Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Авиакырсыктан жабыркагандар “Семетей” мейманканасына жайгаштырылат


Чүйдө авиакырсыкта набыт кеткендердин жакындары жана жабыркагандар убактылуу Бишкектеги “Семетей” мейманканасына жайгаштырылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык болгон жерде биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев кеңешме өткөрүп, тийиштүү органдарга ушул жаатта тапшырмаларды берди.

Бүгүн эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулады. Андан отуздан көп адам набыт кеткени кабарланды. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун киши ооруканада. Учак Дача-Суу айылында жыйырмадан ашуун турак-жайды кыйратты.

Набыт болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жайкын тургундар.

17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.(SE)

XS
SM
MD
LG