Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Соттук жараян коопсуздугун кантип камсыздоо керек?


Июндагы тополоңдо Кара-Суу райондук милиция башчысы Адылбек Султановдун мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө шектелгендердин соту
Июндагы тополоңдо Кара-Суу райондук милиция башчысы Адылбек Султановдун мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө шектелгендердин соту

Июнь коогалаңы боюнча айыпталуучуларды жактап жаткан бир катар адвокаттар менен укук коргоочулар соттун жогорку бутактары, прокуратура жана күч структуралардын жетекчилерине кайрылуу жолдошту. Анда июнь коогалаңына байланыштуу сот жараяндарын коопсуз аймактарга жылдыруу, күбөлөрдүн, жана адвокаттардын коопсуздугун камсыздап берүү өтүнүчү айтылат. Борбордук бийлик түштүктөгү капсалаңдуу окуялар боюнча соттук жараяндар тартип коргоо органдарынын катуу көзөмөлүндө өтүп жатканын жана коопсуз жагдайга көчүрүү маселеси каралып жатканын билдирүүдө.

Айрым укук коргоочулар менен адвокаттардын мындай кайрылуусуна айрым жагдайлар себеп болгон. 30-сентябрда Бишкек-Ош жолунун боюнда, пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанында адам өлтүрүүгө катышкан деген шек менен 19 кишинин үстүнөн сот башталып, жабырлануучулар жана алардын жакындары соттолуучулардын жана алардын адвокаттарынын дарегине акаарат сөздөрдү айтышкан.

Ушундай эле учур 29-сентябрда Ошто катталган. Кара-Суу милиция башчысы А. Султанов менен айдоочусу У. Шамурзаевдин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча сот ишинин жүрүшүндө жактоочу Тайыр Асановго жабырлануучулар кысым көрсөтүшкөн.

Бишкек-Ош жолундагы адам өлтүрүүлөр боюнча айыпталып жаткандардын биринин адвокаты Бектурсун Калманов, эгер коопсуз жагдай түзүлбөсө соттук жараянга катышпай тургандыгын билдирди.

- Биз “Санпа” боюнча катыштык. Биздин адвокаттардын атына ар кандай сөздөр айтылып, машинеңерди өрттөйбүз, өлтүрөбүз деген коркутуулар болду. Соттук залдан чыгып сабайбыз дегенге чейин барышты, бирок органдын кызматкерлери ага жеткирген жок. Эгер биздин коопсуздугубуз камсыздалса биз бул жерден деле соттү өткөрүүгө макулбуз. Андай шарт түзүлбөй турган болсо башка коопсуз жагдайга которууну суранабыз. Эртең чогулуп ар бир адвокатка жалгыз кол салышы мүмкүн, андай болбойт деп эч кепилдик бере албайт. Сот залында адвокаттарга өлүм деп кыйкыргандар да болду.

Ошол эле учурда “Демократия жана жарандык коом үчүн” каолициясы президент Роза Отунбаевага, Жогорку Сот, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигинин жетекчилерине кайрылуу жолдоду. Анда июнь окуясы боюнча шектелип, соттолуп жаткандарга ар тараптуу зордук-зомбулуктар болуп жатканы айтылып, мындай учурларды иликтөөгө алууну талап кылган.

"Санпа" заводунун жанындагы көп адам жыртчкычтык менен өлтүрүлгөн окуяны Сузак райондук соту карап жатат
Ошондой эле өлкө башында турган жетекчилерди Кыргызстаныдн бардык жарандарынын укугун коргоого чакырып, болбосо турукташтырууга жана жаатташкан эки элди жараштырууга көрүлгөн аракеттер текке кетери белгиленген. Ушундай эле билдирүүнү мындан мурдарак “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюму да тараткан эле.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бакыт Рысалиев соттук жараяндардын коопсуз жагдайда өтүшү үчүн чаралар көрүлүп, тартип коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышканын белгиледи. Анын айтымында, Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуя боюнча сот процессин коопсуз жагдайга көчүрүү маселеси да учурда каралууда:

- Ал маселе азыр каралып жатат. Бирок айрым массалык маалымат каражаттары да көбүртүп айтып атат. Туура эмес таратып. Бир топ туура эмес маалыматтар тарап кетиптир. Бирок андай болгон эмес. Укук коргоо органдары чулгандуу окуялар боюнча күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Сот жараяндарын жүрүшүн өзгөчө көзөмөлгө алып, ар кандай окуяларды алдын алуу боюнча күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

“Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова адвокаттарды опузалоо, кысым кылуу учурлары мурда болбогонун белгиледи.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов жагдайга карап соттук жараянды башка район же шаарга которуу туура болот деп эсептейт. Анын айтымында, күн мурунтан соттун болоору тууралуу тартип коргоо, милиция кызматкерлерине билдирүү зарыл:

- Бул маселе ар бир иштин жагдайына жараша чечилиши керек. Мисалы суралуучу күбөлөрдүн көбү кайсы бир аймакта болуп, окуя жана жабырлануучулар да ошол жакта болсо, уюштуруу иретин караштырып чечсе болот. Мисалы кошуна облустарга, башка соттун кароосуна берип койсо болот. Биз ушундай тартип менен процессти өткөрүп жүрчү элек.

Президенттик администрациясынын коргонуу, коопсуздук жана тартип сактоо бөлүмүнүнүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Эгембердиев соттор мурда болуп көрбөгөндөй иштерди карап жатканын белгилеп, бул жерде сотко катышкан бардык тараптардын жоопкерчилиги жана сабырдуулугу да маанилүү экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG