Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Алайда ызгаар суук, ыйлаган эл


Сегиз жылга кесилген мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылган жүзгө чукул киши кышкы ызгаарга карабастан Алай райондук акимчилигинин алдында жети сааттан ашык пикетте турушту. Ара чолодо акциянын уюштуруучулары район акими менен жолугушуп, генералдын жердештерин коркутуп-үркүтүүнү токтотууну суранышты.

Сегиз жылга кесилген мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылган жүзгө чукул киши кышкы ызгаарга карабастан Алай райондук акимчилигинин алдында “Генерал Исаков бошотулсун!”, “Биз Исаковдун акталып, бошотулушун талап кылабыз!” деген плакаттарды көтөрүп жети сааттан ашык пикетте турушту.

Ара-чолодо акциянын уюштуруучулары аймак жетекчилиги менен жолугушту. Анда Исмаил Исаковду коргоо комитетинин Алайдагы мүчөлөрү жергиликтүү бийликтен генералдын жердештерин коркутуп-үркүтүүнү токтотууну катуу суранышты.

Аким Алмазбек Осмонов
Бирок райондун акими Алмазбек Осмонов мындай маалыматты четке какты:

- Эч ким эч кимди коркуткан жери жок. Мунун баары жалган. Бул күндөр дагы өтөт, ошондо жолугушабыз.

Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бири район башчысын чындыкты жаап-жашырып, элге жалган маалыматтарды таратып жаткандыгы үчүн айыптады:

- Алмазбек, сен бир жылдан бери суудан курук чыгып келатасың. Бүгүн дагы ошенттиң. Кудай бар!

Акцияны уюштуруучулардын бири жолугушууга катышып жаткан укук коргоо органдарынын чоңдорунан карапайык калкты кууугунтуктоону токтотууну талап кылды.

Буга карата райондук бийликтин жетекчиси Алмазбек Осмонов төмөнкүчө жооп катты:

- Кантип суудан курук чыгып атыпмын? Мени эл менен, укук коргоочулар менен жолуктуруп же телефон аркылуу сүйлөштүргүдөй, аларга сурак кылдырткыдай сиздер тергөөчү эмессиздер да. Мен каерде болбосун, ошол эле элдин алдында айткан сөзүмө кылчактабастан жооп берүүгө даярмын.

Ушундай кайым айтышуудан кийин кайрадан сүйлөшүү уланды. Акциянын активдүү катышуучусу Азимбү Осуева аны милиция эки күндүн биринде чакыртып, кыйнап бүткөндүгүн билдирди:

- Малыбызды жайытка айдагалы жатсак, үйүбүзгө үч милиция барды. “Жол тосупсуз, пикетке чыгып жатыпсыз, сиздин үстүңүздөн кылмыш иши козголду” деп тынбай чакыртып мукуратышты.

Ал эми камалган генералдын бир тууган эжеси Шайырбү Исакова Алайдагы наарызычылык акцияларына байланышкан бүтүндөй жоопкерчиликтин азабын жалгы өзү тартууга даяр экендигин ачыктады:

- Милицияга түшүнүк кат жазып бердим. Бул жерде эл-журт айыпсыз. Эмне үчүн бийлик бир жылдан бери арыз-муңубузга кулак төшөгөн жок. Президенттин уулу Максим Бакиев 14-январда Кытайда жүргөн экен. Жанагы Кытайдан КАМАЗга тартылган жүктөр ошону экен деп укканбыз. Ош-Эркеч-Там автожолун тоссом, үнүмдү Ак /й эшитээр деген максатта мына ошол кылыкты мен жасадым. Бир тууган иним үчүн башым тартуу. Элди эмес, мына мени камагыла!

Эки тараптын беттешүүсүн Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин жетекчиси Айтпай Жээналиев жыйынтыктады:

- Биз, Исмаил Исаковдун таламдаштары, мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыккан жерибиз жок. Эл оозунда элек жок, жанагындай сөздөрдү балким, бирөө-жарымы айткандыр, аны үчүн биз жооп бербейбиз. Дагы бир ирет эскертип коеюн: эгерде айыл башчылары жана өкмөттөр тарабынан жердештерибизге кысымчылык күчөсө, анда биз расмий түрдө “Аким кетсин!”, “РайКеңеш төрагасы кетсин!” деген маселени кабыргасынан коебуз.

Сыртта тургандардын алдында сүйлөгөн эмгек ардагери Турдукан Жусуева Исмаил Исаков сот тарабынан толук акталмайынча, нааразычылык акциясын токтотушпай тургандыгын жарыялады:

- Көпчүлүгүбүз ооруп атабыз, суука кайыгып турабыз. Антсе да, баарына кайылбыз. Исмаил Исаков толук акталмайынча, акцияны улантабыз. Мына, бир жылга аяк басты, миңдеген адамдар көчөдө толкуп атат, а түгүл Президентке дагы бир нече ирет Кайрылуу жолдодук. Укрманбек Бакиев унчугаар түрү жок. А киши элдин үнүн чымындын үнүнчөлүк көрбөдү. Күн кичине жылыса, “элдин баары чыгабыз, Бакиевди кетирибиз!” деп атышат.

Анткени менен райондун акими Алмазбек Осмонов Исмаил Исаковдун тарапкерлеринин кебин четке кагып, алардын аракетин мыйзамсыз деп эсептейт.

- Мына, азыр булардын тургандары эч кандай мыйзамга сыйбайт. Аны үчүн эртедир-кечтир жооп берип калышы ыктымал. Райондун жетекчилерин отставка менен коркутушууда. Билесиздерби, Алайда 73 миң калк жашайт. Бул ошончо кишинин пикири эмес, болгону элүү чакты кишинин сөзү. Эң башкысы мени президенит ишеним артып бул кызматка дайындаган, андыктан, бир ууч топ менин маселемди чечүүгө акысы жок, - деди Алай районунун акими Алмазбек Осмонов.

XS
SM
MD
LG