Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

Жогорку Cотто Ноокат окуясы боюнча соттолуп жаткан 22 адамдын аппеляциялык арызын кароо башталды.

Сот жараянына төрагалык кылган Турсунбек Алымбеков айыпталып жаткандардын үстүнөн козголгон кылмыш иштер жана аларга тагылган айыптар менен тааныштырды.

Ноокат тополоңу боюнча баардыгы 32 адам соттолгон
Андан соң укук коргоочу Дмитрий Кабак Ноокат окуясы боюнча айыпталып жаткандар боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын билдирди. Анын айтымында айыпталып жаткандардын арасындагылардын экөө аял, жыйырма беши өзбек улутундагылар, үчөө жашы жетелек өспүрүмдөр, экөө психикалык жактан ооругандар, үчөөнүн кат сабаты жок, тамга тааныбайт, эки адамдын үч класс билими бар экен.

“Психикалык жактан ооруган адамдар медициналык текшерүүдөн өтүшкөн эмес. Камалгандардын көпчүлүгүнүн 4-5тен балдары болгондо, жалпысынан 97 бала каражат тапкан аталарынан тирүүдөй ажырап отурушат”,-деди Кабак.

Ноокат окуясы боюнча айыпталып жаткан 14 адамдын жактоочусу Улугбек Усманов өткөн жылы Ноокат райондук соту окуяны тыкат иликтебей, кимдин күнөөсү канчалык экендигин жакшылап сураштырбай, шашылыш түрдө эле айрым жазыксыз адамдарды катуу жазага тартканын белгиледи.

Жогорку Сот жыйынына соттолгондордун ата-энеси, бала-чакасы келди
Анын айтымында, райсот бардыгына Кылмыш-Жаза кодексинин жети-сегиз беренеси боюнча айып тагып, Ош облустук соту дагы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө, жактоочулардын далилдерине маани бербей биринчи инстанциянын чыгарган чечимин күчүндө калтырган. Усманов Ноокат окуясы боюнча айыпталып жаткан адамдардын конституциялык укуктары одоно бузулганын, аларды тергөө учурунда тартип коргоо кызматкерлери зөөкүрлүк менен кыйнап-кыстоого барышканын айтты.

Айыпталып жаткан үч адамдын жактоочусу Нурдин Чыдынов болсо Ноокат райондук администрациясынын алдындагы аянттагы баш аламандыкты укук коргоо органдары 6 видео камера менен тартып алышканын, аларды карап чыкканда айыпталып жаткан 32 адамдын бешөө эле видеотасмада тартылып калганын белгиледи.

Анын айтымында, алгач укук коргоо органдары тарабынан “массалык баш аламандык” боюнча кылмыш иши козголуп, андан кийин баарын тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмуна мүчө деп, Кылмыш-Жаза кодексинин 8 беренеси боюнча айыптап, башаламандыкка катышкан бешөөнөн башкасына жазыксыз саясий айыпка жыккан.

Н.Чыдынов белгилегендей айыпталуучу Бөрүбай Максүтов Ноокатка эки килограмм мык алганы келип, аянттагы башаламандыкка күбө болгону үчүн он алты жылга кесилсе, Алмаз Асанов болсо окуя болгон учурда жолдош баласына куран окутуп жүргөн.

Кара-Таш айылынын тургуну Эргеш Айтиев баш аламандык болгон учурда уулу Абдусаит Айтиев бильярд ойноп, паркта болгонун күбөлөр далилдеп берсе дагы сот аны он жети жылга эркинен ажыратканын айтып каңырыгы түтөдү:

- Уулумду милициялар уруп, оң кулагынын тарсылдагын жарып, кулагы укпай калды. Анан кийин башына салафан мешок кийгизип думуктуруптур, дубинка менен уруптур, буттарынын бары көгала. “Таш ыргыттым дегин, мойнума алам дегин”, деп кыйнаптыр. Эмнеге мойнуңа алдың деп уулумду зекисем, “Өлүп калбайын дедим, аз да болсо жашап турайын дедим”, деп айтты.

Айыпталуучу Абдикаримова Зарипанын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаеванын билдиргенине караганда соттун биринчи жана экинчи инстанциясы айыпталып жаткандарга адилет чечим чыгарган эмес.

- Абдикаримова Зарипа ошол күнү майрам болгондуктан балдары менен аянттын жанынан өтүп баратканда тополоң башталыптыр. Анын кичинекей балдары элдин арасына кирип кеткенде аларды көпчүлүктүн арасынан издейт. Ал Орусияда иштеп келгендиктен колунда кымбат баалуу сотовый телефону бар экен. Бир кезде гражданча кийинген чоң кыргыз киши келип анын колундагы кымбат баалуу сотовый телефонун тарта баштайт. Ал болсо күчү жетпегенинен улам анын колун тиштеп алат. Тиштеп алганда анан ал киши аны видео камерага тарттырып,”сен сөзсүз камаласың“, деп эскертип коет. Көрсө ал гражданча кийинген киши Ноокат районунун МАИсинин начальниги экен.

Сүйүнбаева белгилегендей убактылуу кармоочу жайында милициянын ур-токмогунан дагы бир келиндин үч айлык боюнан түшүп, Зарипанын чачын эки жолу устара менен кырдырып салышкан.

Зарипа Абдикаримованын кайын энеси эки кичинекей небересин ээрчитип сотко келген экен, үй-бүлөсүн эптеп багып жаткан келини ак жеринен жазага тартылганына кейип, сот адилет чечим чыгарарынан үмүт үзбөй турганын айтты.

Жактоочулар Жогорку Соттун судьяларынан бул маселени акыйкаттык менен карап, адилет чечим чыгарууну өтүнүштү.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу Башкы прокуратуранын башкармалыгынын ага прокурору Жорокул Кубатов болсо Ноокатта башаламандык уюштурууну “Хизб-ут-Тахрир” диний уюму тарабынан күн мурунтан даярдалганын, айыпталып жаткандар мыйзамдын чегинде жазасын алышканын белгилеп, райсот менен облсот туура чечим чыгарганын билдирди:

- Ноокат райондук администрациясынын биринчи-экинчи кабаттарын талкалашып, ичиндеги комьютерлерди, терезенин айнектерин сындырышып, көчөдө турган машинелерди талкалап, мамлекеттик администрацияга 320 миң сомдук зыян келтиришкен. Облустук жана райондук милициялардын машинелерине дагы 300 миң сомдук зыян келтирилген. Буларды жөн эле эч бир далили жок камап салды деп жактоочулар айтышууда.

Жогорку Сотко күбө катары келген Ашыркан Алимованын айтымында, Ноокаттагы чатактын чыгышына жергиликтүү бийлик өзү күнөөлү.

- Ошол 1-октябрда айт намазында Алмаз Асанов менин жалгыз курман болгон уулума келип куран окутушуп, батага келген элди тосушкан. Саат экилерде менден уруксат сурап кеткен. Ошол батага келген адамдар күбө катары Алмазды куран окуткан жерде болду дегенине карабай он алты жылга кесип жиберишпедиби. Анан кантип күйбөйсүң. Бул чатактын чыгышы ошол убактагы райондун акими Абдыганы Алиев айт намазына улуксат бербей койгонунан улам болду деп эсепетйм. Ал өзүнүн “терисин” сактап калам деп жазыксыз адамдарды айыпка жыктырып жатат. Болбосо ал тополоңдо элдин бийликти басып алуу максаты деле болбоптур. Айт намазына уруксат бербей койгон райондун жетекчилерине жаалданган көпчүлүк тополоң уюштуруп жиберишкен экен.

Эртең айыпталуучулардын коомдук жактоочулары алардын таламын талашып, соттон калыс, адилет чечим чыгарууну өтүнүшөт.

Өткөн жылдын 1-октябрында Орозо айт күнү Ноокат районунун борборундагы аянтта массалык башаламандыкты уюштуруп, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн өзгөртүүгө чакырык жасашты, диний каршылыкты жаратты деген айып тагып, 32 адамдын 22син Ноокат райондук соту 9 жылдан 20 жылга чейинки түрмө жазасына кескен. Бул ишти Ош облустук соту карап, райсоттун чечимин күчүндө калтырган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG