Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Кыргызстан кышка даярбы?


“Ыңгайсыз суроолор” сыналгы көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кышка даярдык, суу-энергетикалык коопсуздук маселесине арналмакчы.

Учурда Камбар-Ата -2 ГЭСи курулууда, ошол эле учурда газ менен камсыздоо боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул ирет көрсөтүүгө Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев жана мурдагы вице-премьер-министри, эксперт Базарбай Мамбетов катышмакчы.

Бул меймандарга бере турган сурооңуз болсо, анда жарыябыздын астындагы шерине бөлүгүнө алдын-ала жазып койсоңуз болот. Аты-жөнүңүздү, электрондук дарегиңизди жана телефон номуруңузду да жазууну унутпаңыз. Бул маалымат сиз менен кайра байланышуу үчүн керек. Сиздерден курч жана багыттоочу суроолорду күтөбүз.

Сиздерди ар аптанын шаршемби күнү Бишкек убакыты боюнча саат 21:00де "Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсүн көрүүгө чакырабыз.

Шериктерибиз “Манас жаңырыгы” (Бишкек) жана “Керемет” (Ош) сыналгы компанияларынын каналдары аркылуу обого чыгып жаткан бул апталык программа Кыргызстандын жалпы саясатындагы, реформа кыймылындагы, адам укуктарын сактоо жаатындагы, социалдык, экономикалык жана маданий турмушундагы маанилүү, ургаалдуу жана көйгөй маселелерди ырааттуу чагылдырат.
XS
SM
MD
LG