Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгеси үчүн мелдеш


Мелдешке Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын эки жүздөн ашуун спортчусу катышты.

Мелдешке Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын эки жүздөн ашуун спортчусу катышты.

Бишкекте олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган мелдеште Казакстан,Тажикстан жана Кыргызстандын жеңил атлетчилери мөрөй талашты.

10-сентябрь ишемби жана 11-сентябрь жекшемби күндөрү борбордогу “Спартак” стадионунда Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын эки жүздөн ашуун спортчусу олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгеси үчүн күч сынашты.

Мында командалык биринчи орунду казакстандык жеңил атлетчилер ээледи. Экинчи орунду кыргызстандык спортчулар жеңип алышты. Тажикстандын өкүлдөрү үч алтын байге утуп алуу менен үчүнчү катарда турушту.
Мелдешке катышкан топтор

Талас шаардык балдар спорт мектебинин жеңил атлетика боюнча машыктыруучусу Керим Өмүралиевдин пикиринде, даңазалуу жөө күлүктөр Сатымкул Жуманазаров, Айып Исаков, Тобокел Мамыров жана башкалар айылдан чыккан. Ошондуктан айылдык жеңил атлетчилерге, таланттарга басым жасоо менен ушундай мелдештерден сындан өткөрүп туруу зарыл.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, быйылкы 13-ирет өткөрүлгөн мелдешке 3 мамлекеттен сырткары Орусия, Иран, Ирак, Сирия, Израил, Кытай, Өзбекстан өлкөлөрүнүн спортчулары расмий чакырылган. Бирок алар өлкөдөгү саясый окуяларды шылтоо кылып турнирге келбей калышты.

- Жыл өткөн сайын мелдештин дагы деңгээли жогорулап бараткан эле. Бирок быйылкы өлкөдөгү саясый окуяларга байланыштуу чет мамлекеттерден спортчулар келбей калышты. Себиби бул мелдеш мурдакы жылдары май-июнь айларында өткөрүлүп турчу. Быйыл жайында өткөрүүгө мүмкүн болбоду. Ошондой эле кыргызстандык спортчулар командалык эсепте биринчи орунду ээлебей калышы мени дагы ойго салууда. Мелдештен кийин талдоого алып, машыктыруу усулдарын кайра иштеп чыгуу керек. Бул турнир Москва олимпиадасынын бийиктикке секирүү боюнча чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналганы менен анын спорттук ийгиликтерин баалап, урматтоо болсо, жаштарды чоң жарыштарда сыноо десек жарашат.
Мелдештин жүрүшүнөн.

Олимпиада чемпиону сыяктуу узундукка секирүүдө кыргызстандык жаш спортчу Талгат Абдрахимов 6 метр 35 см. аралыкка секирип, баш байгенин ээси болду. Кыздардан узундукка секирүү мелдешинде кыргызстандык Жаңыл Расулова жеңүүчү деп таанылды.

10 миң метр аралыкка чуркоодо кыргызстандык Эржан Аскаров марага биринчи келди. Ал 5 миң мертдик жарышта дагы экиничи орунду ээледи.

Алтын жана күмүш медаль тагынган таластык Эржан Аскаров жеңил атлетика менен машыкканына 2-3 жыл гана болгонун, айылдык жаштарга көңүл буруу керектигин “Азаттыкка” айтып берди.

- Атам жаш кезинде жөө күлүк болгон экен. Менден улуу эки эжем дагы жакшы чуркашчу. Алар спортко маани бербей, үй-жайлуу болуп калышты. Мен Таластагы мелдештерде гана мөрөй алып, Бишкекке келген эмес элем. Эки жылдан бери Бишкекте өткөн эл аралык мелдештерде жеңип, чуркоо менен машыгып жатам. Мен дагы алыс аралыктарда чуркайм. Москва олимпиадасында марафондук жарышта коло байге уткан даңазалуу жөө күлүк, маркум Сатымкул Жуманазаровдой болгум келет.

Казакстандык кыз-жигиттер командасы эстафеталык жарыштарда биринчи орунду ээлеп, жаңы чек койду.

100 метрге эркектердин жарышында казакстандык Григорий Володин марага биринчи келди. Кыздардын 100 метрге жарышында да баш байгени казакстандык Юлия Рахманова жеңип алды.

Кыргызстандык Дмитрий Назаров найзаны 56 метров 42 см. аралыкка алыс ыргытып, мелдештин баш байгесине арзыды.

400 метрге чуркоодо бишкектик Андрей Бушмелов жана 1500 мерге жарышты кыргызстандык Виктория Полюдина марага биринчи болуп келишти.

Эр-азаматтардын 1500 метрге жарышында да Бээжин олимпиадасынын катышуучусу, бишкектик Сергей Пакура биринчи орунду камсыз кылды.

Үч аттап секирүүдө бишкектик Дария Куплина, бийиктикке секирүүдө Александр Канапеленко, ядро түртүүдө Екатерина Старикова баш байгенин ээлери болушту.

Бул мелдештеги кыргызстандыктардын көрсөткүчтөрү устаттарга, адистерге коңгуроо катары кагылып, чеберчиликтерди жогорулатуунун зарылдыгын айгинеледи.

Узундукка секирүү боюнча олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова 1959-жылы 18-октябрда Аламүдүн айылында туулган. 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. Ал СССР спортунун чебери (1978-ж), СССР спортунун эл аралык класстагы чебери (1979-ж), жана СССР спортунун эмгек сиңирген чебери (1980-ж) деген ардак наамдарга арзыган. Татьяна Колпакова 1974-жылдан баштап жеңил атлетика менен машыккан.

1980-жылы Москвада 7 метр 6 см. узундуктан секирип, 22-Олимпидалык оюндардын чемпиону болгон.

Мындан сырткары ал Европанын Кубогуна жана Румыниянын борбору Бухарестте өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиадасына катышып, узундуктан секирүү боюнча биринчи орунду ээлеген. Кыргызстандын узундукка секирүү боюнча көп жолку чемпиону жана рекордчусу. Спорттогу ийгиликтери «Эл достугу» ордени менен бааланып, 20-кылымдын эң мыкты женил атлетчиси деген сыйлыкка татыктуу болгон. Мындан сегиз жыл мурда үйбүлөлүк шартына байланыштуу Орусияга көчүп кеткен.

Учурда Татьяна Колпакова Москва облусунун Королев шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп жатат.
XS
SM
MD
LG