Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Көк бөрү мелдеши, байгелүү спортчулар


31-августта президент Роза Отунбаева Сингапурдан жеңиш менен келген балбандарга сыйлык тапшырды. Көк бөрүдөн Президенттин кубогунун финалдык беттешүүсү болду.

Быйылкы Президенттин кубогуна арналган көк бөрү мелдеши 26-августта башталып, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын жана Бишкектин 8 командасы катышып, 31-августта финалдык таймашуулар болду.

Президенттин кубогунун баш байгеси үчүн таймашууну көрүү үчүн “Аккула” ат майданына президенттик администрациясынын башчысы Эмил Каптагаев баш болгон жетекчилер жана башка көк бөрү күйөрмандары келишти.

Алгач үчүнчү орун үчүн Бишкектин “Дордой” командасы менен Талас облусунун “Биримдик” командасы беттешип, “Дордойдун” чабуулчусу Эрмек Шекитов өзү эле үч таймда беш улакты атаандашынын тайказанына салды.

Анын өнөгү Мукамбек Койчукеев да чеберчилигин көрсөтүү менен “Биримдиктин” тайказанына 4 улакты салууга жетишти. Ошентип Бишкектин “Дордой” командасы 10:3 эсебинде таластыктарды утуп, үчүнчү орунду ээледи.

Талас облусунун “Биримдик” командасынын капитаны Бакыт Бешкемпировдун айтымында, мелдеш курч мүнөздө өтүп, жайлоодон түшкөн аттары жүрбөй калды.

Бишкектин “Дордой” спорт клубунун президенти Аскар Салымбековдун пикиринде, быйыл да көк бөрү боюнча Президенттин кубогу курч таймашуулар менен өтүп, бул оюн эл аралык деңгээлге көтөрүлүп баратат.

Быйылкы Президенттин кубогунун финалдык беттешүүсүндө баш байгеге укук алышкан Ысык-Көл облусунун “Кабылан” командасы менен Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы биринчи таймда абайлап ойношуп, эсепти ача алышкан жок. Ысык-Көлдүн жигиттери канчалык эсепти ачууга кылган аракетинен майнап чыкпады.

Экинчи таймда мелдештин үч улагын Бишкектин “Бөрүлүү” командасынын чабуулчусу Улан Асакеев тайказанга салып, чеберчилигин көрсөттү. Үчүнчү таймда да Президенттин кубогун төрт ирет удаасы менен уткан Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы эсепти дагы эки улакка көбөйтүп, 5:0 эсебинде жеңишке жетишти. Мында “Бөрүлүүнүн” чабуулчусу Алтынбек Эсеналиев өзгөчөлөндү.

Баш байгени жеңип алган Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасына президенттик администрациясынын жетекчиси Эмил Каптагаев Кубокту жана 100 миң сом акчалай сыйлыкты тапшырды.

Бешинчи ирет Президенттин кубогун уткан “Бөрүлүү” командасына “Кыргызстан” коммерциялык банкы “Жигули” унаасын сыйлык катары тартуулады.

Президенттик администрациясынын жетекчиси Эмил Каптагаев бабалардан мурас болгон көк бөрү оюну эл аралык деңгээлде таанылып баратканын айтып, калкты эгемендүүлүктүн 19 жылдык мааракеси менен куттуктап, “Азаттыкка” мелдеш курч мүнөздө өткөнүн билдирди.

Экинчи орунду ээлеген Ысык-Көл облусунун “Кабылан” командасына 50 миң сом байге ыйгарылды. Үчүнчү орунду Бишкек шаарынын “Дордой” командасы ээлеп, 30 миң сыйлыктын ээси болушту.

Өлкөнүн вице-премьер-министри Александр Костюк да көк бөрүнүн финалдык мелдеши курч мүнөздө өткөнүн, бул оюн эр жигиттерди сыноонун мелдеши экенин “Азаттыкка” айтып берди.

Жеңүүчүлөргө алкыш

31-августта өлкө жетекчиси Роза Отунбаева Сингапурдан I жаштар олимпиада оюндарынан жеңиш менен келген жаш спортчуларды, машыктыруучуларды жана спорт жетекчилерин резиденцияда кабыл алды.

Сингапурда өткөн I жаштар олимпиадасында Кыргызстанды таанытып, грек-рим күрөшүнөн алтын медаль уткан Урматбек Аматовго президент Роза Отунбаева ыраазычылык билдирип, 10 миң доллар жана баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Грек-рим жана дзю-до күрөштөрүнөн коло байге утуп келишкен Шадыбек Сулмайманов менен Болотбек Токтогоновго да ар бирине 5 миң доллардан сыйлык жана белектерди тартуулады.

"Кумтөр Голд" компаниясынын президенти Андрей Сазанов да алтын медаль ээси Урматбек Аматовго 10 миң доллар жана коло байге уткан Шадыбек Сулмайманов менен Болотбек Токтогоновго да ар бирине 5 миң доллардан сыйлык жана белектерди тартуулады.

Жолугушуу учурунда президент Роза Отунбаева жеңүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, дагы ийгиликтерге жетүүлөрүн каалады.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында, жаш олимпиадачыларды мамлекет башчы Роза Отунбаева дагы жеңиштерге шыктандырып, чоң спортко жол ачылганын билдирди.

Жалпысынан Жаштар олимпиадасына 8 кыргызстандык спортчу жолдомо алып, мөрөй талашты. Алар: грек-рим күрөшү боюнча балбандар Шадыбек Сулайманов жана Урматбек Аматов, боксчу Исломжан Далибаев, спорттун азыркы беш түрү боюнча Ильяз Бактыбеков, суучулдар Дмитрий Александров жана Екатерина Лысенко, дзюдочу Болотбек Токтогонов жана кайыкта сүзүү боюнча таймашка Руслан Молтаев катышып келишти.

Кыргызстандын спорттук делегациясын өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмаз Касенов, Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов жана Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов жетектеп барып келишти.

Сингапурда 14-августта ачылыш аземи болуп, олимпиадалык таймашуулар 15-августтан 26-августка чейин созулду.

Эки жүздөн ашуун өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3,6 миңдей жаш атлетчилер катышып, мөрөй талашты. Мелдештер спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча өткөрүлдү.

Сингапур жаштар олимпиадасына катышкан кыргызстандык сегиз спортчудан үчөө байгелүү орундарга жетип, бир алтын жана эки коло медалы менен Кыргызстан 205 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээледи.

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата жеңил атлетикалык жарыштар, спорттун 15 түрү боюнча мелдештер, көрсөтмөлүү оюндар өткөрүлдү.

31-августта Бишкектин “Спартак” стадионунда футбол боюнча Эгемендүүлүк Кубогунун финалдык таймашуусу өттү. Баш байге үчүн Бишкектин “Дордой” жана Кочкор-Атанын “Нефтчи” командалары беттешти. "Дордой" командасы Эгемендүүлүк Кубогунун жеңүүчүсү деп таанылды.
XS
SM
MD
LG