Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Кыргызстандык суучулдар Испаниядан олжолуу кайтышты


18-24-октябрга чейин Жалал-Абад шаарында улуттук оюндар боюнча бешинчи спартакиада өттү. Мелдешке өлкөнүн ар аймактарынан командалар катышып, көк-бөрү, ат чабыш, кыз-куумай, тогуз коргоол, күрөш жана спорттун башка түрлөрү боюнча күч сынашты.

Анда кыз-куумай оюнунан Ысык-Көл курамасы, ал эми балбандардын күрөшүнөн жана көк-бөрү мелдешинен Бишкек шаарынын спортчулары жеңүүчү болуп аталышты. Улак тартышта Нарын облусу экинчи, Баткен командасы үчүнчү орундарга татыды.

Улуттук оюндардын спартакиадасы өлкөнүн аймактарында спортту көтөрүү жана жайылтуу максатын көздөп, коомчулукту дени сак жашоого үндөө максатында уюштурулган.

Кыз-келиндер футбол боюнча өлкөнүн 5-чемпиону аныкталды

14-18-октябрга чейин улуттук футбол борборунда аялдар командасынын ортосунда мелдеш өттү. Өлкөнүн онго жакын командаларынын ортосунда өз ара таймаш өткөрүлүп, топтолгон упайлардын негизинде “Азалия” клубу чемпион наамынын ээси болду.

Ал эми экинчи орунга Караколдун “Жылдыз” командасы жетсе, коло медалдын ээси болуп Канттын “Абдыш-Ата” командасы аталды.

Чемпионаттын мыкты футболчулары болуп Светлана Покачалова, Шахноза Калиходжаева, Батма Көчкөнбаева аталса, эң жаш жана мыкты оюнчу наамына Рамина Цой татыды.

Испаниядан бир алтын, эки күмүш жеңген суучулдар

Өткөн аптада Испаниянын Палма де Майорка шаарында атайын Олимпиада жаатындагы сууда сүзүү спортунан Европанын чемпионаты өттү. Мелдешке 32 мамлекеттен 324 мүмкүнчүлүгү чектелген спортчу катышып, күч сынашты.

Анда Кыргызстандын намысын төрт атлет коргоп, Боронина Светлана 25 метрге чалкалап сүзүүдө алтын медал жеңип, чемпион наамын алды. Ошондой эле Александр Михайлюк 25 метрлик аралыкта, Адилет Маратбеков 50 метрге чалкалап сүзүүдө күмүш медалдын ээси болушту. “Суучул атлеттерибиз бул чемпионтка жеңишке жетебиз деген максат менен катышты” дейт машыктыруучу Татьяна Нечаева.

- Биздин балдар үч ай аралыгында сууда сүзүүгө үйрөнүштү. Алар бул мелдештин маанилүү экенин түшүнүп жатышты. Мелдеште чемпион аталган Света Боронина “мен Кыргызстан үчүн жеңишке жетем” деп сөз берип, көздөгөн максатына жетти. Ал башынан эле жеңүүчү болом деп өзүнө ишенип келген. Негизинен бул балдар мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, көп эмгектенишет. Мага алар менен иштешүү чоң кубаныч болду. Бизди келерки жылдын май айында Азия оюндары күтүүдө. Бул мелдеште мындан ары да командабыз менен катышсак деген максатыбыз бар.

Спорттук иш-чаралардан бир шиңгил жаңылыктар

27-30-октябрда Оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

29-октябрь – 1-ноябрда өспүрүмдөр арасында бокс боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги болот.

30-октябрь – 1-ноябрда Дзюдо күрөшү боюнча Президенттин Кубогуна арналган Эл аралык турнир өтмөкчү.

24-октябрда кыргызстандык профессионал мушкер Айбек Жээнбеков Орусиянын Владикавказ шаарында 8 раундук таймашка чыгат.
XS
SM
MD
LG