Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

250 сом: Студенттин көргөн күнү


Кыргызстанда бюджеттик негизде окуган студенттер орто эсеп менен 250 сом стипендия алат. Бул акча өлкөдөгү эң аз керектөөдөн он беш эсе аз. Мындай шартта студенттер кантип күн көрүп жатат?

Студенттик күндөрүбүздө стипендия алган күн биз үчүн чыныгы майрам болчу. Ошол күнү окуу жайдын ашканасында кардар студенттердин саны да алда канча көп болоор эле.

2004-2005-окуу жылдары эң жогорку стипендия 204 сомду түзчү. Анда Бишкек шаарындагы жашоо кымбат эмес эле. Жол кире студенттерге 1 сом, ал эми бир тандыр нан 4 сомго барабар болчу. Ошондон бери бюджеттик негизде окуган студенттердин стипендиясынын жеткен чеги болгону 70 эле сомго көбөйдү. Ошол эле маалда тамак-аш, жана жол кире эки эседен ашык кымбаттап кетти:

- Мындай караганда стипендиябыз арзыбаган эле акча. Бирок студенттерге көп болуп көрүнөт экен. Стипендиябызды алганда өз эмгек акыбызды алгандай болуп сүйүнүп калабыз. Анын үстүнө азыр кризис болуп студенттер өзгөчө кыйналышууда. Ошондуктан биз акчабызга азык-түлүк алганга аракет кылабыз.

Айзат Нурдин кызы - Улуттук Университеттин биринчи курсунун студенти. Ал өзүнүн төрт курдаш кызы менен бирге жатаканада жашайт. Айына 250 сомдун тегерегинде “эң жогорку” деген стипендияны алам, бирок бул эч нерсеге жетпейт, дейт ал.

Айзат менен жатаканада бирге жашаган кыздар көбүнчө картөшкө кууруп жешет. Алар көбүнчө ун, май, картөшкө керектешет. Алган стипендиясы бир жумага да жетпей калат. Ошондуктан бул студенттер, ата-энелеринен дайыма жардам алып турушат:

- Бизге ата-энелерибиз колдоо көрсөтүп, жумуртка, ундан тарта картөшкөгө чейин алып беришет. Ал эми стипендиябыз болсо, бир жумалык керектегенибизге да жетпейт. Ата-энелерибиз жанталашып окуп, стипендия менен жан бакчубуз деп айтышат. Ошондой болуп биздин студенттерге да колдоо болуп, жакшы шарттар түзүлсө деген тилектемин.

Айзат айткан “эң жогорку стипендия” - Кыргызстандагы мамлекеттик университеттин чеги. Өлкөдө жеке менчик, же чет мамлекеттердин окуу жайлары да бар. Аларда стипендия көбүрөөк. Мисалы, кыргыз-түрк “Манас” университетинин мыкты студенттери 50 долларга чейин алышат. Ушул окуу жайдын экинчи курсунун студенти Нургазы айына 20 доллар стипендия алат экен.

- Мен 800 сом стипендия алам. Бирок ал деле эч нерсеге жетпейт. Ошентсе дагы бул студенттерге чоң жардам болуп бере алат. Айылдан дагы бир аз жардам келип турат. Бөлөк окуу жайларга салыштырмалуу бизде жакшы десек болот.

Нургазы ай сайын алган стипендиясына бир айлык талон сатып алып, окуу жайдын ашканасынан тамактанат экен.

- Биз 600 сомго университеттин ашканасынан бир айлык талон сатып алып, өзүбүздү тамак менен камсыз кылабыз. Ал эми стипендиядан калган 200 сом жол киреге кетет. Бул жөрөлгөнү башка окуу жайлар дагы улантып, студенттерди колдосо дейм.

Кыргызстанда 26 миңдей студент айына 250 сомдун тегерегинде стипендия алат. Ошол эле маалда мыкты студенттерге президенттик стипендия да берилет. Бул орунга татыгандар бир жыл бою айына миң сомдон сыйлык алып турушат.

Билим берүү жана илим мнистрлигинин профессионалдык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Канат Садыков экономика оңолсо, стипендия дагы көтөрүлөт дейт.

- Кыргызстанда студенттердин стипендиясы Казакстан, Орусияга салыштырмалуу аябай эле төмөн. Бул маселе өлкөнүн бюджетине байланыштуу болууда. Эгер экономикабыз өнүгүп кетсе, биз дагы коңшу Орусиянын жолун жолдоп бюджеттик орундарды көбөйтсөк деген максатыбыз бар.

Акыркы ирет студенттердин стипендиясына 2005-жылы 70 сомдой акча кошулган. Андан бери стипендия бир жолу да көтөрүлө элек.

XS
SM
MD
LG