Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Акыркы спорт жаңылыктары


21-кышкы Ванкувер Олимпиадасынын төртүнчү күнү аяктады. Анда спортчулар биатлон, фристайл түрүнөн, чана жана коньки тебүү, көркөм муз тебүү, лыжа жарышы боюнча мөөрөй талашышты. Командалык эсеп боюнча Швейцария курамасы үч алтын менен биринчи орунга чыкты.

АКШнын спортчулары эки алтын, эки күмүш жана төрт коло менен экинчи, Түштүк Корея командасы эки алтын, бир күмүш медал менен үчүнчү орунда турушат. Бул Олимпиада оюнуна катышып жаткан кыргызстандык лыжачы Ольга Решеткова 17-февралда мөөрөй талашат. Ал Уистлер Олимпиадалык паркында 10 чакырым аралыкта жарышка чыкмакчы.

Антонина Шевченко Түштүк Американын чемпионун жеңди

Кыргызстандык тай боксчу Антонина Шевченко Перуда өткөн профессионалдык таймашта женишке жетти. Лима шаарында болгон эл аралык мелдешке кыргызстандык мушкерден тышкары Аргентина, Венесуэла жана Перунун спортчулары мөөрөй талашты. 61 кг салмакта күч сынашкан Антонина Түштүк Американын чемпиону венесуэлалык Эйлин Риосту утуп алды. Төрт бөлүккө эсептелген мелдеш эки раундга гана созулуп, алган соккуларынан улам Шевченконун атаандашы турнирди уланта алган жок.

Ксения Палкина
Теннисчи Ксения Палкина финалдык таймашка бир кадам жетпей калды


Швециядагы Эл аралык мелдеште британиялык Кавадай менен Ксения биргеликте түгөйлөр бөлүгүндө мөөрөй талашты. Алар алгач швециялык Олгурин менен Улвефелдт жуптарын, андан соң венгриялык Жани менен Капростун командаларын жеңип жарым финалга чыгышкан.

Палкина менен Кавадай чечүүчү оюнда украина менен беларус теннисчилерине жеңилип калгандыктан мелдешти уланта алышкан жок. Учурда Ксения Палкина кезектеги турнирге катышуу камын көрүүдө.

Кыргызстандын футболчулары Бахрейндеги машыгуусун аяктады

Машыгуу учурунда кыргыз спортчулар үч жолдоштук беттешүү өткөрүп, жыйынтыгы тең чыгуу менен белгиленди. Кураманын алгачкы жана акыркы оюну Бахрейндин жаштар командасы менен өттү. Алгачкы мелдештин эсеби 3:1 менен аяктап, талаа ээлери жеңүүчү аталышса, кийинки таймашта Кыргызстандын футболчулары кайрадан 3:1 упайы менен ийгиликке жетишти. Ал ортодо Бахрейндин “Ал-Ахли” клубу менен болгон оюн тең чыгуу менен аяктады.

Кыргызстандын курамасы АФКнын чакыруу Кубогунда мөөрөй талаша баштайт

17-февралда башталып, он күнгө созула турган мелдешке сегиз команданын өкүлдөрү катышат. А тобундагы Кыргызстан оюнчулары Түндүк Кореянын экинчи, Индиянын жаштар жана Түркмөнстандын негизги курамы менен мөөрөй талашат. Бул эл аралык мелдештин чемпиону аталган команда Азия-2011 Кубогуна жолдомо ээси аталат.

Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаев курама оюнчуларына үмүт чоң экендигин белгиледи:

- Кураманын оюнчулары бир жума Бахрейнде болушту. Алар жолдоштук беттешүү өткөрүү менен катар эки маал машыгып, окуу процесстерин өтүп келишти. Кечээ 14-февралда команданын оюнчулары Шри-Ланканын борбору Коломбого конушту. Эми алар 17-21-февралга чейин үч оюн өткөрүшөт. Күчтүү аталып, ийгиликке жеткен команда кийинки бөлүккө чыгат. Учурда Москванын “Локоматив” командасында ойноп жаткан Мирлан Мурзаев бул турнирге келе албай калды. Себеби алар да Түркияда окуп, машыгып жатышыптыр. Ал эми калган оюнчуларыбыз толук бойдон мелдешке даярдык көрүшүүдө.

- Алдын ала божомолдор кандай? Ийигиликке жетебиз деген ойдосузбу?

- Үмүтүбүз чоң! Өлкөбүздүн эгемендик тарыхында биринчи жолу Жапония, Түштүк Корея, Кытай өлкөлөрүнүн катарына кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Ошондуктан биздин курама бул Кубокто биринчи орунду алышы керек. Ийгиликке жетебиз деген эле ой. Футболчулардын маанайы жана мелдешке даярдыгы жакшы.

Бул жумага белгиленген спорттук иш-чаралар:

14-19-февралда Кожомкул атындагы спорт ордодо волейбол боюнча эркектер арасында Бишкек шаарынын биринчилиги болот.

18-19-февралда Дене тарбия жана спорт академиясында жеңил атлетика боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт.

20-февралда Кожомкул атындагы спорт ордодо “Форвард” баскетбол лигасынын алкагында оюндар болмокчу.

21-февралда бу джюцу сэнте боюнча өлкө чемпионаты өтмөкчү.
XS
SM
MD
LG