Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

А.Салымбеков: Калктын саламаттыгы үчүн спортко көңүл буруу зарыл


Аскар Салымбеков
Аскар Салымбеков

Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө болобу? Кыргызстандык айрым футболчуларга чет өлкөлүк клубдар кызыкдарбы? Жеке ишкерлер спортту колдоого алып, демөөрчү болуп жатышабы? “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты, «Дордой» спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков жооп берди.

- Жакында Ванкуверде Кышкы олимпиадалык оюндар башталат. Кыргызстанда кышкы спортту өнүктүрүү боюнча кандай иш-чараларды көрсө болот?

Аскар Салымбеков: Кыргызстан тоолуу өлкө болгондон кийин кыштын тоо спорт түрлөрүн өнүктүрсө болот. Азыр тоодон лыжа менен түшүү деген спорт өнүгө баштады. Лыжа менен түшкөн 11 база курулду. Азыр спорттун бул түрүнө кызыккандардын саны күндөн күнгө көбөйүп атат.

Тоодон сноуборд менен түшкөн балдарыбыздын да жетишкендиктери болду. Хоккей акырындан өнүгө баштады. Лыжа менен чуркоо боюнча быйылкы кышкы олимпиадага балдарыбыз баратат. Шаарда муз аянттары пайда боло баштады.
Олимпиадага, Азиянын чемпионаттарына барчу спорттун түрлөрүн артыкчылык катары карашыбыз керек.


- Жакында эле СССРдин олимпиадалык дүйнөлүк чемпиондору, хоккей жылдыздары Кыргызстанга келип кетишти. Бизде хоккей оюнунун келечеги барбы?

Аскар Салымбеков: Бишкек, Нарында муз аянттары пайда болбодубу. Ал жерде хоккей оюндарын өнүктүрсө болот. Хоккейдин мекени азыр Жумгал району, Чаек айылы болуп атат. Ал жакта көлмөнү тоңдуруп алышып, муз аянтын жасап, хоккей ойноп атышат. Нарын, Каракол, Майлуу-Суу, Бишкек шаарларында хоккей бар эле, нарындыктан азыркыга чейин ойноп жүрөт. Чолпон-Ата, Каракол да баштарын көтөрүшүп, былтыр командаларын алып келип атат. Ошон үчүн хоккейдин келечеги бар десем жаңылышпайм.

- Африкалык эки оюнчу Тажикстанга кетип калып, кайра келди деген сөздөр болуп атат. Ушунун чын-бышыгын айтып берсеңиз?

Аскар Салымбеков:- Бардык клубдарда чет элдик легионерлер же жалданма оюнчулар ойнойт эмеспи. Бизге да 3-4 жылдан бери Африкадан, Орусиядан, башка мамлекеттерден оюнчулар келип ойноп жүрүшөт. Бардыгыбызга белгилүү болгон Ганадан келген 2 оюнчубузду келишимдин мөөнөтү бүтө элек жатып, Тажикстандын клубу акча менен азгырып алып кетишип, аларды Шериктештик кубогун ойнотмок экен. Москвага барганда алардын клубунун жетекчилери оюнчулар менен чогуу отуруп кеңешип, кайра бул балдар биздин командада ойномой болушту. Бул балдарды жазаладык. Буларды дагы эки жылдык келишим менен калтырдык.

- Дүйнөлүк футбол тарыхында мыкты оюнчуларын чет өлкөлөргө контракт менен сатып, же болбосо чет өлкөлөргө багыттап чеберчилигин да өстүрүп, андан сырткары клубга да пайда алып келип жүрүшпөйбү. Ушул жол сиздерде да кичине башталгансып калды. Кайсы оюнчуларыңыз чет өлкөлүк футбол клубарында ойноп атышат?

Аскар Салымбеков: -Быйыл алгач Мирлан Мурзаев аттуу оюнчубузду “Локомотив” командасы бир жылга арендага алды. Бир жылдан кийин эгер чеберчилиги жакшы өссө, анда негизги “Локомотив” командасына өтмөй болду деп келишим түзүп келди. Кийинки жылы командага чеберчилиги дал келсе, анда Мурзаевди трансфердик келишим түзүп, баалап, же болбосо “Локомотивдин” командасына беребиз.

Азамат Байматов Латвиянын чемпиону “Вентспилс” командасынын курамында бир жыл жүрдү. Андан кийин өзүбүз аны кайра алдык, акырында биздин курама команда менен Шри-Ланкага кетип жатат, келгенден кийин Байматовду Англиянын “Блекбул” командасына стажировкага жиберели деп сүйлөшүүлөр болуп атат.
Мирлан Мурзаев аттуу оюнчубузду “Локомотив” командасы бир жылга арендага алды.


- Жетимишке жакын спорттун түрлөрү бар. Кыргыздардын өзүнүн кулк мүнөзүнө, улуттук өзгөчөлүгүнө жараша айрым гана спортторго басым жасаш керекпи? Спорттун бардык түрүнө каражат деле жетпейт да...

Аскар Салымбеков: Олимпиадага, Азия оюндарына, дүйнө жана Азиянын чемпионаттарына барчу спорттун түрлөрүн артыкчылык катары карашыбыз керек. Ошол жактан өлкө намысы үчүн чоң спортчуларды даярдашыбыз керек. Кыргыздын менталитетине жараша күрөш, бокс, оор атлетика, ок атуу, жеңил атлетика түрлөрүнө басым жасоо зарыл.

Мындан башка түрлөрү бар. Аларды спорттун массалык түрлөрү, ден соолук үчүн керектүү деп коет. Мисалы, сууда сүзүү, футбол, волейбол оюндарына да көңүл буруу зарыл. Ошон үчүн ал спортторду биз жандандырып, бардык жерде жүргүзө беришибиз керек. Ал жалпы элдин саламаттыгы үчүн керек, алар да өркүндөй берсин. Бирок Азия оюндарына, олимпиадаларга чыкканга керектүү гана түрлөрдөн мамлекет каражат бөлүп берип, ошолорду даярдаганга мөрөй, байге алуучу 5-6 түрдү тандап алышыбыз керек.

Тасмада: Испандардын купулуна толгон Эрбол

“Абдыш-ата” футбол клубунун 8 жашар оюнчусу Эрбол Атабаев Испаниянын “Реал” клубунун футбол Академиясынын сынагынын биринчи этабынан өттү.

Испандардын купулуна толгон Эрбол
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG