Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Азия оюндары: кыргыз балбандар алтын медал алышты


Вьетнамдын Ханой шаарында жабык имарат ичинде үчүнчү Азия оюндары өттү. Бул мелдеш спорттун 30 дисциплинасынан өтүп, кыргыз атлеттери бий спортунан, бел кур күрөшүнөн, сууда сүзүүдөн жана жеңил атлетика сыяктуу спорттун төрт түрү боюнча өлкө намысын коргошту.

Анда жеңил атлетика менен сууда сүзүүдөн чоң ийгиликтер жаралбаганы менен, бел кур күрөшүнөн Темирлан Салават уулу жана Арсений Фуфачев өз салмактарында алтын медал жеңип алышты. Ал эми бийчилердин бир түгөйү коло медалга жетсе, экинчи түгөйлөрү төртүнчү орунга ээ болушту.

Кыргыз дзюдочулары Азия чемпионатынан байгелүү кайтышты

Дзюдо боюнча Кыргызстан курамасы үчүнчү уландар арасындагы, 10 жаштар арасындагы Азия чемпионатына катышып келишти. Ливандын Бейрут шаарында өткөн мелдеште 55 өлкөнүн спортчулары күч сынашты. Анда өлкө балбандары алтын медалга жете алган жок, бирок уландар арасында Алишер Шекербек уулу күмүш, Арген Бакытбек уулу коло медал жеңип алды.

Жаштар арасында болсо Руслан Жаныбек уулу, Юрий Краковецкий жана Болот Токтогонов чоң сыноолордун негизинде үчүнчү орунга ээ болушту. Ошондой эле кыздар арасында Мээрим Момунова чемпиондук тепкичке бир кадам жетпей күмүш медал тагынды.

Футзал курамасы Азия-2010 мелдешине жолдомо алышты

Кичи футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2010-жылы өтө турган Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө жолдомо жеңип алды. Вьетнамдын Хошимин шаарында өткөн тандап алуу мелдешинде кыргыз футболчулары Ооганстанды 8:3, Тажикстанды 3:2 эсебинде утуп, Түркмөнстан менен 2:2 эсебинде тең чыгып, группа ичинде биринчи орунга ээ болду.

Азия-2010 чемпионаты Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. Мелдештин финалдык бөлүгүнө Жапония, Таиланд жана Иран курамалары тандоосуз жолдомо алышкан.

“Дордой-Динамо” - футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону

Нарындын “Дордой” клубу менен “Абдыш-Ата” командасы алтын оюнда күч сынашты. Чечүүчү таймаш 15-ноябрда “Спартак” стадионунда өттү. Мелдештин жүрүшүндө “Абдыш-Атанын” футболчусу Антон Землянухин жакшы оюн көргөзүп атаандаштарынын дарбазасына эки гол киргизди.

Ал эми “Дордой” тараптан Вадим Харченко, Девид Тэтте жана Максим Кретков айырмаланып, бирден упай алышты. Натыйжада 3:2 эсебинде Нарындын “Дордой-Динамо” клубу жеңишке жетип, алтынчы ирээт чемпион наамына татыды.

Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаев чемпионаттын кадыры жылдан жылга өсүүдө деген пикирде.

- Быйылкы футбол чемпионатында тогуз командадан турган курамалар күч сынашты. Мелдеш эки этап менен өттү. Биринчи бөлүктө командалар бири-бири менен мөөрөй талашты. Ал эми экинчи этапка эң көп упай топтогон “Алай”, “Абдыш-Ата”, “Дордой-Динамо” жана “Жаштык-Ак-Алтын” сыяктуу төрт команда чыгып, өз ара таймаш өткөрүштү. Финалдык таймаш Чүй менен Нарын командаларынын ортосунда өтүп, “Дордой-Динамо” 3:2 эсебинде “Абдыш-Атаны” жеңип алды.

“Азаттык”: Учурда Кыргызстандагы футбол клубдарынын жана оюнчулардын деңгээли кандай?

- Жогорку лигадагы командаларыбыз эки топко бөлүндү деп айтсак болот. Биринчи группада профессионалык деңгээлде оюн көргөзүп жаткан клубдар, алардын катарына финалдык бөлүккө чыккан төрт команданы кошсок болот. Ал эми экинчи группадагы командалардын катарына жаңыдан өнүгүү жолуна түшкөн клубдарды кошсок болот. Оюнчуларыбыздын деңгээли да жакшы. Футболчуларыбыздын мыктылары Европада оюн көрсөтүшүүдө. Алсак Азамат Байматов Латвияда, Эмил Кенжесариев Казакстанда жакшы оюн көрсөтүп жатышса, Марсел Исламкулов менен Ахледдин Исраилов Украинанын “Динамо-Киев” клубунда тажрыйбасын жогорулатууда. Учурда Түркиянын “Галата-Сарай” командасынын жетекчилиги кыргыз футболчулары менен таанышууда. Жакында жаш футболчуларыбыз Түркияда да ойноп калышы мүмкүн.

Спорт жаңылыктары:

19-20-ноябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда оор атлетика боюнча Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш болот.

21-22-ноябрда кичи футбол боюнча жогорку лигадагы командалар арасында Бишкек шаарынын чемпионаты өтөт.

21-ноябрда “Төө-Ашуу” лыжа базасында кышкы сезондун ачылышы болуп, анда лыжа жана сноуборд боюнча мелдеш өтмөкчү.

22-ноябрда №99 окуу лицейинде ашихара-карате боюнча Кыргызстандын чемпионаты болот.
XS
SM
MD
LG