Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Түркияда Эрдоганга кол салууга айыпталган аскерлердин соту башталды


Түркия.
Түркия.

Өткөн жылдагы төңкөрүш жасоо аракетине катышкан аскер кызматкерлери өлкө президенти Реджеп Тайып Эрдоганга кол салган деп айыпталышууда. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирүүдө.

Иш боюнча айыпталуучу катары 47 адам өтүүдө. Алардын көбү – 16-июлга оогон түнү Эрдоган турган Мармарис мейманканасын басып алууга аракет кылган аскер кызматкерлери. Айыпталуучулардын бири козголоңчулардын максаты Эрдоганды өлтүрүү эмес, аны колго түшүрүү болгонун билдирди. Айтымында, алар Эрдоганды төңкөрүш катышуучуларынын базасы жайгашкан Акынжыга алып барууну көздөшкөн.

Айыпталуучулардын арасында учурда АКШда жашап жаткан диний ишмер Фетхуллах Гүлен да бар. Түркия бийлиги аны козголоңдун идеологу деп атап келет. Андан сырткары ал террордук уюмду жетектейт деп да айыпталууда.

Бул иш боюнча айыпталуучулар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Түркияда куралдуу төңкөрүш жасоо аракети өткөн жылы 16-июлга караган түнү болгон. Өлкөдө өзгөчө абал режими киргизилип, Адам укуктарын коргоо боюнча Европа конвенциясынын аракеттери токтотулган. Төңкөрүш жасоо аракети боюнча кармалгандардын алгачкы сот жараяны декабрдын соңунда башталган. Январда иш боюнча алгачкы өкүм чыгарылган. Анда мамлекеттик төңкөрүш даярдоого айыпталган эки аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылган.

Жалпысынан бул иш боюнча 40 миңден ашык киши кармалган.

XS
SM
MD
LG