Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Тай боксчу Р.Физиев континент аралык чемпион аталды


Кыргызстандын кик-боксчусу Евразиянын чемпиону Кумар Жалиев
Кыргызстандын кик-боксчусу Евразиянын чемпиону Кумар Жалиев

Кыргыз тай боксчусу Орусияда жеңишке жетсе, өлкөнүн жаш дзюдочулары Азия биринчилигинде төрт медал ээси болушту. Бишкек шаарында кичи теннис жана хоккей боюнча мелдеш жыйынтыкталды.

Тай боксчу Р. Физиев континент аралык чемпион аталды

Орусиянын Москва шаарында профессионалдар арасында континент аралык чемпионат өттү. Анда Орусия, Украина жана Беларус спортчулары Азия мушкерлерине каршы таймашка чыгышты.

Кыргызстандык тай боксчу Рафаэл Физиев дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону украиналык Богдан Лукин менен мөрөй талашты. Беш раундга созулган таймаш 2:1 упайы менен жыйынтыкталып, Рафаэл атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок. Мелдеште алты беттешүү болуп 4:2 эсебинде Азия курамасы жеңилүүгө учурады. Турнирде ийгиликке жеткен тай-боксчу Физиев 17 жашта, ал дүйнө биринчилигинин күмүш байге ээси.

Кыргызстандын дзюдочулары төрт медал жеңишти

Таиландда өткөн Азия чемпионатында 46 кг салмакта мөрөй талашкан Алмаз Алтынбек уулу күмүш медал ээси болду. Ал эми коло медалга Виталий Краковецкий, Болот Токтогонов жана Виталий Рыжиков татып, Азиядагы алдыңкы спортчулардын катарына кошулду. Ал эми кыздар арасында мөрөй талашкан Анара Рыскулова менен Айсулуу Аденова бешинчи орунга татыды. Бул чемпионат Сингапурда өтчү биринчи жаштар Олимпиадасына тандап алуу мелдешинин биринчи этабы болуп саналат.

Үстөл теннисинин чемпиондору аныкталды

Бишкектин ачык биринчилигинде Кыргызстандын спорт чебери Саида Кудусова кыз-келиндер арасында чемпиондук наамды жеңип алды. Экинчи орунга түркмөнстандык Ирина Клычева татыса, коло медалга бишкектик Эльзат Алаева ээ болду. Ал эми эркектер арасында өткөн чемпионатка жетимиш чакты кичи теннисчилер катышты. Натыйжада өлкөнүн алдыңкы теннисчиси Алишер Якупбаев чемпион наамына татыды. Экинчи орунга түркмөн спортчусу Рашид Ахмедов, ал эми коло байгеге Азамат Эргешов ээ болду. Бул чемпионатка Орусия, Казакстан жана Түркмөнстандын спортчулары катышты.

Кыргыз хоккейчилери муз майданга чыгышты

5-майда Бишкек шаардык муз майданында апрель окуясында каза болгон адамдардын элесине арналган жолдоштук беттешүү өттү. Анда баш калаанын “Хан-Теңри” клубу менен Нарындын “Дордой-Ала-Тоо” командасы мөөрөй талашты. Оюн курч мүнөздө өтүп 4:4 эсеби менен аяктады. Жыйынтыктоочу упай буллит негизинде чечилип 2:1 эсебинде Нарын командасы ийгиликке жетти.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын башчысы Мурат Жакыпов оюндун максаты жана спортчулардын алдыдагы мелдештерге даярдыгы тууралуу билдирди.

-7-апрелде каза болгон жана жапа чеккен мекендештирдин урматына деп турнир уюштурдук. Бул иш-чарадан 16 миң сом каражат чогулду. Хоккей сүйүүчүлөрдүн чечими менен бул акчаны жабыркагандарга таратып бердик. Оюн жакшы деңгээлде өттү. Жеңишке “Ала-Тоо-Дордой” командасы жетти.

"Азаттык": Буга чейин айтылгандай өлкөнүн хоккей курамасы түзүлүп жатабы?

- Учурда тактоо иштери жүрүүдө. Апрель окуясына байланыштуу ишибиз солгундап кетти. Бирок хоккейчилерибиз өз алдынча машыгууларды жүргүзүп жатышат. Ал эми курама команданын тизмесин азырынча тактай элекбиз. Анткен менен 2011-жылы бизди кышкы Азия оюндары күтүүдө. Ошондуктан аракет көрүп иштеп жатабыз.

Ушул жумага белгиленген спорттук иш-чаралар

  • 11-майда Бишкек шаарында жогорку лигадагы "Шер" (Бишкек) - «Алга» (Бишкек) футбол командалары мөөрөй талашат.
  • 15-майда Кант шаарында жогорку лигадагы «Абдыш-Ата» (Кант) - «Алга» (Бишкек) футбол клубдары беттешүү өткөрүшөт.
  • 15-16-майда Кожомкул атындагы спорт ордодо таэквондо ITF боюнча өлкө чемпионаты болот.
  • 15-17-майда Кожомкул атындагы спорт ордодо джиу-джитсу боюнча республика биринчилиги өтмөкчү.
XS
SM
MD
LG