Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Спорт: Ваккер Ирандан Тайвандын командасына кетти


Кыргызстан курамасынын велоспортчусу Евгений Ваккер
Кыргызстан курамасынын велоспортчусу Евгений Ваккер

Кыргызстан курамасынын велоспортчусу Евгений Ваккер жаңы команданын катарында. Буга чейин Ирандын “Азад” клубунда жарышка түшүп келген Евгений быйылкы жылдын сезонунан тарта Тайвандын “Giant” командасынын намысын коргойт.

Ваккердин машыгуусу январь айында Ысык-Көлдө башталып, февралда Индияда, март айында Тайванда өткөнү турган вело жарышка катышат. Апрель айында кайрадан Кыргызстандын атынан Азия чемпионатында күч сынашат.

2009-жылдын мыкты спортчулары аныкталды

Жылдын алдыңкы атлеттери Бишкек мэриясы тарабынан сыйланып, ардак грамота жана атайын белектердин ээси болушту. Эл аралык аренада ийгилик жаратып, өлкө намысын коргошкон грек-рим, эркин, дзюдо, самбо күрөшүнөн он чакты, бокс, жеңил атлетика, сууда сүзүү жана биатлон түрлөрүнөн бирден спортчулар жылдын мыкты атлети аталышты. Ошондой эле мыкты машыктыруучу наамы дагы бир нече спорт устаттарына ыйгарылды.

Кыргызстандын мыкты футболчусу деп Даниэл Тагое аталды

2009-жылы өлкөнүн Жогорку лигасында 8 команда күч сынашты. Чемпиондук наамды алтынчы ирээт “Дордой-Динамо” командасы жеңип алды. Муну менен катар клубдун оюнчусу Даниэл Тагое жылдын мыкты футболчусу аталса, Вадим Харченко жылдын жарым коргоочусу, Максим Кретков алдыңкы чабуулчусу деп табылды.

Чемпионаттын күмүш медал ээси аталган “Абдыш-Ата” клубунан Максим Агапов мыкты дарбазачы, Антон Землянухин алдыңкы чабуулчу аталса, Роман Абакимов мыкты коргоочу наамына татыктуу болушту. Андан тышкары кыз-келиндер футболунан жана кичи футболдон дагы алдыңкы оюнчулар жылдын мыктысы аталды.

Кыргызстан курамасы Ванкувер Олимпиадасына даярданууда

Учурда өлкөнүн эки атлети Канадада өткөнү турган Олимпиада оюндарына даярдык көрүүдө. 10 чакырым аралыкка лыжа тебүү боюнча Ольга Решеткова жана гиганттык слалом мелдешинде Николай Трелевский Кыргызстандын намысын коргойт.

Учурда дагы бир спортчу Андрей Ваккурин сноуборд боюнча Европада жолдомо алуу үчүн күч сынашууда. Эгер ал дүйнөдөгү 25 сноубордчунун катарына кирсе, Олимпиадага катышуу укугуна ээ болот. 21-Кышкы олимпиадалык оюндар Канаданын Ванкувер шаарында 12-28-февраль күндөрү өтөт. Анда атлеттер спорттун жети түрүнөн 15 дисциплина боюнча күч сынашат.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин өкүлү Канат Арпачиев Ванкувер Олимпиада оюндарына даярдык жана өлкөдөгү кышкы спорттун абалы тууралуу сөз кылды.

Канат Арпачиев: Учурда курама командабыздын эки өкүлү Олимпиадага жолдомо алышты. Дагы бир сноубордчубуз Европадагы мелдештерге катышып, жолдомо үчүн мөөрөй талашууда. Ал спортчубуз дагы ийгиликке жетет деп үмүттөнүп турабыз. Эгер үч спортчубуз бул оюндарга жолдомо алса, биз үчүн жакшы жетишкендик болмок. Кандай гана болбосун 5-февралда Кыргызстан курамасы Канадага жөнөшөт.

“Азаттык”: Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрүнө көңүл бурулуп жатабы?

Канат Арпачиев: Бул багытта акырындан иштер жүрүүдө. Алсак, хоккей спорту жандана баштады. Өткөн жылдан тарта Бишкектеги муз майдандарда мелдештер өтүүдө. Ошондой эле көркөм муз тебүү спортуна дагы көңүл бурулууда. 2012-жылы Казакстандын Костанай шаарында кышкы спорт түрлөрүнөн Азия оюндары өтөт. Мүмкүн бул оюндарга хоккейчилер дагы катышып калаар.
XS
SM
MD
LG