Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Ж. Рипар: Кыргыздын ат менен жаны бир


Жаклин Рипар: Кыргыз аттарын издеп төрт жыл кээде жөө, кээде атчан тоолорду кыдырып, далай чабандарга бардым

Жаклин Рипар: Кыргыз аттарын издеп төрт жыл кээде жөө, кээде атчан тоолорду кыдырып, далай чабандарга бардым

“Кыргыз аты” мекемесинин жетекчиси Жаклин Рипар июлда Мургабда ат чабыш фестивалын уюштуруп өткөрүп жүргөндө “Азаттыкка” маек курган.

Жаклин Рипар: - Мургабда ат чабыш биринчи жолу уюштурулду. 2005-жылдан баштап үч жыл катары менен мындай фестваль Ысык-Көлдүн Барскоонунда өттү. 2007-жылкы иш-чарага биз Мургабдан он эки кишиден турган делегация чакырганбыз. Алардын арасында ырчы-күүчүлөр, акимиаттын өкүлдөрү болгон. Алар ошондо ат чабышты өткөрүү боюнча алгачкы тажрыйба алышкан. Биз бул иш-чараны үчүнчү ирээт өткөрүп жатканда, ага катышкан Кыргызстандын башка аймактарынын жана Тоолуу Бадахшандагы кыргыздары дал ушундай эле фестивалдар өздөрүнүн аймагында да өтүшүн каалай турганын байкадык.

Памир - кыргыз аттарын багып-өстүрүүгө абдан ыңгайлуу жер
Барскоондогу фестивалдар өтө чоң анан кызыктуу өтчү. Бирок ал борбор болбогондуктан Нарын, Алай жана бул жактагы адамдар үчүн абдан алыс эле. Ошондуктан биз мындан ары бир чоң фестиваль уюштурбай, жер-жерлерде чакан бир нече ат чабыштарды өткөрүп турууну чечтик.

Мургабдагы ат чабыш
Биз төрт аймакты тандап алдык. Бул - Ысык-Көл, Токтогул, Алай жана Мургаб. Өткөн жылкы Ысык-Көлдөгү фестивалга биз ар бир региондон бирден өкүлдү уюштуруу иштерине катышып тажрыйба алсын деп чакырганбыз. Мына Мургабдагы иш-чара мындай чакан фестивалдардын үлгүсү болуп калганына абдан кубанычтабыз. Бул фестивалдан кийин биз ат оюндарды жер-жерлерде бөлүп өткөрүү ийгиликтүү болооруна көзүбүз жетти. Биздин “Кыргыз аты” мекемеси ат оюндарын өткөрүүгө каржылык жана уюштуруучулук жактан жардам берип келет.

Элеонора Бейшенбек кызы:- Мургаб районунун борборунда болгону 24 эле ат бар экен. Жаклин айым айтсаңыз, бул шарты катаал, тоолуу аймакта жылкы баласын көбөйтүүгө болобу?

Жаклин Рипар: - Биз бул региондо үч жылдан бери иштеп жатабыз. Биринчи жолу келгенде мен абдан таң калган элем. Анда аттардын саны мындан да аз болчу. Жалпы Мургаб району боюнча азыр жүздөй ат бар. Анткени бул жактагы аттар бийик тоолуу аймакка көнгөн эмес. Бул аттар союздун тушундагы аргындаштыруунун айынан чыдамкайлуулугун жоготкон. Тилекке каршы бул аттарда тоо климатына көнгөн кыргыз аттарынын каны аз. Кышында аларды абдан жакшылап багуу керек. Көбүрөөк жем берип сууктан коргоо зарыл. Мындай тоо шартында аттардын тукум улантышы да абдан кыйын. Бирок чыныгы байыркы кыргыздардын аттары тоого абдан ыңгайлуу болгон.

Кыргызстандагы 900 миң жылкынын беш пайызы гана кыргыз аттары болуп эсептелет
Менимче Памир - кыргыз аттарын багып-өстүрүүгө абдан ыңгайлуу жер. Бирок тилекке каршы бул жердеги адамдарга бир нече ат багуу кыйынга турат. Азыр кээ бир үй-бүлөлөрдө бир же эки аты бар. Аларды көбөйтүп багууга каражаттары жетпейт. Биз азыр буларга маалымат жактан жардам берип жатабыз. Аттарды кантип тандоо керектигин, кандай негизги стандарттага көңүл буруу керектигин үйрөтүп жататбыз. Бул аймакта жылкы баласынын көбөйүшү үчүн убакыт керек. Эң башкысы мургабдыктар аттарды көбөйтүүнү чындап каалап жатышат. Болгону убакыт гана керек.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Жанатан бери кыргыз аттары деп айтып жатасыз, дегеле таза тукумдуу кыргыз аттары сакталганбы? Мен байкагандан Кыргызстанда жылкылардын көбү эле чоң-чоң келишет. Ал эми кыргыз аттары анча чоң эмес, бирок сан-булчуңдары чымыр болот эмеспи.

Жаклин Рипар:
- Биз азыр чыныгы асыл тукумдуу кыргыз аттарын дээрлик таппайбыз. Алар аргындашып калган. Аргындашуунун айынан көп аттардын тукуму үзүлдү. Бирок азыр кээ бир чабандар, айрым үй-бүлөлөр бул аттын түрүн аз да болсо сактап кала алышкан. Бирок алар чыныгы кыргыз аты болбосо да, ага каны көбүрөөк окшош. Кыргызстандагы 900 миң жылкынын беш пайызы гана кыргыз аттары болуп эсептелет. Негизи кыргыз аттарына 20-30 пайыз окшош болгон жылкылар бар. Аттарды тандап, чыныгы кыргыз аттарын жандандыруу үчүн убакыт керек.

Менимче аттарды бир нече багытта багуу керек: эт үчүн, сүт үчүн жана минүү үчүн. Мен байкагандан бүгүнкү күндө Кыргызстанда мингич аттарды багуу өтө популярдуу эмес. Элдер чоң аттар кымбат турат, сатса көп акча болот, деп эсептешет. Бирок ал атты жыл бою багуу керектигин эске алышпайт. Менимче аттарды минүү үчүн багуу керек. Бул экономикада экотуризм менен байланышкан жаңы ачылыш болот. Ошондуктан биз азыр Мургабдагы бир жамаатты аттарды тоодо алып жүрүү боюнча окутуп жатабыз. Бул акча табуунун, аттарды багып көбөйтүүнүн бирден-бир жолу.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Жаклин айым, сиздин атка болгон кызыгууңуз качан пайда болгон? Эмне үчүн “Казак аты”, “Монгол аты” дебей, “Кыргыз аты” деген мекеме түздүңүз? Көчмөндөр арасында ат баккан элдер көп эмеспи.

Жаклин Рипар: - Мен аттарга кичинемден тарта эле кызыгып келем. Жылкы баласы тууралуу тажрыйбам жетишерлик. Бул жаатта атайын мектептен өткөм. Бир топ ат чабыштарга катышып келгем.

Европада, андан кийин Орусияда тарыхый архивтерди окуп баштаганымда 19 кылымда өтө белгилүү кыргыз аты болгонун билдим
Аттарга кызыга баштаганда эле жылкы баласынын артында чоң маданият жатканын бат эле түшүндүм. Аттар менен эриш-аркак жашап келген элдер туурулуу көбүрөөк билгим келди. Он беш жылдай Африкада иштедим, беш-алты жылдай Түштүк Америкада, Канадада болдум. Менимче биздин планета маданий байлыктарга аябай бай. Бирок ар дайым чоңураак, алдуурак маданият андан кичирээк, алсызыраагын басып келет. Планета бай болуш үчүн маданияттардын ар башка болгону жакшы.

Мен бала кезимде эле Борбор Азиядагы ат баккан көчмөндөр тууралуу уккам. Бирок көп учурда монголдор тууралуу эле айтышат. Албетте мен Монголияга ал жактагы элдер, маданияты менен таанышуу үчүн бардым. Монголия маданий көз караштан алып караганда өтө белгилүү мамлекет деп айтса болот. Мен кыргыздар да өтө байыркы эл экенин билдим, бирок бул элди дүйнө дээрлик тааныбайт. Мен кыргыздар тууралуу алгач Европада, андан кийин Орусияда тарыхый архивтерди окуп баштаганымда 19 кылымда өтө белгилүү кыргыз аты болгонун билдим. Алтүгүл Европадан, Орусиядан зоотехниктер ал атты изилдөө үчүн келишкен экен. Алар бул кыргыз жылкысы тууралуу, анын кайталангыс сапаттары, касиеттери жөнүндө аябай көп сүрөттөшүптүр.

Мен Кыргызстанга дал ушул аттын тукумун көрөйүн деп атайын келгем. Мага бул жактан “андай аттарды балким тоолордун арасын табарсың”, дешти. Мен төрт жыл бою тоолордо кээде жөө, кээде атчан кыдырып, ошол аттарды издеп далай чабандарга бардым. Мен жолуккан кыргыздардын баары ошондой аттардын тукумун көбөйтүүнү каалашарын билдим. Бир топ аксакалдар кыргыз аттары тууралуу уламыш-баяндарды, тарыхый окуяларды айтып беришти. Алар азыркы аттар менен узакка жүрө албасын, анткени аттар бат эле чаалыгып каларын айтышты. Андан кийин мен Айыл чарба министрлиги, кыргыз өкмөтү менен иштедим. Мен кыргыз аттарын жандантууну алар да каалай турганын сездим. Ошондон кийин мен “Кыргыз аты” деген мекеме түзүүнү чечтим.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Мен жакында эле Соң-Көл, Суусамыр жайлоолорунда болуп келдим. Мургабга келе жатып Алайдын жайлоолорун көрдүм, байкашымча азыр элде жылкы баласы көбөйдү. Жылкы баласын кармаган менен азыр ага болгон мамиле өзгөрдү деп ойлойсузбу? Мурун ”Ат адамдын канаты”, “Ат сыйлаган жөө калбайт” деп жылкы баласын аздектеген мамиле бар эле. Азыр болсо негизинен эт, сүт, анан сатып калса акча үчүн эле кармап калышкандай.

Аттарга болгон азыркы мамиле бар болгону убактылуу, экономика менен байланыштуу проблема
Жаклин Рипар:
- Ат - кыргыздын жүрөгүндө жана канында жашайт. Кыргыздардын ат менен жаны бир. Жылкы баласы анын кадыр баркы, бир бөлүгү болгондуктан экөөнү ажыратуу таптакыр мүмкүн эмес. Атыгүл сөздүктөрдө көп сөздөр ат менен байланыштуу. Мисалы “Сенин атың ким?” деген сүйлөмдү алалы. Илгери кыргыздарда минип жүргөн аты кандай аталса, анын ысымы да дал ошондой болчу. Ошондуктан бул сакталып калган. Албетте ат тууралуу тажрыйбалардын көбү Советтер союзунун тушунда колдонулбай элдер унутта баштаган. Көп тажрыйбалар жоголуп кеткен.

Мен фестивалдарга келген башка өлкөлөрдүн жарандары ат мингенде жылкы баласы менен анча коошпой турганын, ал эми кыргыз ат минсе тим эле куп жарышып, бири-бирине айкалышып, бир жан болуп калаарын байкадым. Ооба, азыр элдер аттарын жакшы бакпай калышты, балким бул каражаттын жетишсиздигинен улам болушу мүмкүн. Бул тажрыйбанын жетишсиздигине байланыштуу кичинекей эле проблема. Мени менен иштеген көптөгөн адамдар, чабандестер кичине эле акча таба калышса аттарын жакшылап бакканга аракет кылышат. Аттарга болгон азыркы мамиле бар болгону убактылуу, экономика менен байланыштуу проблема.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Мургабда ат оюндары жыйырма жакын убактан бери болбоптур. Бул жолку фестивалда мен элдердин чындап эле кубанып атканын байкадым. Муну мындан ары үзгүлтүксүз улантып кетүүгө болобу?

Жаклин Рипар: - Эң башкысы аттар бийик тоо шартына чыдамкай болгон кезде, өзүнөн өзү көбөйө баштайт. Биздин азыр унутула баштаган аттар туурулуу ыр-күүлөрдү жандантуу, таратуу боюнча өзүнчө программабыз да бар. Августта Чоң Алайда өтчү фестивалга чакырылган Мургабда он музыкант бар. Биз аттар менен кошо ага байланышкан маданиятты да жандантууга аракет кылып келебиз. Мен бүгүн ат таймаштарга катышкан мургабдык жаш балдарды көрдүм. Менимче алар эмдиги жылы “Кыз куумай”, “Оодарыш”, “Тыйын эңмей”, “Көк бөрү” оюндардын ар биринде жеңишке жетүү үчүн эми көбүрөөк машыга башташат. Мына ушундай мотивацияны табуу өтө маанилүү. Өзүнүн ким экенин кайрадан таануу өтө маанилүү.

Менимче Мургабдагы кыргыздардын баары өздөрүнүн маданияттын сактап кала алышкан. Эми ошол маданиятты жоготпой алып кетүү гана калды. Бул фестиваль мына ошол маданияттын бир гана көрүнүшү. Мен бул фестиваль жыл сайын өтүп турушун каалайт элем. Эмдиги жылы да биздин мекеме мындай фестивалды уюштуруп өткөрүүгө жардам берет. Андан кийин өздөрү улантып кетиши керек болот. Мындай иш-чаралар туристтер үчүн да абдан жакшы. Фестиваль ошол аймакты көбүрөөк таанытууга жардам берет. Бул жакка келген чет өлкөлүктөр да регионду жакшылап таанып алышат. Туристтердин көп келиши экономиканы өнүктүрөт. Мургабдын туристтик кудурети абдан чоң. Бирок азыр анын аз гана бөлүгү колдонулуп жатат. Менимче бул фестиваль алардын потенциалынын толук колдонулушуна жардам берет.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Маегиңизге чоң рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG