Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Гуанжоуда кыргызстандык 2 балбан жарым финалга чыкты


Азия оюндары боюнча бүгүнкү таймаштарда грек-рим күрөшү боюнча 74 кг. салмактагы Данияр Көбөнов менен 96 кг. салмактагы Азамат Эркинбаев атаандаштарын утуп, жарым финалга чыгышты. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмаз Касенов “Азаттыкка” телефон аркылуу билдирди.

Бүгүн эртең менен 84 кг салмактагы Жанарбек Кенжеев дагы өз атаандашын жеңип, чейрек финалга чыкты. Алдыда кыргызстандык спортчулар фехтование, эркин күрөш жана аялдар күрөшү боюнча таймаштарда ат салышат. 21-ноябрда Жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпиону, 55 кг. салмактагы балбан Калыбек Жолчубеков күмүш медалга ээ болгон. Велоспорт жарышында Евгений Ваккер күмүш медалга жетип, кыргызстандык спортчулар үчүн байге эсеби ачылган.

XS
SM
MD
LG