Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Кыргызстандын жаш футболчусу Испанияда


Эрбол Атабаев
Эрбол Атабаев

Кыргыз футболчусу "Барселона" клубунун сынагына катышат. Балбандардын Азия чемпионатындагы жеңиши. Евгений Ваккер «GIANT» клубу менен ийгилике жетүүдө.

Сегиз жаштагы футболчу Эрбол Атабаев эртең 15-июндан тарта Испаниянын “Барселона” клубунун курамына кошулуу үчүн атайын сынакка катыша баштайт. Тандоо он күнгө чейин созулушу мүмкүн. Анда жаш футболчулардын техникасына, жөндөмдүүлүгүнө жана оюн тактикасына чоң көңүл бурулат. Эрбол топту 285 жолу ээлеп жана жакшы оюн көрсөтүү менен адистердин көнүлүнөн түнөк тапкан. Ал бир нече эл аралык мелдештерде мыкты футболчу аталган, учурда болсо "Абдыш-Ата" клубунун жеткинчектер курамасында машыгат.

Азия чемпионатынан он медаль жеңген балбандар

Кытайдын Хуаншань шаарында уландар арасында Азия чемпионаты аяктады. Анда өлкө намысын грек-рим күрөшүнөн сегиз спортчу коргоп, алардын жетөө ар даражадагы байгелүү орундарга ээ болушту. 120кг чейинки салмакта Мурат Романов алтын медалга татыды. Ошондой эле Мирлан Калчанов, Кубанычбек Алтымышев, Кожобек уулу Эсенгелди, Нурсултан Молоканов, Аман Токтогонов, Тынчтык Токторбаев өз салмак категорияларында коло байгеге татышты. Ал эми эркин күрөш балбандары бир күмүш, бир коло байгеге татышса, кыздар таймашынан Мехринсо Нурматова чемпионаттын коло байгесине татыды.

Велоспортчусу Ваккер өз командасы менен үчүнчү орунга татыды

Индонезияда өткөн Санкарак мелдешинде Евгений Ваккер «GIANT» командасы менен коло байгеге татыды. Ал эми биринчи экинчи орундарга Ирандын клубдары ээ болушту. Бул велотур жарышы жети бөлүктөн туруп 600 км аралыкты камтыган. Ага 22 эл аралык команда катышып мөөрөй талашышты. Жакынкы аралыкта Евгений Ваккер «GIANT» клубунун курамында Чыгыш Ява туруна катышат.

Волейбол боюнча Кыргызстандын 2-чемпионаты жыйынтыкталды

Эркектер арасындагы биринчилике ар аймактардан келген 11 команда катышты. Финалда Бишкектин “Салам-Алик” клубу “Соловей-Спорт” командасын 3:1 эсебенде жеңип чемпион аталды. Ал эми коло медалга ИИМдин ички аскер командасы ээ болду. Мыкты оюнчу наамына Жаркынбек Нарбаев татыды. Ал эми аялдар командасынан “Салам-Алик” алтын медалга, Кыргыз-Орус Славян университети экинчи, токмоктун “Сирусу” үчүнчү орунга татыды. Мыкты оюнчу наамы спортчу Юлия Козловага ыйгарылды.

Дүйнөлүк футбол чемпионатындагы жаңылыктар

Түштүк Африкада өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө биринчилигин уланууда. 13-июнда мелдештин экинчи күнү германиялык футболчулар австралиялык атаандаштарын 4:0 эсебинде утту. Гананын командасы Сербияны 1:0 эсебинде жеңсе, Словения курамасы да Алжирди 1:0 эсебинде утуп алды. Алдыда Голландия менен Дания, Жапония жана Камерун, Италия менен Парагвай курамалары футбол талаасында мөрөй талашат.

Спорт баяндамачы Табылды Асыгалиев оюндардын жүрүшү жана чемпионатка карата божомолдорун айтты:

- Оюндар жакшы башталып, азыр акырындык менен күчүнө келип жатат. Буга чейин өткөн мелдештерде бир-экиден гол кирип келген болсо, 13-июндагы таймашта Германия Австралияны төрт упай айырмачылыгында жеңди. Бул жерден Австралия начар даярдык менен келгендей таасир калтырат. Себеби Германиянын быйылкы курамы начар деп белгиленүүдө. Катарында Баллак сыяктуу капитаны жок. Алдынкы дарбазачысы да жакында каза болуп калды. Австралияны мындай айырмачылык менен жеңгени бир чет жаңылык, экинчиден мыйзам ченемдүү мисал.

- Сиздин божомолдо ким чемпион наамына татыйт?

- Менин жеке пикиримде Испания ийгилике жетчүдөй. Алар акыркы эки жылдан бери Европа биринчилигин жеңип эң мыкты оюндарды көрсөтүп келет. Алардын курамында Торес, Вилия, Иньесто сыяктуу атактуу футболчулар бар. Ошондуктан алар бул дүйнө чемпионатында күйөрмандарын кубантат деген ойдомун.

Бул жумага белгиленген спорттук иш-чаралар:

  • 16-июнда Казакстандын Актау шаарында бильярд боюнча Азия биринчилиги болмокчу. Анда Кыргызстандын курамасы да ойнойт.
  • 18-июнда Казакстандын Повладар шаарында акробатика боюнча эл аралык мелдеш өтмөкчү.
  • 18-20-июнда Чоң-Курчак капчыгайында жөө жүрүш туризми боюнча өлкө биринчилиги өтөт.
  • 18-28-июнда Чолпон-Ата шаарында эл аралык шахмат фестивалы болот.

XS
SM
MD
LG