Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Сингапурда жаштар олимпиадасы башталды


Жаш спортчулар Сингапурга жөнөөр алдында президент Роза Отунбаева Кыргызстандын туусун дзю-дочу Болотбек Токтогоновго тапшырууда, Бишкек, 9-август.
Жаш спортчулар Сингапурга жөнөөр алдында президент Роза Отунбаева Кыргызстандын туусун дзю-дочу Болотбек Токтогоновго тапшырууда, Бишкек, 9-август.

14-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болду. Анда Кыргызстандын туусун дзю-дочу Болотбек Токтогонов көтөрүп чыкты.

Президент Роза Отунбаева Сингапурда өтө турган I жаштар олимпиада оюндарынын катышуучуларын кабыл алды, 9-август
14-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Кыргызстандык 8 жаш олимпиадачы жана алардын алты устатын өлкөнүн олимпиадалык командасынын баштоочусу Саламат Эргешов ачылыш аземинде атайын спорттук кийимдер, ак калпак менен баштап чыкты.

Жаштар олимпиадасынын ачылышында Кыргыз туусун дзю-до күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Болотбек Токтогонов көтөрүп чыкты.

Жалпысынан жаштар олимпиадасына катышууга 9 кыргызстандык спортчу жолдомо алган. Тилекке каршы кыздар арасында эркин күрөш боюнча жолдомо жеңип алган Айша Акбарованын жашы жетелектигинен аны Эл аралык күрөш федерациясы олимпиадага катыштырбай, жолдомосун алып коюшкан.

Кыргыз туусун Сингапурга көтөрүп барган 8 жаш олимпиадачылардын ысымдарын атап кетсек, грек-рим күрөшү боюнча балбандар Шадыбек Сулайманов жана Урматбек Аматов, боксчу Исломжан Далибаев, спорттун азыркы беш түрү боюнча Ильяз Бактыбеков, суучулдар Дмитрий Александров жана Екатерина Лысенко, дзюдочу Болотбек Токтогонов жана кайыкта сүзүү боюнча таймашка Руслан Молтаев катышат.

Сингапурга жөнөөр алдында президент Роза Отунбаева Бишкектеги жолугушууда Кыргызстандын туусун жаш спортчулардын командасынын капитаны, дзю-дочу Болотбек Токтогоновго тапшырып, өлкөнү татыктуу коргоп келгиле деп ак тилегин айтып узаткан.

Ошондой эле Кыргыз өкмөтү Сингапурдан жаштар олимпиадасында алтын медаль утуп, биринчи орунду ээлеп келген спортчуга 10 миң АКШ долларынан сыйлык белгиледи. Экинчи орун үчүн 8 миң доллар берилмек болсо, байгелүү үчүнчү орунга да 5 миң АКШ доллары берилет.

Президент Роза Отунбаева эгерде жаштар Сингапурдан жеңиш менен келишсе, мындан сырткары дагы баалуу сыйлыктар берилээрин убада кылган эле.

Сингапурга Кыргызстандын спорттук делегациясын өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмаз Касенов менен Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов жетектеп барышты.

Сингапурдагы оюндарда 15-августта алгач кыргызстандык грек-рим күрөш балбандары жана суучулдар өнөрүн көрсөтөт.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында, жаш олимпиадачылардан үмүт жандырганы грек-рим күрөшү, дзю-до жана бокс боюнча өспүрүмдөр:

-Биринчиден, салт болуп калган олимпиадага чейинки көрсөткүчтөрдү эске алыш керек. Ошондуктан биз дайыма анализ, талдоо кылабыз. Бүгүнкү күндө грек-рим күрөшү боюнча балбандарыбыздын көрсөткүчтөрү татыктуу. Ошондой эле бокс боюнча биздин спортчубуз Исломжан Далибаев акыркы жолу дүйнө чемпионатында 3-орунга ээ болгон. Дзю-до боюнча азиялык, дүйнөлүк биринчиликте мөрөй алган Болотбек Токтогоновго президентибиз Роза Отунбаева Сингапурга жөнөп жатканда Кыргыз туусун тапшырды. Ал дагы өлкө жетекчисинин ишенимин актоого аракет кылат деп ишенип турабыз. Ошондуктан эң негизги 4 спортчубузга биз тилек кылып, алар мөрөй алышына үмүттөнүп жатабыз.

Ташкентте өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык жаш балбан Урматбек Аматов 58 кг. салмакта бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталуу менен жаштар олимпиадасына жолдомо алган. Ал Сингапурга аттанаар алдында “Азаттыктын” кабарчысына даярдыгы жакшы экенин, Кыргызстандын намысын коргоого аракет кылаарын билдирген эле.

Дүйнөлүк жаштар олимпиадасынын ачылыш аземи Сингапурда 14-августта болуп өттү.

Олимпиадалык таймашуулар 15-авугустта башталып, 26-августка чейин созулат.

Эки жүздөн ашуун өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3,5 миңден ашуун жаш атлетчилер катышып, мөрөй талашканы турушат. Мелдештер спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча өтөт.

XS
SM
MD
LG