Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Кыргыз балбандары Ташкенден беш медаль жеңишти


Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курамасынын балбандары Өзбекстанда өткөн "Голден Гран-При" мелдешинен беш коло медаль утуп келишти.

Өлкөнүн жаш спортчулары Каныбек Жолчуев, Азиз Бейшалиев, Асылбек Бөдөшов, Курал Ордобаев жана Азат Эркинбаев өз салмактарында атаандаштарын жеңип баары тең даражалуу үчүнчү орунга татышты. Мелдешке Иран, Орусия, Белорусия, Кытай, Япония сыяктуу 13 өлкөдөн эң мыкты балбандар келип чемпиондук үчүн ат салышты.

Футбол боюнча Кыргызсандын чемпионаты башталды.

18-апрелде Спартак стадинонунда футбол боюнча Кыргызстандын XVIII чемпионаты башталды. Быйылкы чемпионатка өлкөнүн ар аймактарынан тогуз команда катышканы турат. Алар адегенде бири-бири менен экиден оюн өткөрүшөт. Андан соң финалдык бөлүкө биринчилике жеткен төрт команда чыгып өз ара таймашмакчы. Быйылкы сезондо Дордой-Динамо" (Нарын), "Плаза" (Бишкек), "Абдыш-Ата" (Кант), Алай (Ош), "Жаштык-Ак-Алтын" (Кара-Суу), "Шер" (Бишкек), "Кант", "Ата-Спор" (Сокулук) жана "Камбар-Ата" (Бишкек) клубдары өлкө чемпиондугу үчүн күч сынашат.

Алгачкы оюн “Дордой” менен “Плаза” командасынын ортосунда өтүп Нарындын клубу 4:0 эсебинде жеңишке жетти. Ошондой эле “Алай" командасы “Жаштык-Ак-Алтынды” 1:0 эсебинде утууга жетишти. Оюн күз айларына чейин уланып өлкө чемпиону ноябрда белгилүү болот.

Кыргызстандын футбол федерациясынын мелдештерди өткөрүү бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Дүйшөбаев быйылкы чемпионаттын өзгөчөлүгү тууралу сөз кылды.

- Быйыл Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатын “супер-лига” деп атадык. Мелдеш 18чи ирээт өткөрүлүп жатат. Алгачкы оюндар ишемби, жекшемби күндөрү болуп өттү. Командалардын көрсөткүчтөрү дагы жакшы болот деген ойдомун.

- Быйылкы чемпионатка клубдар кандай даярдыктар менен чыгышууда?

- Азыр “Дордой-Динамо” клубун Орусиялык, “Абдыш-Ата” командасын Голандиялык, “Ата-Спор” футболчуларын туркиялык адистер машыктырып жатышат. Ал эми командалардын курамында Орусия, Түркменстан, Гана, Туркия, Өзбекстан, Нигерия өлкөлөрүнөн келген легионерлер бар. Алар менен бирге өлкө чемпионаты кызыктуу өңүтө болот деген ойдомун.

- Кыргызстандын чемпиону аталган команда кайсы мелдештерге катышат?

- Чемпиондор ноябрь айынын башында аныкталып калат. Алтын медаль ээси аталган клуб келээрки жылы “Шериктештик” кубогунда жана АФК президентинин байгесине арналган мелдештерге катышуу мүмүнчүлүгүнө ээ болушат.

Спорттон куш кабар:
  • 21-25-апрелде Бишкек шаардык спорт борборлордо жазгы спартакиаданын финалдык оюндары өтөт.
  • 23-26-апрелде бел кур күрөшү боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты Свердлов райондук спорт мектебинде болот.
  • 24-25-апрелде шаардык гүл багында жеңил атлетика боюнча жазгы жарыш өтмөкчү.
  • 24-25-апрелде Шераалы Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдер окуу жайында эркин күрөш боюнча уландар арасында өлкө чемпионаты болмокчу.
  • 25-26-апрелде №99 лицейде будо-каратэ боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги болот.
  • 25-апрелде “Спартак” стадионунда жеңил атлетика боюнча Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган эл аралык мелдеш өтөт.

XS
SM
MD
LG