Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Коркунучтуу илдетке байланышкан өлкөдөгү жагдай боюнча суроолорго саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык борборунун башчысы Төлөн Исаков жооп берет.

- Төлөн мырза, өлкөдө чочко тумоосуна байланышкан жагдай кандай болуп калды?

- Азыр өтө коркунучтуу деп айтпайм, айтууга да болбойт, ага өтө чоң негиз да жок. Бүгүнкү күндө 22 учур катталды, алар көбүнчө Орусия жана башка мамлекеттерден келгендер, ошол жактан ооруп бул жака келип атышат. Биз аларды чек арадан текшерип, убагында ооруканага жатыкырып, убагында дарылоого аракет кылып атабыз.

- Маалыматтарга караганда, бишкектик, сокулуктук айрым тургундарга чочко тумоосу аба аркылуу да жукканы аныкталыптыр. Мындан ары илдеттин жайылып кетүү коркунучу жокпу?

- Албетте коркунучу бар. Жайылып кетпеши үчүн бүгүнкү күндө аракеттер болуп атат. Азыр өкмөт тарабынан 4 млн. сомго жакын каражат каралып атат. Буюрса бүгүн-эртең чечилсе, ошого биз вакцина, анан дезинфекциялык жабдыктарды, беткап жана башка нерселерди алабыз. Бүгүн албетте бул каражат өтө аз. Биз болсо жеке фирмалар менен да сүйлөшүп атабыз, себеби эл өз алдынча да эмдөө жасаганга даяр. Бет каптар да жетишпей жатат. Биз сатуучулар менен сүйлөшсөк, эл “5-3 маска бер дебей, 50-100- 150дөр алгандар бар” деп айтып атат. Эми камдап алалы деп атышса керек да.

- Ошол беткаптын канчалык деңгээлде коргоо мүмкүнчүлүгү бар?

- Сөзсүз түрдө мунун жардамы өтө чоң. Себеби илимий изилдөө институтттары да иштеген да, беткабы жок, анан беткабы менен да чүчкүртүп көрүп, ошол жерде канча микроб бар экени эсептелип чыккан да. Ошон үчүн анын чоң жардамы бар.

- Бирок аны керээли-кечке кийип жүрө берүү да болбойт болуш керек. Аны дагы колдонуу убактысы барбы?

- Бир колдонуучу, көп колдонуучу да беткаптар бар. Бир жолу колдонуучсун колдонгондон кийин 3-4 сааттан кийин экинчисин колдонуш керек. Киет десе эле, эртең менен төшөктөн туруп алып кийип алып эле, анан кечке жатканга чейин кийип жүрө бербеш керек.

- Төлөн мырза,бүгүн республиканын башка аймактарында дагы, мисалы Таш-Көмүрдө, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда дагы бул оорунун учкуну табылбадыбы. Алардан башка аймактарда кандай иш чаралар жүрүп атат?

- Бүгүн табылаар менен алар баары тең ооруканага жатып, дарыланып жатышат. Ал жерде дагы даярдык көрүп атышат. Мына бүгүнкү күндө бүт жерге көрсөтмө берилген, алдын алуу жумуштарды кандай алып барыш керек, элдерге тарап кетпеш үчүн эмне кылыш керек, эгерде бир-эки оорулуу болсо алар кайда жаткырылыш керек, кимге маалымат бериш керек, ушул боюнча бизде даярдык көрүлүп атат албетте. Буга чейин канаттулар тумоосунун долбоору иштеп атпады беле, ошол долбоор аркылуу бир топ алыскы райондорго эки жыл ичинде 15 унаа, мобилдүү телефон, дезинфекциялык жабдыктарды, бир жолу колдонуучу кийимдерди алып бергенбиз.

Мисалы түштүктөгү жана биздеги мамлекеттик деңгээлде эки лабораторияны толугу менен оңдоп, жабдып алганга жетиштик, даярдык деңгээли жогору деп айтсам болот. Бир проблема - вакцина жетишсиз болуп атат. Ушул долбоор, анан бюджет аркылуу 8 миңден ашык вакцина алганбыз. Бирок алар менен элдин аялуу катмарын гана эмдегенге жетиштик. Ал эмдөө үч тумоого: канаттуулар тумоосуна, мезгилдик сасык тумоо, анан чочко тумоосу деп атпайбызбы, ушул үчөөнөн тең коргоого жардам берет.

- Бизге Кызыл-Кыя шаарында чочко тумоосуна шектелген 3-4 киши шаардык ооруканада жатат, бирок шаардык ооруканын жетекчилиги ал тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып атат деген кабар түштү жаңы эле. Сиздерде бул боюнча маалымат барбы?

- Азыр ар бир шаарда, ар бир аймакта ооруканаларга кадимки эле сасык тумоо менен көп эле кишилер жатып жатат. Бирок аларды текшергенде чочко тумоонун түрү чыгып атат деп аныктап атабыз. Мисалы он киши жатса, он кишинин бирөөсү чочко тумоосу менен чыгып калышы мүмкүн.

- Эми анын анализдери Оштогу вирусологиялык лабораторияга алынып келинип, кайра ал жерден текшерилип, кайра алып барганча убакыт талап кылат да?

- Бүгүнкү күндө, биз 100 пайыз оорулуудан анализ албайбыз. Көбүнчө башка жактан келип атат да чочко тумоосу, ошол чет мамлекеттерден келген кишилерде ооруунун белгиси чыгып калса, ошолордон алып атабыз. Калгандарынын баарынан тең катары менен ала бергенге кажети жок.

- Төлөн мырза айтсаңыз, мына ушул тумоодон кадимки сасык тумоодон сактануу сыяктуу эле спорт менен машыгып, иммунитетти чыңдап сактанууга болобу?

- Бүгүн албетте жаман адаттардан кичине карманып туруп керек, ошол эле арак ичүү, тамеки тартуу дегендерден. Организмди да чыңдаш керек. Бирок аны да билиш керек, бирөө муздак суу менен куюнам десе, экинчиси ушундай жакшы турбайбы деп муздак суу менен куюнуп алып, анан ого бетер суук тиет. Муну акырындык менен жасаш керек. Убагында үйдү күнүнө жарым саат, анан эки желдетип, туура тамактануу да көп ролду ойнойт, бет кап кийиш керек. Эң негизгиси бүгүн той-топур жана башка мааракелер көп болуп атпайбы. Мен кеңеш берет элем, андай той-топурларга баруудан баш тарта туруш керек. Күн сууктап калганына карабай жаш кыздар киндигин көрсөтүп алып жүрөт. Эң биринчиден денени жылуу кармап жүрүш керек. Бүгүн суук, жылуулук бериле элек, мекемелерде да суук, ошон үчүн кечинде баарыбыз үйгө үшүп барабыз, анан үйгө барганда сууну ысыгыраак кылып туруп бутту 10-15 мүнөткө салып отурса, бул эң сонун нерсе, анан ысык чай ичиш керек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG