Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Ксения Палкина “Наманган-2010” мелдешинин чемпиону болду


Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина.
Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина.

Өзбекстандын Наманган шаарында Challenger турниринин таймаштары аяктады. Анда Кыргызстандын намысын коргогон теннисчи Ксения Палкина атаандаштарын жеңип биринчи орунга татыды.

Ксения Палкина финалдык таймашта украиналык Анна Пивенди 3:6, 6:4, 6:4 эсебинде утуп алды. Ага чейин Палкина Греция, Жапония, Болгариянын теннисчилерин жеңүүгө жетишкен. Турнирдин байге фонду 25 миң долларды түзгөн. Эми Ксения Палкина 30-марттан тарта Москвада Challenger турниринин кезектеги таймашында мөрөй талашат.

Чоюн билек жаш балбандар тандалды

Оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Мелдеште өлкөнүн ар аймактарынан келген 120 балбан мөрөй талашты. Анда Нурис Куйкеев, Илгиз Ормонбеков, Сергей Долгалев, Дмитрий Сизых өз салмак категорияларында алтын медаль тагынды.


69 кг категориясында мөрөй талашкан Азия чемпионатынын коло медаль ээси Султан Молдодосов жалпы жонунан 279 кг салмакты багынтып, жаштар арасында Кыргызстандын рекордун жаңыртты.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча курамага алдыңкы спортчулар тандалды. Эми алар Ташкенде өтө турган Азия чемпионатында мөрөй талашып, Сингапурда боло турган жаштар Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн күч сынашат.

Кыргыз шахматчыларын ийгилик жылоологон жок

Өзбекстанда өткөн Георгий Агзамовдун элесине арналган 4-эл аралык турнирден өлкө намысын жети спортчу коргоду. Анда Кыргызстан курамасынан Леонид Юртаев эң жакшы көрсөткүчкө ээ болуп, жетинчи орунга татыды.

Асыл Сыдыков 39, Семетей Төлөгөнтегин 102, Михаил Марков 59, Нурдин Самаков 116-орунга ээ болушту. Мелдештин байге фонду 20 миң долларды түзүп, ага Орусия, Израиль, Нидерландия, АКШ баштаган ондон ашуун өлкөдөн шахматчылар катышты.

Эркин жана аялдар күрөш боюнча чемпиондор аныкталды

Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын алдыңкы балбандары тандалды. Эркин күрөштөн жети салмак боюнча 300дөн ашуун балбан мөөрөй талашып, Алтынбек Алымбаев, Улан Надырбек уулу, Иннакентий Иннакентьев, Илгиз Жакыпбеков, Айбек Усупов, Аслан Алиев, Аскер Эфендиев өз салмактарында чемпион аталышты. Ал эми аялдар таймашынан 80 кыз чемпиондук үчүн күч сынашып Айзада Жаналиева, Яна Панова, Гулина Кубатбек кызы, Нестан Кыязова, Мехренсо Нурматова, Элзат Сарыгул кызы чемпион аталды.


Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын башчысы Мелис Турганбаев чемпионат тууралуу буларды айтты:

- Биз Кыргызстандын бардык аймактарындагы спорт залдарга күрөшүүчү маталарды таратып бергенбиз. Ак-Талаада, Ат-Башыда, Баткенде жаңы күрөш борборлору ачылды. Бүгүнкү биринчиликте Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынан да мыкты балбандар мөрөй талашууда. Жалпы жонунан 300дөн ашык спортчу күч сынашып жатат.

“Азаттык”: Чеберчилик жагынан спортчулардын көрсөткүчү кандай?

- Бүгүнкү чемпионатта аймактардан келген спортчуларды байкап жатабыз. Эми бул жердеги алдыңкы спортчуларды топтоп курама командага тартуу аракетин көрөбүз. Алдыдагы ири мелдештерде ушул чемпиондор өлкө намысын коргошот. Жакында Индияда Азиянын биринчилиги өтөт. Андан кийин Москвадагы дүйнө чемпионатына даярдык көрөбүз. Күз айларында төрт жылда бир өтчү Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргошубуз зарыл.
XS
SM
MD
LG