Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

“Дордой-Динамонун” Түркиядагы машыгуусу аяктады


"Дордой-Динамо" - Кыргызстандын беш жолку чемпиону
"Дордой-Динамо" - Кыргызстандын беш жолку чемпиону

"Дордой” Анталиядагы 10 күндүк даярдык маалында Орусиянын биринчи дивизионундагы “Волга” клубу, Москванын “Динамо” командасынын жаштар курамасы менен беттешти. Оюндар тең чыгуу менен аяктады.

Кыргызстандын беш жолку чемпиону Швейцариянын “Базель” командасы менен жолдоштук беттешүү өткөрүп 6:1 эсебинде “Дордой-Динамо” клубу жеңилүүгө учурады. Ошондой эле нарындыктар 21-февралда Белоруссиянын “Динамо” командасы менен таймашып 3:2 упай менен Минск шаарынын клубу ийгиликке жете алды. “Дордой-Динамонун” акыркы оюну Австриянын биринчи лигасындагы “Sportverein Scholz Grodig” командасы менен болуп 2:1 эсебинде нарындыктар жеңүүчү аталышты.

Футбол боюнча Кыргызстандын вице-чемпиону “Абдыш-Ата” Түркмөнстан президентинин 15-кубогунда күч сынашууда


Турнирдин ачылышында Ашхабаттын “МТТУ” клубу Ирандын Гомбат-Кавус шаарынан келген “Хемат” командасын 4:0 эсебинде жеңүүгө жетишти. Ушул эле “А” тобунда экинчи беттешүү “Абдыш-Ата” менен Латвиянын “Сконто” клубунун ортосунда жүрүп оюн 0:0 упайы менен аяктаган.

22-февралда “Абдыш-Ата” клубу талаа ээлери болгон “МТТУ” футболчулары менен мөөрөй талашып 2:1 эсебинде жеңилүүгө учурады. Эми алдыда Абдыш-Ата клубу Ирандын “Хематы” менен оюн талаасына чыгат. Финалдык беттешке чыгуу үчүн канттыктар чоң ажырым менен жеңишке жетиши керек болот.

23-февралда Бишкек шаарындагы “Аккула”ат майданында көк-бөрү боюнча турнирдин финалдык беттешүүсү болуп өттү

Ички иштер мнистрлигинин кубогуна арналган бул мелдеш беш күнгө созулуп, ага 13 команда катышты. Финалдык беттешүү ИИМдин “Бөрүлү”командасы менен мамлекеттик автоинспекциянын спортчуларынын ортосунда болуп 9 упай артыкчылыгы менен “Бөрүлү” улакчылары чемпион аталышты. Үчүнчү орун үчүн болгон таймашта Талас областык ички иштер башкармалыгын 8:4 эсебинде “Дордой” командасы жеңди.

Чемпион аталган "Бөрүлү" командасы “Ваз-2107” үлүсүндөгү автоунаа жеңип алса, экинчи орун ээлерине 150 миң, үчүнчүгө татыктуу болгондор 100 миң сом байгелүү болушту.

Хоккей чемпионатында Бишкек спортчулары ийгилик жаратышты

Шайба хоккейи боюнча чемпионат эки күнгө созулуп, мелдеш шаардык муз майданда болуп өттү. Турнирге Бишкек жана Ысык-Көлдүн курама командалары, Жумгалдын “Эркин-Фарм”, Нарындын “Дордой Ала-Тоо” клубтары катышып мөөрөй талашты.

Финалдык беттешүү 22-февралда өтүп Бишкек шаарынын курамасы менен Чаектин “Эркин-Фарм” клубунун ортосундагы оюн курч мүнөөздө өттү. Натыйжада 7:3 эсебинде борбор калаанын оюнчулары чемпион аталып, атайын Кубок менен сыйланды. Ал эми чемпионаттын коло медалы Нарындын “Дордой Ала-Тоо” клубуна ыйгарылды.

Кыргыз хоккейи келечектүү деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков "Азаттыка" билдирди:

- Совет доорунда Кыргызстанда топ менен ойнолчу хоккей жакшы жолго коюлган эле. Андан берки жылдары Жумгал районунда шайба хоккейи өнүгө баштады. Жумгал элине рахмат, алар хоккей турнирин өткөрүшүп дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн алышты. Мына баш калаада муз майданы курулгандан бери биринчи жолу Бишкектин чемпионаты болуп өттү. Бул аябай кубанычтуу жаңылык болду. Менимче кыргыз хоккейинин келечеги кенен.

- Бул спортчулардын мыктыларын иргеп жакшы курама команда түзсө болобу?

- Кыйратабыз, баарын жеңип алабыз дегенден алысмын. Бирок бул иштин башталганы мени сүйүндүрүп жатат. Карап көрсөңөр, Бишкек командасынан улгайган спортчулар хоккей ойношууда. Алар илгери машыгып жүргөн оюнчулар экен. Ал эми Жумгалдын хоккейчилери жаш спортчулар. Алар кичинесинен бери муз аянтында өсүп, хоккей менен аралашып жүрүшөт. Ошондуктан биз жаштарга көңүл бурушубуз абзел. Чемпионаттын көрүүчүлөрүнүн катарында өспүрүмдөр көп экен, алар бүгүн хоккейди көрүштү, эми алар эртеңден баштап машыгууга келишет деген үмүттөмүн.


Спорт жаңылыктарынан бир үзүм:

  • 24-25-февралда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын спорт борборунда, жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.
  • 25-28-февралда Кыргыз республикасынын президентинин иш башкармалыгынын спорт борборунда сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын кышкы чемпионаты болот.
  • 27-февралда аялдар арасында шахмат боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өтөт.
  • 27-29-февралда “Кыргызстан-Казакстандын” өспүрүмдөрүнүн арасында шахмат боюнча жолдоштук беттешүү болмокчу.

XS
SM
MD
LG