Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

"Кара кыргыз" менен кыргыз балбандардын ийгилиги


"Кара кыргыз" деген ат менен белгилүү кыргызстандык мушкер Ален Офойе кикбоксингдин WBKF жааты боюнча Европанын чемпиону болду. Р.Санатбаевдин элесине арналган эл аралык мелдеште кыргыз балбандары төрт алтын медаль жеңишти.

  • "Кара кыргыздын" жеңиши


27-ноябрда Москва шаарынын "Арбат" клубунда өткөн беттешүүдө Евразия жана Азия чемпиону, Кыргызстан президентинин кубогунун ээси Ален Офойе “Гран-при К-1”, “Max 2008”, турнирлеринин жеңүүчүсү, тай боксу боюнча Белоруссиянын эки жолку чемпиону Замин Гусейнов менен күч сынашып 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Мелдештен соң Офойе бул беттешүү ал үчүн жеңил болгондугун жана өзүн абдан жакшы сезип жаткандыгын билдирген.

Офойе бул таймашка чейин жарым финалдык беттеште упайлардын эсеби менен тайбоксу боюнча 2008-жылдын дүйнө чемпиону Украиналык Евгений Пискаревду жеңип алган.

  • Кыргыз балбандары төрт алтын медаль жеңишти.

Балбан Раатбек Санатбаевдин элесине арналган эл аралык мелдешке төрт өлкөдөн жүздөн ашуун спортчу катышты. 55 кг салмакта өзбекстандык Шадмановду Арсен Эралиев жеңип кыргыз желегин желбиретти. Ал эми 66 салмагында Казакстандык Надыров чемпион болсо, 60 кг категориясында казак балбаны Кайратов аттандаштарынын баарын утта алды. 74кг салмакта өзбекстандык Азизбек Мурадов, 96 кг салмакта кыргызстандык Азат Эркибаев чемпион аталышып, ийгиликтин бийик сересине көтөрүлүштү. Бул турнирде 84 кг категориясындыгы мелдешке өзгөчө көңүл бурулду. Себеби Азиянын 2 жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин коло байге ээси маркум Раатбек Санатбаев дал ушул салмакта өлкө намысын коргоп келген.

Дене тарбия жана спорт агентигине караштуу Олимпиадага даярдык көрүү борборунун жетекчиси Касымкул Оболбеков мелдештин өтүшү тууралуу буларга токтолду:

- Балбан Раатбек Санатбаевдин элесине арналган бул турнир уюшкандык менен жакшы деңгээлде өттү. Мелдешке биз жаш спортчуларыбызды чыгардык. Эми алар келээрки Азия жана Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргошот. Арсен Эралиев, Азат Бейшебеков, Азиз Бейшелиев, Атай Койчукулов сыяктуу спортчулар катышып чоңдор арасында өздөрүн жакшы көрсөтүштү.

- Эмне себептен бул мелдешке Данияр Көбөнов, Канатбек Бегалиев, Жанарбек Кенжеев сыяктуу балбандар катышкан жок?

- Бээжин олимпиадасынын байге ээлери Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев азыр эс алышууда. Ал эми Данияр Көбөнов менен Жанарбек Кенжеев Америкада машыгып, окуу-тарбия иштерин өтүшүүдө. Баардык спортчулардын машыгуулары жаңы жылдан тарта календардык план боюнча жүргүзүлөт.

- Бул турнирде кыргыз балбандары 4 алтын жеңишти. Медалдардын саны аз эмеспи?


- Бул турнирге коңшу өлкөлөрдүн чемпиондору, Азия жана дүйнө биринчилигинин байге ээлери катышты. Ошондуктан биздин жаш балбандарга оңой болгон жок. Алар өздөрүн жакшы көрсөтө алышты.

  • 1-6-декабрда Кожомкул атындагы спорт сарайда баскетбол боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтөт.

  • 6-декабрда Кант шаарынын Олимпиадага даярдык көрүү борборунда кичи-футбол боюнча чемпионат болот. Мелдешке биринчи лигадагы 20 командасынын катышышы күтүлүүдө.

  • Ушул эле күнү “Абдыш-Ата” спорт комплексинде кичи-футбол боюнча ардагерлер арасында Бишкек жана Чүй облусунун биринчилиги өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG