Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Талас: толуп калган үкөктөр, такталбаган тизмелер


Таласта бийлик өкүлдөр шайлоо таза өтүп жатканын ырастаганы менен, шайлоонун жүрүшүндө бир топ кемчиликтер байкалууда.

10-октябрда шайлоо жайлары ачылаары менен “Азаттыкка” Талас шаарындагы №108 шайлоо бекетинде “Ата Мекен” партиясынын гимни жана партияны даңазалаган ырлар жаңырып жатканы тууралуу арыздануулар болду.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы жеринен тактаганда, шайлоо комиссиясынын өкүлү бул маалыматтарды четке какты.

Талас районунун Кара-Суу айылындагы № 6090 шайлоо жайынын катчысы Гүлбарчын Өмүралиева шайлоочулардын көбү чет өлкөгө чыгуучу паспорттору менен добуш берүүгө аракет кылып жатышканын айтты:

- Чет өлкөгө чыгуучу паспорт менен келгендерге уруксат берген жокпуз. Себеби ал жерде кайсы жерде катталганы көрсөтүлгөн эмес.

Түшкө жуук саат 10-11де эле добуш салуу үкөктөрү толуп калгандарына айрым шайлоочулар “шайтан оюндар башталдыбы” деп шектене башташты.

- Айрым шайлоо жайларында үкөктөр толуп калыптыр. Бул туура эмес деп эсептейм. Биз 20 жылдан бери таза шайлоо, таза коомго келебиз деп жүргөнбүз, бирок шайлоо таза болбой жатканы билинип турат.

№ 6092 шайлоо бекетинин төрагасы Канат Кадыркулов бул аймакта 1665 шайлоочу катталганын айтып, бюллетен узун болгондуктан 300 шайлоочунун добушунан кийин эле үкөк толуп, аларга дагы 3 үкөк керектигин “Азаттыкка” маалымдады:

- Билбейбиз ошону кандай кылабыз. Кошумча үкөктү алып келебиз деди.

Бул маселени чечүү жолдорун издеген Талас райондук шайлоо комиссиясынын төрайымы Роза Жээналиева кошумча шайлоо үкөктөрү да аз болуп жатканын айтты.

- Үкөк чынында жетпейт, эскиси бар, аргасыздан ошону алып келем.

Тизмени ким түздү?

№ 6084 шайлоо жайында шайлоочулардын тизмеси алдын ала такталбаганы байкалган. Аталган шайлоо участогунун төрагасы Кенжегара Чиркеев бул мүчүлүштүк айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен кеткенин билдирди.

- Тизмеге кирбегендерди киргизип коюшуптур, ошону менен тизме ашык болуп калды. Мурда такташпаса керек.

Долоно айыл округ башчы Тариел Жоробеков бул кемчиликти мойнуна алды.

- Мурда кошумча тизмени киргизгенде жаңылышып, негизги тизмеге киргизип алып, чатактын баары ошодон улам чыгууда.

“Азаттык”: Кайсы кошумча тизме?

- Мурда референдумда мигрант болуп чыкпады беле, ошолорду кайра киргизүү боюнча болуп жатат.

Айрым интернет баракчаларында “бийлик административдик ресурсту пайдаланып, Талас шаарынын мэри Сирен Шейшенов шайлоо жайларын кыдырып жүрөт” деген маалымат чыккан. Бул тууралуу губернаторго түшүнүк жазган Сирен Шейшенов жогоруда айтылган аракетинде мыйзамсыз ишти байкабаганын айтып, “бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун кажети жок” дейт.

- Шайлоо мыйзамдарынын баарын билем. Мен шайлоо участкаларына барып, “мен мэр элем” деп кирген жокмун. Сырттан төрагаларын чакырып, алардын уруксаты менен 30-40 секунд тилек айтып коюу максатта кирип чыктым. Эки участоктун төрайымдары уруксат берген жок, кирген жокпуз.

Талас облусу боюнча 115 шайлоо жайы бар жана добуш берүүгө катышууга 121 миң 273 кишинин укугу бар.

XS
SM
MD
LG