Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

“Азаттык+” телепрограммасына катышкыңыз келеби?


Урматтуу көрармандар! 20-май күнү “азаттыкплюсчулар” “Кесип тандоо – акыркы сабак” деген темада программа тартат.

Программага катышууга быйылкы жана 2005-жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүн чакырабыз.

1) 2005-жылкы абитуриенттерге (1-ыңкылаптын жылы) суроолор: Быйыл сиздер жогорку окуу жайларын бүтүп, бир кесиптин ээси болдуңар. Беш жыл мурун тандаган кесибиңизге мамилеңиз өзгөргөн жокпу? Быйыл, 2010-жылы мектепти бүтүп жаткандарга айтчу сөздөрүнүз барбы, же суроо бергиңиз келеби?

2) 2010-жылкы абитуриенттерге (2-ыңкылап болгон жыл) суроолор: Жакында - акыркы коңгуроо. Бала чагыңызда кайсы кесип тууралуу кыялданат элеңиз? Азыр ошол кыялыңыз ишке ашуудабы же шарт жокпу? Жообуңузду чечмелеп бериңиз? Беш жыл мурун бүткөн агай-эжелерге кандай суроо бермексиз?

Жооп күтөбүз! Программаны 24 - май күнү кечки саат 9да Улуттук телеканалдан көрүңүз!
XS
SM
MD
LG