Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

23-июнь - Эл аралык олимпиада күнү


1894-жылы 23-июнда Пьер де Кубертендин демилгеси менен Парижде конгресс болуп, Эл аралык олимпиада комитети түзүлгөн. 1967-жылдан бери бул күн жыл сайын эл аралык олимпиада күнү катары белгиленип келатат.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети болсо өлкөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу бул күндү сентябрда белгилеп, мелдештерди өткөрмөк болду.

Ар жыл сайын өлкөдө 23-июнда эл аралык олимпиада күнү белгиленип, жеңил атлетикалык жарыштар, спорттун олимпиадалык түрлөрүнөн мелдештер өткөрүлүп турган.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, быйыл өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу Эл аралык олимпиада күнүндөгү мелдештер сентябрь айында жылдырылды.

Бишкектик спорт күйөрманы Такин Рысбектегин Кыргызстандын спорт федерацияларын мамлекеттик мурдакы ишмерлер, министрлер жетектегенин сынга алып, алар олимпиадалык кыймылдын өнүгүшүнө салым кошпогонун «Азаттыкка» билдирди.

“Дордой” спорт клубунун президенти, спорт демөөрчүсү Аскар Салымбековдун айтымында, олимпиадалык спорт түрлөрүн өнүктүрүү үчүн спорттук имараттар, стадиондор, спорт жабдуулары керек. Ошондой эле спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай жатат.

- Мурда биздин аксакалдар, спорт ардагерлери ар дайым өсүп келаткан жаштарга жол бербей, ар убак бут тосуп келатканы өкүндүрүп келген. Кызматына, даражасына карабай иш билги сапатына кароо учур талабы. Учурда Эл аралык олимпиада комитети, Азиялык олимпиадалык кеңеш менен мамилелер калыбына келип, алардан Кыргызстан финансылык жардам ала баштады. Ал түгүл биздин спортчулар 2006-жылкы Катардагы 15-Азия оюндарында жана 2008-жылкы Бээжин олимпиадасына катышып, байгелүү орундарды ээлеп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытышты. Ошондой болсо да айыл жеринде дене тарбия, спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнбөй жатканы өкүндүрөт. Ал түгүл айрым айыл мектептерде дене тарбия сабагы боюнча мугалимдер жок. Биз жеке кызыкчылыктарды гана ойлобой, өлкөнүн тагдырын, ар-намысын ойлошубуз керек.

Мурдакы президент Аскар Акаевдун уулу Айдар Акаевди олимпиадалык комитетке алып келгендер бул орунду өтө эле саясатташтырып, талашка түшүрүп жиберишкен. Мына кийинки төрт жылдан бери баары орду-ордуна келип, олимпиадалык кыймылдагы кризис, көйгөйлөр жөнгө салына баштады.

Эми кыргызстандык спортчулар быйыл күзүндө Кытайдын Гуанжоу шаарында өтө турган 16-Азия оюндарына даярдык көрүп жатышат.
Быйыл 3-апрелде Улуттук олимпиада комитетине экинчи ирет жетекчи болуп шайланган Мурат Саралиновдун Ысык-Көлдө эл аралык олимпиадалык даярдоо борборун куруу, Бишкекти Борбор Азиядагы олимпиадалык чордонго айландыруу жана башка максаттары бар.

Эгемендүүлүктү алгандан кийин Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетин Эшим Кутманалиев уюштуруп, 13 жыл башкарып келген. 2004-жылдын декабрында өлкөнүн бокс федерациясына жаңы президент болгон Айдар Акаев Улуттук олимпиада комитетине жетекчи болуп шайланган.

Ыңкылаптан кийин Айдар Акаев ал кызматтан бошотулуп, мурдакы жетекчи Эшим Кутманалиев кайрадан Улуттук олимпиада комитетине президент болуп шайланган.

Улуттук олимпиадалык комитетинин жетекчилик ордун талашуу жыйында өлкөнүн кичи футбол федерациясынын президенти Кадырбек Атакараев жүрөгү ооруп каза болуп калган.

Ошондой эле ушул уюмдун жетекчилигине талапкер болууну максат кылган даңазалуу балбан Раатбек Санатбаев дагы буйуртма менен өлтүрүлүп, максаттары ишке ашпай, күлгүн курагында кайтыш болгон эле.

2005-жылдын жайында бул уюмга президент болгон Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 22-сентябрда буйуртма менен атылып каза болгон.

Кыргызстандыктардын ичинен биринчи болуп ат спорту боюнча чебер Сайботал Мурсалимов 1960-жылы Римде өткөн жайкы олимпиадага катышкан.

Кыргызстандык олимпиадачылардын жылдызын жандырган 1980-жылы Москвада өткөн XXII жайкы олимпиада болду. Мында Кыргызстандан Каныбек Осмоналиев, Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий, Александар Блинов катышып, бешөө тең чемпион болушкан.

Москва олимпадасында 42 чакырым 195 метр марафондук аралыкта коло байге уткан маркум Сатымкул Жуманазаровдун ийгилигин 30 жылдан бери Шериктеш өлкөлөрдөн эч ким кайталай элек.

1988-жылы Түштүк Кореянын борбору Сеулда өткөн жайкы олимпиадада кыргызстандык жеңил атлетчи Мария Кулчунова менен футболчу Сергей Фокин олимпиадалык чемпион аталып, алтын медаль тагынган.

Ошондой эле 1992-жылы Испаниянын Барселона шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда Шериктеш өлкөлөрдүн тандалма командаларынын катарында ойногон гандболчу Талант Дүйшөбаев менен баскетболчу Елена Баранова дагы олимпиада чемпиону аталган.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин өз алдынча 1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөрүлгөн XXVI жайкы олимпиада оюндарына катышкан. Ошондон бери Кыргызстандын туусу 4 жайкы жана 4 кышкы олимпиадалык оюндарда көтөрүлдү.

Эгемендүү Кыргыз мамлекетине алгачкы олимпиадалык коло медалды 2000-жылы Сидней жайкы олимпиадасында дзю-до күрөшүнөн Айдың Смагулов жеңип берген.

2008-жылы Бээжин олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондору Канатбек Бегалиев күмүш медалды, Руслан Түмөнбаев коло медалды утуп, өлкөнү дүйнөгө тааныткан.

1896-жылы Грекиянын Афина шаарында тушоосу кесилип, жаңы доордо спорттун 13 түрү боюнча биринчи өткөрүлгөн олимпиадага 13 өлкөнүн 311 спортчусу катышкан. Кийин 108 жылдан кийин 2004-жылы Афинада кайрадан өткөрүлгөн жайкы олимпиадалык оюндарга 200 мамлекеттин 15 миңден ашуун спортчусу спорттун 28 түрү боюнча катышып, күч сынашкан.
XS
SM
MD
LG