Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган грек- рим күрөшү, көкбөрү, ат чабыш, жорго салдыруу, аламан байге жана жеңил атлетика мелдештери болду.

9-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда генерал Иван Панфиловдун жаркын элесине арналган мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Жеңил салмакта Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын өкүлү Батыр Жанбаев баш байгенин ээси болду.

55 кг. салмакта финалда бишкектик Шухрат Сайазимов менен Эрбол Жапаралиев беттешип, Эрбол Жапаралиев жеңүүчү деп таанылды.

60 кг/ салмактагы балбандардан Бишкектеги №1 спорт мектебинин балбаны Роман Царев биринчи орунду ээледи.

66 кг. салмакта баш байге үчүн Эсенгелди Кожобек уулу менен Фархад Өмүрзаков күч сынашып, аз упай айырма менен Эсенгелди Кожобек уулу жеңишке жетишти.

74 кг. салмакта Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жүргөн Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Азия чемпиону Данияр Көбөновдун иниси Бактияр дагы агасынын жолун жолдоп, мөрөй алып жүрөт. Бул ирет да Бактияр Көбөнов генерал Иван Панфиловдун эскерүү мелдешинин жеңүүчүсү деп таанылды. Ал алдыдагы максаттары тууралуу “Азаттыкка” мындай деди:

- "Аганы көрүп, ини өсөт" деген накыл кептин чындыгы бар экен. Агам Даниярдан үлгү алып, күрөштүн сырын үйрөндүм. Эми агамдай болуп, Азия, дүйнө чемпиону болсом, кыргыз өңүн дүйнөгө таанытсам деп тилек кылып жүрөм.

84 кг. салмакта баш байгенин ээси Могамед Мутаев болду.

Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын балбаны Камбар Жоробеков 96 кг. салмактагы атаандаштарынын бардыгын утуп, биринчи орунду ээлдеди.

Оор салмакта Аскер Эсендиев биринчи орунду камсыз кылды.

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкуловдун айтымында, бул ирет жаш балбандар сындан өтүштү:

- Олимпиадалык оюндарга 4-5 жыл үзбөй даярдык көрүү зарыл. Бээжин олимпиадасы Кыргыз спортунун ал- абалын таразалап койгон. Эл аралык чоң мелдештерге баруу менен гана чеберчилик жогорулайт. Эгерде биздин жаштарга жакшы шарт түзүлсө ийгиликтерге жетүүгө болоорун мелдештер көрсөттү. Кыргыз жаштарын патриоттуулукка үгүттөө максатында ар жыл сайын ушул генерал Иван Панфиловду эскерүү мелдешин уюштуруп жүрөбүз. Өлкөдө спортко көңүл бурулса, жаштардын келечеги болот.

Быйыл 50-ирет өткөрүлгөн турнирге өлкөнүн 180 балбаны катышты.

Генерал-майор Иван Панфилов 1938-жылдан 1941-жылга чейин Кыргызстандын аскер комиссары болуп кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда кыргызстандык жана казакстандык жарандардан 316-аткычтар дивизиясын уюштуруп, жетекчилик кылган.

1941-жылы Москвага жакын жердеги Дубосеково жолунда баскынчылардын танкаларын талкалап, душмандардын чабуулунун мизин кайтарып курман болгон 28 баатыр-панфиловчунун эрдиктери унутулбай эскерилип келүүдө.

Иван Панфилов 1941-жылдын 18-ноябрында Волоколамскийде мина жарылууда курман болгон.

Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Иван Панфиловду эскерүү эл аралык мелдешинде учурунда дүйнөгө таанымал балбандар Даулет Турлуханов, Юрий Мельниченко, Раатбек Санатбаев, Уран Калилов, Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев жана башкалар күрөшүп, мөрөй алышкан.


9-Май Улуу жеңиштин 65 жылдык майрамында Бишкектеги «Аккула» ат майданында спорттун улуттук түрлөрү жана ат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү. Быйылкы тай жарыш, кунан чабыш, аламан байге, жорго салдыруу жана көкбөрү оюндарын жергиликтүү күйөрмандар “Аккула” атмайданынан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Үч күнгө созулган көкбөрү мелдешинде 6 команда мөрөй талашты.

9-майда Сокулуктун айтылуу “Рассвет” айылынын “Кожомкул” командасы финалда “Конуш” командасы 10:2 эсебинде жеңип, баш байгени алышты. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчиси Алмаз Касенов тапшырды.

Көкбөрү мелдешинин башкы калысы, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Азарматовдун айтымында, сокулуктук жигиттер Рустам Тыналиев, Тилек Эсенбаев, Пазылбек Асанов жана Фархат Бейшекеев өнөрү менен таанылып, табында экенин далилдешти.

Айылдык саяпкерлердин күлүктөрү мындай жарыштарга катышпай жатканын, асыл тукум жылкылар колунда бар, ишкер-байлардыкы экенин, жылдан жылга ат майданындагы жарыштарга катышкан күлүктөрдүн саны азайып баратканын ат оюндарынын калысы Асан Бектурганов белгилеп, сынга алды.

9-майда Бишкектеги Ботаника багында Улуу жеништин 65-жылдыгына карата жеңил атлетикалык жарыштар болду. Мында 1000 метрден 21 км. жарым марафондук бир нече жарыштарга үч жүздөн ашуун жөө күлүк катышты.

Жарым марафондук 21 чакырым аралыктагы жарышта марага спорт чебери Валерий Писарев озуп келди.

10 км. аралыктагы жарышта таластык Эржан Аскаров бардык атаандаштарын артка калтырып, баш байгенин ээси болду.

Орто аралыкта чуркоо боюнча спорт чеберчилигине талапкер болгон Эржан Аскаров машыгууга шарт түзүлсө, олимпиадалык оюндардын коло байге ээси, маркум Сатымкул Жуманазаровдой Кыргызстанды дүйнөгө таанытат элем деп, өз тилек-максаттарын “Азаттыкка” билдирди.

3 км. аралыкта бишкектик Наил Деникеев жеңүүчү деп таанылды.

Кыз-келиндерден Марина Карабитская, Виктория Полюдина биринчи орундарды камсыз кылышты.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде, 9-майдагы мелдештерге жаштар катышып, Мекенди коргоонун ыйыктыгын, ден соолуктун баркын биле жүрүшкөнү жакшы.

9-майда Бишкекте ар жыл сайын салт болуп калган Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган эл аралык Лейлек күрөшү быйыл уюштурулган жок.
XS
SM
MD
LG