Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Мамлекеттик тил мыйзамы: бери карап күлөсүң, ары карап ыйлайсың


Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары, журналист Азимжан Ибраимов.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары, журналист Азимжан Ибраимов.

20 жыл илгери кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды аткаруунун оош-кыйыштары жөнүндө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары Азимжан Ибраимов “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Азимжан мырза, "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынганына 20 жыл болду деп белгилеп атабыз. Бул мыйзам бүгүнкү өнүгүүгө канчалык деңгээлде төп келип атат?

-20 жыл өттү деп атабыз, бирок ошол 20 жыл ичинде кыргыз элибиз, мамлекетибиз үчүн эмне иш кылдык , элибиз үчүн кандай иш жасай алдык деген суроо пайда болот. Эң башында эле белгилеп коюшубуз керек, ушул 20 жыл мурдагы акыбал менен бүгүнкү акыбалды. Биз суверендүүлүккө ээ болдук, элибиздин улуттук аң-сезими жогорулады, кыргыз улуту үчүн баалуулуктар пайда болду да, ошонун бири кыргыз тили болуп калды.

Эгерде 10 жыл мурда элибиздин, коомчулуктун басымдуу көпчүлүгү орус тилине жана башка тилдерге артыкчылык берип келсе, бүгүн кадимкидей кыргыз тилин үйрөнүү керек экенин түшүнүп, конституциялык даражасын сыйлап, урматтап калдык. Мына ушул идеологиялык багытта дейбизби, адамдардын кулчулук сезимден арылтуу дейбизби, ушундай бир өзгөрүүлөр болду.

- Азимжан мырза, "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын элдин жана мамлекеттин турмушундагы үзүрү кандай болуп атат деп ойлойсуз?

-Албетте, мыйзамдын иштеген статьялары болуп атат. Негизи Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил болуп саналат дегенди биз жетекчилике алып, Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда мамлекеттик мекеме-уюмдарда иш кагаздары мүмкүнчүлүктүн жетишинче кыргыз тилинде жүрө баштады.

1990-жылдардын башында иш кагаздары жалаң орус тилинде жүргүзүлүп келсе, бүгүн, кудайга шүгүр, мамлекеттик мекеме-уюмдарда, болгондо дагы борбордук мамлекеттик органдарда иш кагаздары эки тилде жүрө баштады да. Облустарыбызда негизинен иш-кагаздары кыргыз тилинде жүрүп жатат. Алар расмий түрдө ушундай чечим кабыл алып, Чүй облусунан башкасы мамлекеттик тилге өткөн.

Мына ушундай бир ийгиликтерибиз болуп жатат. Окуу китептерибиз жаңырды, окутуунун электрондук жолдорун иштеп чыктык, башкача айтканда тилге болгон ыкылас күчөдү. Бул улуттук дөөлөт катары баалана баштады, артыкчылык берилип атат.

-Азимжан мырза, мамлекеттик тил комиссиясы парламентке кыргыз тилинин мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өздөрүнүн сунуштарын берди деп уктум эле да, ошонун тагдыры эмне болуп атат азыр?

-Биз мамлекеттик тил мыйзамына өзгөртүүлөрдү- толуктоолорду бергенбиз, эки жылдан ашып кетти. Социалдык жана маданий иштер боюнча комитетте жатат. Биздин депутаттарыбызга нечен ирет кайрылдык, ушул мыйзамдын долбоорун карап берип коюңуздар деп, ал бизге эле эмес жалпы элибизге керек, өтө зарыл деп.

Анткени "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамыбыздын акыбалы анча жыргатарлык деле эмес чындыгында. Анын ичинде көп пункттарды тапса болот. Баягы “өңдү көрсө жүр тайган”, “бери карап ыйлап, ары карап күлгөн” статьяларыбыз бар.

Мамлекеттик тилде же расмий тилде иш жүргүзсө болот, мамлекеттик тилде же расмий тилде сүйлөй берсеңер болот, мамлекеттик тилди билбегендер эч кандай кысымга алынбашы керек, расмий тилди билишибиз керек, иштетишибиз керек деген нерселер көп да. Мына ошондон арылбасак мамлекеттик тил эч качан өнүкпөйт жана анын келечеги жөнүндө көп суроолор пайда болот.

-Бул мыйзам качандыр бир мезгилде парламентте каралат деген үмүт барбы. Себеби мунун саясий жагы дагы болуп атса керек?

-Сөзсүз муну көтөрүп аткан депутаттарыбыз да бар. Буюрса, бул маселени парламенттин комитетинин талкуусунан өткөрүп алсак, андан кийин жалпы парламенттик талкуусуна койсок өтүп кетет. Анткени биздин депутаттардын арасында патриот, мамлекеттик тилге кызыктар болгон мыкты депутаттарыбыз да бар.

XS
SM
MD
LG