Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

2009-жылдын мыкты коргоочусу аталган “Абдыш-Атанын” футболчусу Роман Аблакимов Туркиянын “Хажеттепеспор” клубунун катарында алгачкы оюнун өткөрдү. “Дордой-Динамонун” чабуулчусу Мирлан Мурзаев Орусиянын “Локоматив” командасынын курамына кошулганы турат.

Мирлан Мурзаев азыркы маалда Анталияда клубдун оюнчулары менен бирге машыгууда. 2009-жылдын чабуулчусу Максим Кретков учурда Орусиянын “Спартак” жана “Сатурн” клубдарынын сынынан өтүүдө.

“Пахтакор” жаштарынын Бишкектеги жеңиши

Бишкекте футбол боюнча уландар арасында биринчи Эл аралык турнир өттү. Мелдеш төрт күнгө созулуп, ага Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан беш команда катышты. Оюндун жыйынтыгында 12 упай топтогон Ташкендин “Пахтакор” клубу жеңүүчү аталды. “Абдыш-Атанын” жаштары үчүнчү орунга татыды.

Бул мелдештин жыйынтыгы боюнча өспүрүмдөр курамасына алдыңкы оюнчулар кабыл алынып, март айында Ташкенде өтө турган Азия Футбол Конфедерациясынын фестивалына катышмакчы.

“Дордой-Динамо” Бишкектин намысын коргойт

Буга чейин Нарындын командасы аталып келген клуб эми Бишкектин атынан чыгат. 1997-жылы уюшулгандан тарта “Дордой-Динамо” командасы Бишкекте машыгып, Нарын шаарында бир нече гана жолдоштук беттешүү өткөрүшкөн. Клубдун башчысы Аскар Салымбеков бул кадам “Дордой-Динамонун” күйөрмандарынын көбөйүшүнө жана футболдун өнүгүшүнө өз салымын кошот деп эсептейт.

2010-жылдын дзюдо чемпиондору аныкталды

Кожомкул атындагы спорт ордодо Кыргызстандын ар аймактарынан келген 19 команданын катышуусунда өлкө чемпиондору аныкталды. Мелдеш эркектер арасында сегиз, аялдар арасында алты салмак боюнча өттү.

Натыйжада Эдил Беккулов, Азат Кубакаев, Ислам Баялинов, Алимбек Жусупов, Чыңгыз Мамедов, Айбек Бекболаев жана Юрий Краковецкий өз салмак категорияларында алтын медал тагынышты.

Кыз-келиндер арасында Айзада Жаналиева, Салтанат Ахмеджанова, Елена Проскуракова, Асель Бекбосунова, Нагира Сарбагышова, Фатима Розахунова Кыргызстандын чемпиону наамынын ээси болушту.

Республикалык дзюдо борборунун жетекчисинин орун басары Авас Тынаев мелдеш жакшы деңгээлде өткөндүгүнө токтолду.

- Бул дзюдо чемпионатына 230га жакын спортчу катышты. Турнирге Талас жана Баткен аймактарынан гана балбандар келген жок. Учурда бул облустарда курама командалар түптөлүүдө. Негизинен бул жолу да эки-үч салмакты эсептебегенде, өткөн жылкы чемпиондор ийгилике жетишти. Ал эми үчүнчү орунду алсак, жаш спортчулардын көрсөткүчү жакшы. Келечекте дал ошол балбандар курама команданын катарын түзөт деген ойдобуз.

“Азаттык”: Бул жылы Кыргызстан курамасын кайсы мелдештер күтүүдө?

- Жаз айында Европада чоң мелдештер болот. Биздин спортчулар Германияда, Францияда өтө турган турнирлерге катышат. Жай мезгилинде Сингапурда жаштар арасында биринчи Олимпиада өтөт. Күзүндө болсо Азия оюндары кыргыз дзюдочуларын күтүүдө.
XS
SM
MD
LG