Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

“Репортер” гезитинин баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди сабап кеткен окуядан бери эки айдай убакыт өтсө дагы, бул кылмышты тергөөдөн эч натыйжа боло элек. Бул жөнүндө “Азаттыкка” аталган гезиттин уюштуруучусу Султан Каназаров билдирди.

- Сыргактын абалы кандай?

- Азыр Сыргак үйүндө дарыланып жатат. Бирок ушул жылдын этегине чейин реабилитациялык мөөнөт керек болот болот болуш керек.

- Ага кол салган кылмышкерлерди издөөдө натыйжа барбы?

- Азырынча тергөөдөн эч кандай натыйжа чыга элек, эч кандай жыйынтыгы жок.

-Тергөө ишинин жүрүшүн кандай баалап жатасыз?

- Тергөөнүн жүрүшүндө менин өзүмдүн жеке байкоом боюнча, иш козголгондон кийин бир жумадан ашыгыраак убакыт издөө иштери активдүү жүрдү. Андан кийин издөө иштери активдүү жүрбөй калды. Бирок эмне себептен айтуу кыйын.

- Сиз кабарлашып сурай алдыңызбы алардан?

- Мен ушул маселе болобу, башка маселе болобу, мисалы сиз дагы кесиптешим катары Ички иштер министрлигине кайрылганда ошол эле сөздөр айтылат: “тергөө жүрүп жатат, тергөө жүрүү учурунда эч кандай маалымат бере албайбыз, баардыгы контролдо” деген.

Мисалы журналисттерге кол салуулар көпчүлүк учурда же министрдин, же өлкө башчысынын жеке көзөмөлүндө болот. Бирок ошол фактор эч кандай ролду ойнобойт экен.

-Сыргак Абдылдаевге кол салуу болгондо мунун артында саясат бар, анын журналисттик ишмердүүлүгү себеп болду деп айтылган. Азыр да ошол версия негизги болуп турабы?

- Эгер башка версиялар бар болгондо менимче тергөө ошол версияны иликтеп, ошол версия боюнча жыйынтыкка келүүгө аракенттенмек. Андай версия болбогондуктан жыйынтык чыкпай жатат.

-Султан мырза, сиз өзүңүздүн дарегиңизге да коркутуулар болуп жатат деген элеңиз. Андай окуялар кайталанып жатабы?

- Жок, менимче азыр шайлоонун астында андай факторлор болбойт болуш керек. Себеби эч каqсы тарап журналисттерге кол салуу фактыларын айкын болуп калышын, же сөз эркиндигинин тегерегиндеги көп ызы-чууга кызыкдар эмес.

Менинче президенттик шайлоо бүткүчө журналисттердин ден-соолугу, алардын кесиби менимче кандайдыр бир салыштырмалуу түрдө кооптуу эмес деп айтса да болот.

- “Репортер” гезити өлкөдөгү жаш гезиттердин бири. Негизги окумандарыңар кимдер?

- Тилекке каршы, ойлондура турган гезит чыгарган адамдар гезиттин пайдалануучулары чектелген экендигине даяр болуш керек. Биз окурмандарыбызды таптык. Бирок бизди окуган адамдар ошондой эле түрдө баардык гезиттерди окуйт.

Кыргызстанда кандайдыр бир аналитикалык, же шоу-бизнеске, ушактарга арналбаган гезиттерди окуй турган адамдардын саны чектелген. Бул бир гана Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнөдө болуп жаткан тенденция.

Баардык ММКлар акырындан орусча айтканда "желтая прессаны" көздөй ооп жатат.

-Гезит жаштыгына карабай быйыл басмакананын сыйлыгын алды окшойт?

- Кесиптештердин сыйлыгы бар экен “Жылдын ачылышы” деген. Ушундай наамга ээ болдук. Албетте, бул гезитте иштеген биринчи иретте журналисттердин эмгеги.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG