой эле өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борбору жоюлуп, анын ордуна спорттун бир нече түрүн өнүктүрүү борборлору уюштулду.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова спорт тармагындагы көйгөйлөрдү угуп, алар чет элдик уюмдар менен начар иштеп, грант, инвестиция тартылбай жатканын сынга алды.

Спорт адистери да өткөн 2009-жыл спортунда чеке жылытаарлык жеңиштер болбогонун сынга алып, мурдакы жылдарга салыштырмалуу начар баа берип жүрүшөт.

Себеби, былтыр спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнө, Азия чемпионаттарында алтын медаль уткан бир дагы спортчу болбоду. Былтыр грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпионатында Калыбек Жолчубековдун коло байгеси эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Былтыр кулагы начар уккан спортчулар арасында өткөн дүйнөлүк олимпиадада бишкектик спорт ардагери Арам Акопян да үчүнчү орунду ээлеген. Ушул грек-рим күрөшүнөн 2009-жылдагы Азия чемпионаттарында Мурат Романов,Темирлан Салават уулу, Максат Шамбетов, Нурбек Мелис уулу жана Арсен Айылчиев күмүш жана коло медалдарды жеңип келишкен.

Өткөн жылды дзю-до жана эркин күрөшү боюнча Азия чемпионаттарында коло медаль уткан Азат Кубакаев менен Нурлан Орозбек уулун да келечегинен үмүткөр кылып жүрөт.

Былтыр бел кур күрөшүнөн Жанболот Осмонов, Улан Темирбеков жана Нурбек Кожобеков дүйнө чемпионатында баш байге утуп, Кыргызстанга үч алтын медаль жеңип беришти. Ушул бел кур күрөшүнүн балбандары 2009-жылы Кыргызстанга дүйнө, Азия таймаштарында баш аягы 30 медаль утуп келишти.

Спорт адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, эгемендүү болгондон бери өлкөдө жаңы стадион, спорт жайлар курулбай, учур талабындагы спорт жабдуулар жокко эсе.

Ал аз келгенсип, бир жыл спорт тармагын жетектеген Александр Войнов мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланганы үчүн кызматтан алынды. Анын орунда парламенттин мурдагы депутаты Айдарбек Керимкулов дене тарбия, спорт агенттигине жетекчи болгонуна саналуу эле айлар өттү. Спорт тармагын жакшы билген Алмаз Касеновдун ордуна спорт чөйрөсүнө таанылбаган Кубанычбек Камбаралиев декабрда төраганын орун басары болуп дайындалды.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде, 2009- жылы кыргыз спорт күйөрмандарынын үмүтү акталган жок. Ошондой эле ал кеңеш доорундагыдай спорттук жатак мектепти кайра калыбына келтирүү демилгесин көтөрдү.

- Биринчи кезекте өз жерибизде спортчуларга шарт түзүп бериш керек. Ал эми күрөштөгү алган медалдар кыргыздын менталитетине байланыштуу деп ойлойм. Эгерде балбандарыбызга жакшылап көңүл бурулса, шарт түзүлсө мүмкүн алтын медалга деле ээ болот. Ошондой эле мурдакы кеңеш доорундагы спорт жатак мектебинин бүтүрүүчүсү катары айтсам, ушундай жатак окуу жайларын кайра калыбына келтирүү гана жеңиштердин башаты болмокчу. Мындай мектептер коңшу Кытай мамлекетинде миңдеп саналат.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, быйылкы 2010-жыл Ванкувердеги кышкы олимпиада, Гуанжоудогу 16-Азия оюндары баштаган мелдештерге өтө бай болмокчу.

- Быйыл февралда Канаданын Ванкувер шаарында кышкы олимпиада, март айында Иранда ислам оюндары болот. Жайында Сингапурда жаштар арасында дүйнөлүк олимпиада өткөрүлөт. Ошондой эле күзүндө жылдын башкы мелдеши - Кытайдын Гуанжо шаарында 16-Азия оюндары өткөрүлөт. Мындан сырткары спорттун бардык түрлөрү боюнча да дүйнө, Азия чемпионаттары болмокчу.

Быйыл дүйнө коомчулугунун көңүлүн бура турган Канаданын Ванкувер шаарында өтө турган Кышкы олимпиада болмокчу. 21-Кышкы олимпиада Ванкуверде 12-февралда башталып, 28-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстандык спортчулардан учурда экөө Ванкувер Кышкы олимпиадасына жолдомо алып, даярдык көрүшүүдө.

Быйыл жайында Сингапурда дүйнөлүк жаштардын биринчи олимпиадасы болмокчу. Учурда кыргызстандык жаш спортчулардын бирөө да бул олимпиадага жолдомо алыша элек. Ошондуктан жайга чейин жаштар үчүн бир топ сыноолор алдыда турат.

Кыргызстандык спортчулар үчүн быйылкы эң негизги мелдеш - күзүндө Кытайдын Гуанжоу шаарында 16-Азия оюндары болмокчу. 2008-жылы Бээжинде өткөн олимпиадалык оюндарда Кыргызстанга күмүш жана коло байгелерди утуп берген балбандар Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев баштаган балбандардан үмүт чоң.

Грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн башкы устаты Эмил Алыкулов Гуанжоуда боло турган Азия оюндарына азыртан даярдык көрүүнүн зарылдыгын «Азаттыкка» билдирди.

- Себеби 2006-жылы Дохадагы 15-Азия оюндарында кыргызстандык төрт балбан грек-рим күрөшүнөн коло байгелүү болушкан. Калыстардын айынан Данияр Көбөнов Пусанда жана Дохадагы Азия оюндарында алтын байгеден куру калып, арманда жүрөт. Дохадагы 15-Азия оюндарында грек- рим күрөшүнөн байгелүү үчүнчү орунду ээлеген балбандар Жанарбек Кенжеев, Руслан Түмөнбаев жана Нурбек Ибраимовдун жолун жолдоп, мөрөй алууга дилгир жаштар арбын. Ошондой эле Бээжин олимпиадасында күмүш жана коло медаль уткан Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев дагы Кытайдагы 16-Азия оюндарында чемпион болуусу үчүн европалык балбандар менен бирге машыгууларды уюштуруп берүү керек. Аларга машыгууга гана шарт түзүп берүү зарыл.

Жыл жыйынтыгына арналган жыйында 2010-жылы боло турган негизги мелдештер такталып, быйыл Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосун учур талабына ылайык оңдоп-түзөө айтылды. Эл аралык Ысык-Көл оюндарына жана Гунажоудо боло турган 16-Азия оюндарына азыртан даярдык көрүү керектиги белгиленди.
XS
SM
MD
LG