Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

З. Нурматов: Чочко тумоосу күчөшү ыктымал


Саламаттыкты сактоо министрлигинин сан-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов өлкөдө чочко тумоосу кыш ортосунда дагы күчөшү ыктымалдыгын белгилейт.

- Бизде азыр чочко тумоосунун оор түрү менен ооругандар барбы?

- Жок. Биз кечээ эле америкалык Си-Би-Си деген уюмдун адистери менен сүйлөштүк, акыркы маалымат боюнча, башында биринчи чочко тумоосу жукканда ал вирустун акыркы касиетин толук билбейт элек. Башта вирус чыкканда бул вирус өзүнүн касиетин кандай кылып өзгөртүп жиберет, аны да билбейт элек. 5 пайыз өлүмгө дуушар болушу мүмкүн деп айтып аткан. Азыр болсо 1 пайызга чейин болуп атат. Анан клиникалык белгилеринин билиниши ар кандай түрдө болуп атат. Мындайча айтканда температурасы да чыкпайт, башы да оорубайт, чүчкүрбөйт дагы, кичине эле алы кетип, анан чочко тумоосу болуп калып атат. Симптомсуз түрдөн өлүмгө алып келчү учурга чейин болуп атат. Ошон үчүн бизде айрым оорулулар эч жака чыкпаганын, эч ким менен байланышта болбогонун айтып эле анан анализи чочко туумоосу деп чыгып атпайбы. Ошолор демек симптомсуз жүргөн кишилерден жугузуп алган.

- Негизинен биз билгенден сасык тумоо деген балекет оору кыш мезгилинде күчөйт. Бул оору мындан ары да күчөшү мүмкүнбү?

- Сөзсүз түрдө күчөйт.

- Мисалы канчалык деңгээлге барышы мүмкүн? Маселен азыр чочко тумоосуна чалдыккандар эки жумада эле 44 киши жетпедиби...

- Бул 44 киши чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталганы эле. Бизге мындай тастыктоо оорунун кайсы түрү жүрүп атканын билиш үчүн эле керек. Эми кадимки сасык тумоо боюнча абалды айтсак, өткөн сентябрдын аягында октябрдын башында абал туруктуу эле болчу. Ошондо бул ооруга кабылгандар 1700гө чейин көтөрүлүп 3-4 жума туруп калса, акыркы 43 жумада 2200гө, анан өткөн жумада 2700гө жетип, 3 миңге жакындап калды. Эмки жумада 4 миңден ашып кетиши да мүмкүн. Бул жалпы сасык тумоо менен ооруган адамдардын саны республика боюнча.

- Азыр чочко тумоосун жуктуруп алгандарды дарылоого колдонулуп жаткан Тамифлю деген дары канчалык өзүн актап атат?

- Өтө жакшы актап атат. Азыр бизге келгендер Тамифлюну ичкенде дароо ысытмасы түшүп калып атат. Демек эффективдүүлүгү жогору.

- Бул оорудан таптаза айыгып кеткендер барбы?

- Бардыгы айыгып кетип атат, бизде бул оорудан каза болгондор жок.

- Ноябрдын аягында 40 миң адамга жете турган дары келет деп айтылып атпады беле. Бул качан колуңуздарга тиет?

- Аны айта албайбыз. Себеби азыр сүйлөшүүлөр гана жүрүүдө. Беребиз деп атышат. Бизде мисалы мурда келген Тамифлюнун бир жарым миң дозасы долбоорго кирген эле, андан кийин 7 миң 41 доза Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан гумжардам катары келген. Аны биз бүт жер-жерлерге жеткирип бергенбиз, облус, райондордо да бар. Башында 30 миң деп аткан эле, эми так 40 миң доза келет деп атат.

- Декабрда келүүчү пандемиялык сасык тумоого каршы вакцина канчалык деңгээлде ошол оорудан сактай алат?

- Оорудан канчалык деңгээлде сактай алат деген маалымат берилбейт. Себеби аны сынап көргөн жок миллион адамга жасап. Сыноолордо миң, он миң кишиге чейинки адамдарга гана клиникалык иликтөөлөр жасалган да, канчалык деңгээлде ошого каршы имунитетти пайда кыла алат деп. Ошондо эки компанияга уруксат берген, бирөөсү Францияныкы, бирөөсү Бельгияныкы. Биз Францияныкын алабыз деп жазып атабыз. Ал 95 пайыз адамдарда иммунитетти пайда кылат, вакцинаны жасагандан кийин адамда 95 пайызга оорубай калганга кепилдик бар, же болбосо 100 кишиге эмдөө жасаса ошонун 95и оорубайт деген сөз.

- Бүгүнкү күндө беткап тагынып, сасык тумоону алдын алууга аракет кылган адамдар аз болуп аткандай?

- Билбейм, ага иликтөө жүргүзгөн жерибиз жок. Менин байкашымына караганда, элдин көпчүлүгү эле беткап тагынып атышат. Ошону туура кылып атышат. Себеби ал 100 пайыз сасык тумоодон сактабаганы менен жугуп калуу мүмкүнчүлүгүн азайтат.

- Демек беткап тагынып жүрүш керек турбайбы?

- Тагынып жүрүш керек, муну биз сунуштайбыз, талап кылабыз, суранабыз жана жалынабыз.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG