Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Спорт: Хоккей мелдеши башталат


2009-жылы, 22-февралда Кыргызстанда Хоккей боюнча алгачкы ачык чемпионат өткөн.

2009-жылы, 22-февралда Кыргызстанда Хоккей боюнча алгачкы ачык чемпионат өткөн.

Кыргыз хоккейчилери 2011-жылы Казакстанда өтө турган кышкы Азия Оюндарынга чакыруу алышты. Быйылкы хоккей мелдешинин ачылышы январь айынын аягында Чаек айылындагы “Шортон” муз аянтында башталат. Андан кийинки таймаштар Нарында өтүп, чечүүчү турнирлер Бишкек шаарында уланат.

Бул турнирлерде Жумгал районунан төрт команда, Нарындан, Караколдон, Чолпон-Атадан бирден жана Бишкек шаарынан эки клубдун мөөрөй талашы күтүлүүдө. Ошол эле маалда коңшу Алмата шаарынын хоккей клубу менен жолдоштук беттешүү да өтмөкчү.

Бул иш-чара хоккей спортун өнүктүрүү максатын гана көздөбөстөн, курама командага спортчуларды чогултуунун алгачкы аракети болмокчу, дейт Хоккей федерациясынын башчысы Мурат Жакыпов:

- Быйылкы хоккей сезону Жумгал районунда башталат. Жалпы жонунан алты-жети мелдештин өтүшү күтүлүүдө. Ошол эле маалда өсүрүмдөр арасында да турнир өткөрсөк деген максатыбыз бар. Быйылкы сезондогу оюндардын жыйынтыгы боюнча курама командага хоккейчилерди кабыл алсак деген максатыбыз бар. Бир нече жылдан берки эмгектин натыйжасында биз ири мелдешке чакыруу алдык. 2011-жылы Казакстанда өтө турган Жетинчи кышкы Азия оюндарына катышканы турабыз. Буйруса, жакшы оюндар алдыда болот.

Азия аймагында Жапония, Кытай, Түштүк жана Түндүк Корея, Казакстан сыяктуу өлкөлөр хоккей спортунда алдынкы катарда турушат. Негизинен бул Кышкы Азия оюндарында 20 чакты команда муз майданда мөөрөй талашат. Эми алардын катарында кыргыз спортчулары да болмокчу.

Мындан ары спорттун бул түрүнө жакшы көңүл бурулуп, каржыланып да турмакчы дейт Дене тарбия жана спорт агенттигинин башкы адиси Канат Арпачиев:

- Жакында эле Хоккей федерациясы спорт агенттигинен каттоодон өттү. Учурда каржылоо жагы да каралууда. Азыркы маалда курама команда толук бойдон бар деп айтуу кыйын. Оюнчуларды тандап, аларга шарт түзүп, машыгууларды өткөрүшүбүз керек. Бул спорт жаңыдан бутуна турууда.

“Дордой-Динамо” Москвада мөөрөй талашууда


“Шериктештик” Кубогунун 2010-жылкы чемпионатында КМШ жана Балтика өлкөлөрүнөн 16 клуб таймашууда. Төрт топко бөлүнгөн командалардын ортосунда учурда курч оюндар өтүүдө.

Мелдеште Кыргызстандын намысын өлкөнүн алты жолку чемпиону “Дордой-Динамо” коргоодо. “А” тобунда мөөрөй талашкан Бишкектин футболчулары алгач Беларустун “Днепр” клубунан 3:1 эсебинде жеңилсе, экинчи оюнда Орусиянын “Рубининен” 2:0 упайы менен утулуп калды.

Эми алдыда “Дордой” оюнчулары финалдык бөлүккө чыгуу үчүн Латвиянын “Металлург” командасын ири айырмачылык менен жеңиши абзел. Ошол эле маалда Беларустун чемпиону Орусиянын “Рубинин” утушу керек.

“Дордой-Динамонун” машыктыруучусу Сергей Дворняков мындай жыйынтыкты кураманын алсыздыгы менен түшүндүрүүдө. Эскерте кетсек клубдун алдыңкы оюнчусу Мирлан Мурзаев “Локомотивдин” катарында машыгууда. Ал эми легионерлер Дэвид Тетте менен Дэниэл Таго эч кандай түшүндүрмө бербестен Тажикстандын командасына өтүп кетишкен.

Ксения Палкина
Ксения Палкина “Australian Open” мелдешинен четтеп калды

Эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келген чоң тенисчи Ксения Палкина “Чоң шлем” мелдешинин тандап алуу оюнунда жеңилүүгө учурады.

Австралиянын Мелбурн шаарында өткөн бул турнирге дүйнөнүн чар тарабынан 96 катышуучу чакырылган. Мелдештеги алгачкы таймашында Палкина Жапониянын күчтүү спортчусу менен кортко чыгып 6:4, 6:3 эсебинде утулуп калды.

Ксения утулуп калгандыгына карабастан кийинки мелдештерге даярдык көрүүдө. Ал мындай жеңилүүлөрдөн да сабак алышы керек, деп билдирди машыктыруучусу Марина Палкина.

Ксения эки жыл убакыттан бери профессионалдык тенис майданында күч сынашууда. Ал учурда дүйнөлүк WTA рейтингинде 192-орунду ээлеп турат.

Спорт иш-чараларынан бир шиңгил кабар:

21-25-январда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Анатолий Грибановдун элесине арналып, волейбол боюнча аялдар клубдарынын арасында турнир өтөт.

22-январда Кант шаарындагы спорт борбордо кичи футбол боюнча Казакстандын ачык чемпионаты болот.

22-24-январда Казакстандын Павлодар шаарында бир тууган Ярмоленколордун элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык мелдеш өтмөкчү. Мелдеш 1993-1994-жылкы өспүрүмдөр арасында болот. Анда Кыргызстандын намысын жети спортчу коргойт.

"Азаттыктын" архивинен: Испандардын купулуна толгон Эрбол

“Абдыш-ата” футбол клубунун 8 жашар оюнчусу Эрбол Атабаев Испаниянын “Реал” клубунун футбол Академиясынын сынагынын биринчи этабынан өттү.

XS
SM
MD
LG