Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:14

17-ноябрда көптөгөн окуу жайларда майрамдык иш-чаралар өтүп, студенттер куттуктоолор менен жылуу каалоо-тилектерге арзыды.

Ишенаалы Арабаев атындагы педагогикалык университетте студенттер күнүнө карата шаңдуу салтанат уюштурулган. Анда студенттер ырдап, бийлеп, айтор бул күндү кызыктуу белгилөөгө болгон аракетти жумшаган. Аталган окуу жайдын окутуучусу Рашид Өмүрзаковдун айтымында, студенттер күнүнө карата маданий иш-чаралар бул окуу жайда ар жыл сайын өткөрүлөт:

- Бул майрамды студенттер жана биз, окутуучулар бирге кызыктуу кылып өткөрүүгө аракеттенебиз. Жыл сайын программабыз өзгөрүп турат. Бүгүн да биз эртелей эле даярдандык.

Эл аралык студенттер күнү кыргызстандыктар үчүн жаңы майрам. Анткени бул күн 1990-жылдардан баштап белгиленип келет. Бирок буга карабай ал студенттер үчүн эң сүйүүктүү майрамдардын бири. Жогорку окуу жайда билим алган Бактыгүлдүн айтымында, анын группалаштырынын дээрлик баардыгы иштейт. Бирок буга карабай, бүгүнкү күндү чогуу өткөрүү үчүн чогулуп жатышат:

- Маанайыбыз жакшы. Группалаштар убактыбыз аз болсо да өзүбүздүн майрамды бирге өткөрөлү деп чогулуп атабыз. Антпесек акыркы курстарда ар ким иштеп кетип, чогуу көңүл ачууга мүмкүнчүлүк жок болуп калат экен. Бирок бул сонун майрам!

Бул күндү белгилөөгө студенттер алдын ала кам көрүшөт. Достор менен көңүл ачууга акча чогултуп, жаңы кийим-кече сатып алып, айтор кымгуут эле түшүп калышат. Бешинчи курстун студенти Аселдин айтымында, майрамдык маанай көбүнесе каржы маселесинен көз каранды:

-Албетте маанай жакшы. Бул күндү эсте калаарлык кылып тосолу деп турабыз. Бирок баарын акча чечет эмеспи. Анан калса каржы кризиси да болуп атат. Өзүбүз студент болсок. Менин группалаштарымдын баары алыс жаткан келип окугандар. Стипендия албайбыз, ата-эне салган акча бачым эле түгөнүп калат.

Аселдин айтымында, акчанын айынан айрымдар майрамды ойдогудай белгилей албай калышты.

Ал эми И. Арабаев атындагы университеттин көркөм жана билим берүү факультетинин деканы Эркин Токсонбаеванын айтымында, каржы кризисине карабай студенттердин маанайы мыкты:

-Сырттагы суукка, каржы кризисине карабай, студенттердин күчү, энергиясы ашып-ташып турат. Андай проблемалар алардын маанайын түшүргөн жок деп ойлойм. Мен бардык студенттерди бүгүнкү майрам менен куттуктайм.

Ошондой эле чочко тумоосунун айынан да айрым окуу жайларда бул майрам белгиленген жок. Техникалык университеттин проректору Гулмира Белекова буларды айтат:

-Чочко тумоосунан сактаналы деп концерт, дискотеканы уюштурган жокпуз. Студенттик поликлиникадан да "эл көп чогула турган иш-чараларды өткөрбөгүлө" деген көрсөтмө келди.

Дегени менен болгон проблемаларга карабай, студенттердин майрамдык маанайы ойдогудай.

XS
SM
MD
LG