Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Кыргыз балбандары Европа менен Азияны багындырууда


Кыргызстандын эркин күрөш боюнча жаш спортчулары Филиппинде өткөн Азия чемпионатынан кайтып келишти. Ал эми чоңдор курамасы Испанияда болгон “Гран-При” мелдешинен төрт медаль жеңди

Испаниянын борбору Мадрид шаарында эркин күрөш боюнча өткөн эл аралык “Гран-При” мелдешине 17 өлкөдөн 150 чакты балбандар катышышты. Турнирге Азия, Европа жана Америка аймактарынан спортчулар келип мөөрөй талашты.

Мелдеште Кыргызстандын намысын алты балбан коргоп, натыйжада Аял Лазарев атаандаштарынын баарын жеңип алтын медаль тагынды. Ушул эле маалда турнирдин финалдык бөлүгүнө чыккан Улан Надырбек уулу жана Азат Дөңбаев атаандаштарына жеңилип калгандыктан күмүш медаль тагынды. Ал эми үчүнчү орунга Михаил Захаров илинип мыктылыгын көрсөттү.

Жаштар арасында дүйнө чемпиону Улан Надырбек уулу өзүм жаңылып, жеңилип калдым дейт:

-Алгачкы беттеште Германиянын, андан соң Канаданын спортчусун жеңдим. Финалда Польша балбаны менен мөөрөй талашып жатып, бир аз каталык кетирип утулуп калдым. Бул мелдешке күчтүү өлкөлөр катышты. Алардын катарында биздин спортчулардын ийгилик жаман болгон жок.

Испанияда өткөн мелдештин жыйынтыгында Германия курамасы эки алтын жеңүү менен командалык эсепте биринчи орунга татыды. Канада спортчулары экинчи, ал эми кыргыз балбандары үчунчү орунга жетип коло кубоктун ээси болушту. Натыйжада Польша, Швейцария, Испания, Венгрия, Америка өлкөлөрү командалык эсепте артта калышты.

Эркин күрөш боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов, немис машыктыруучулары кыргыз балбандарына таң беришти дейт:

-Кыргызстандын командасы Европада үчүнчү орунду алганы өтө кубанычтуу болду. Мадридге барганда алгачкы беттеш немис спортчулары менен болду. Биздин спортчулардын бардыгы атаандаштарын жеңип, мени дагы таң калтырышты. Таймаш аяктаганда Германиянын машыктыруучусу келип колумду кысып, спортчулар мыкты экен, буларды кайдан таптың деди. Мен, Кыргызстандын тоосунан деп жооп бердим.


Үстбүздөгү жылдын алты айында Кыргызстандын эркин күрөш балбандарына спорт агенттиги тарабынан төрт миллион сом жумшалган. Буга чейин спортчулар бир нече жолу окуп-машыгуу курстарын өтүп, Азия чемпионатына дагы ийгилик жаратып келишкен.

Өлкөнүн алдынкы спортчулары Испаниядагы мелдеште күч сынашып жаткан маалда, эркин күрөштүн жаштар курамасы Филиппиндин Манила шаарында Азия биринчилиги үчүн мөөрөй талашып жатышты. Чемпионатка Азиянын 15 өлкөсүнөн 150 чакты спортчулар катышты. Натыйжада, жаш балбан Мирбек Абдылдаев күмүш медаль тагынса, Могомед Далаев коло медаль ээси болду. Ошондой эле алдынкы беш балбандын катарына Надырбек уулу Самат жана Ильгиз Жакыпбеков кошула алышты.

“Лондон-2012” олимпиадасына даярдыктарды азыртадан көрүп жатабыз дейт өз сөзүндө эркин күрөш федерациясынын башчысы Мелис Турганбаев:

-Сидней жана Афина олимпиадасынан кийин Кыргызстанда эркин күрөш начарлап калган. Себеби, ошол маалдагы өлкөнүн алдынкы балбандары спортту таштап кетишкен. Биз жалаң жаш спортчулар менен калганбыз. Ойлонуп көрүп, Орусиядан эки-үч балбанды чакырып атуулдук берип биздин атыбыздан чыгара баштаганбыз. Ошол жигиттердин арты менен бүгүнкү күндө жакшы ийгиликтерге жетип отурабыз. Алдыда жаңы олимпиадалык цикл башталды. “Лондон-2012” оюндарына даярдыктарды азыртадан көрүп жатабыз. Спортчулар өкмөт тараптан жакшы колдоолор болгондуктан алардын дагы кызыгуусу артууда.

Алдыда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасын Баку шаарында 17-21-июль күндөрү өткөнү жаткан “Алтын турнир” күтүүдө. Ага дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн гана эң мыкты атлеттер катышат. Андан соң Польшада эл аралык турнир, август айынын аягында болсо эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты кыргыз балбандарын күтөт.

XS
SM
MD
LG