Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Кыргызстанга советтик хоккейдин дөө-шаалары келди


Курамында СССРдин “Алтын хоккей таякчасынын” ээси Сергей Макаров, оюнчулардан Юрий Ляпкин, Александр Якушев, Владимир Лутченко сыяктуу спортчулар болушту. Алар алгач Бишкектин “Хан-Теңири” клубу менен таймашып, 7:2 эсебинде жеңишке жетишти.

Ардагерлер командасы кыргыз хоккейинин мекени болгон Чаек айылына барып, райондун курамасы менен таймашып, бул ирээт дагы 5:2 эсебинде ийгиликке жете алышты. Бул иш-чара Кыргызстанда хоккей спортун өнүктүрүү жана жайылтуу максатын көздөгөндүгүн топтун өкүлдөрү билдиришти.

В.Шевченко кезектеги таймашта жеңүүчү аталды

Тай боксу боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Валентина Шевченко 28-январда Таиланддын Пхукетта шаарында өткөн тай боксу боюнча профессионалдар арасындагы мелдеште жеңишке жетишти. Негизи бул таймаш беш бөлүктөн туруп, ар бир раунд эки мүнөткө созулду. Валентинанын атаандашы Таиланддын чемпиону Номбум Хонченжин болду. Шевченконун атаандашы 4-раунддан соң күрөштү уланта алган жок.

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты аяктады


Раатбек Санатбаев атындагы спорт борбордо грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты болуп өттү. Кыргызстандын ар аймактарынан келген 150 чакты балбандар жети салмак боюнча мөөрөй талашышты. Натыйжада Калыбек Жолчубеков, Азиз Бейшалиев, Сергей Фуфачев, Темирлан Салават уулу, Жанарбек Кенжеев, Азамат Эркинбаев жана Мурат Рамонов өз салмак категорияларында ийгилик жаратышып, чемпион аталышты.

Кыргыз балбандары Казакстандан эки медал жеңип келишти

Казакстандын Павлодар шаарында бир тууган Ярмоленколордун элесине арналган мелдеште өлкө балбандары эки медалга ээ болушту. Анда 63 кг салмакта күч сынашкан Курманбек уулу Эламан 32 балбандын күмүш медал ээси болду. Ал эми 58 кг салмактагы спортчулардын арасында Абсамат Абдыкалыков коло медал тагынды. Турнирге Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандан 270 жаш балбан катышкан.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Шри-Ланкага барат

Учурда өлкө спортчулары Азия Футбол конфедерациясынын Кубогуна Кант шаарында даярдык көрүшүүдө. Бул ири мелдеште кыргыз футболчулары А тобунда мөөрөй талашып, Түндүк Корея, Индия жана Түркмөнстандын оюнчулары менен беттешет. Ал эми Б тобунда Мьянма, Тажикстан, Бангладеш жана Шри-Ланканын курамалары күч сынашат. Бул мелдеште жеңүүчү аталган команда Азия-2011 Кубогуна жолдомо алат.

Кыргызстандын 2009-жылдагы мыкты спортчулары сыйланды

Жалпы өлчөмү 1 миллион 400 миң сомго барабар болгон каражат спорт жаатындагы алдыңкы адамдарга тапшырылды. Эркин, грек-рим, дзюдо күрөшүнүн чеберлерине, майыптар жана велоспорт, сууда сүзүү, жеңил жана оор атлетика өңдүү олимпиадалык спорт түрлөрүнүн алдыңкы 35 спортчусуна жана 50 машыктыруучуга акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Атлеттер 7 миңден 70 миң сомго чейин алышты. Алардын катарында Евгений Ваккер, Азат Кубакаев, Арсен Айылчиев сыяктуу жаш спортчулар бар.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Айдарбек Керимкулов спортчуларды каржылоо маселеси тууралуу өз пикирин билдирди.

- Биз спортчуларыбызды жетишээрлик деңгээлде каржылап жатабыз десек чындыкка дал келбей калат. Бирок колдон келишинче аракеттенүүдөбүз. Жакында эле бизге бөлүнгөн резервдеги акчадан чыгарып, дагы башка жолдорун таап, сыйлык берүүнү чечкенбиз. 2009-жылы жакшы ийгиликке жеткен спортчуларга жана машыктыруучуларга, бардыгы болуп 85 адамга ири суммадагы акча бердик. Негизинен стипендия маселесин да карап чыксак деп турабыз. Жакшы көрсөткүчкө жеткен спортчулар гана акчалай жардам алат окшойт. Антпесек мындан үч-төрт жыл мурунку көрсөткүчү үчүн стипендия алгандар да жок эмес экен. Быйылкы бюджетибиз жаман эмес. Ошону менен катар ийгиликтер да болот го деп турам.

2-7-февралда Кыргызстандык мергендер Руслан Исмаилов менен Сабина Исмаилова Нидерландиянын Гаага шаарында өтө турган Эл аралык мелдеште өлкө намысын коргошот.

4-6 февралда Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде өспүрүмдөр арасында Бишкек шаарынын биринчилиги өтөт.

6-февралда «Тогуз-Булак» лыжа базасында кышкы спорт түрлөрү боюнча мелдеш болот.

6-7 февралда Москва шаарында олимпиада чемпиону Борис Гуревичтин элесине арналган турнир өтөт. Мелдеште Кыргызстандын намысын 14 жаш грек-рим балбаны коргошот. Мелдешке 14 өлкөдөн 300 чакты балбандар катышат.

7-февралда Чолпон-Атада шаарында “Салбурун” улуттук спорт фестивалы өтөт. Анда бүркүт салуу, жаа атуу жана кыргыз тайгандарынын көргөзмөсү боюнча сынактар болот.
XS
SM
MD
LG