Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Талас шаарындагы облустук оорукана губернатордун чечими менен Талас районуна караштуу Көк-Ой айылындагы райондук оорукананын имаратына көчүрүлө турган болду.

Былтыр 2007-жылы эле Талас районундагы Көк-Ой айылындагы ооруканадагы айрым хирургия, урология жана башка бир топ бөлүмдөгүлөр Талас шаарындагы облустук оорукананын имаратына көчүрүлгөн. Ал иш ошол кездеги облустун губернатору Байымбет Мураталиевдин демилгеси менен жасалган. Бир жыл өтпөй облустун губернатору алмашып, азыркы губернатор Бейшенбек Болотбеков Талас шаарындагы облустук оорукананы кайрадан жогоруда айтылган Талас райондук оорукананын имаратына көчүрүп баруу аракетинде. Бирок облустук оорукананын дарыгерлер жамааты губернатордун мындай чечимине каршы болушууда.


- Биз облустук оорукана болгондон кийин бизге облустун 4 районунан оорулуулар келип жатат. Ал жака оорулуларга барганга алыс болуп калат,-
дейт неврология бөлүмүнүн башкы дарыгери Токтосун Көчөрбаев.

Көз дарылоочу бөлүмүндө башкы мээрман болуп көп жылдан бери эмгектенип келген Люба Корчубекова аталган бөлүм акыркы беш жылдын ичинде ар кайсы жерге көчүрүлүп, ар көчкөн сайын кымбат баалуу көз дарылоочу аспаптардын сынып жатканын айтып кейийт:

- Биринчиден, ар бир кызматкер өзүбүз көтөрүп, өзүбүз ташыйбыз. Анан кийин кыздарга да күч келет экен. Ооруп да калдык ушинтип көчүп жүрө берип. Экинчиден, шкафтарыбыз эмеректер сынып эле жатат.

Алыскы Кара-Буура районунан келип көзүн дарылатып жаткан Анарбүбү Рысалиева Талас шаарындагы оорукана жол жээкте болуп, келгендерге ыңгайлуу дейт:

- Ушул оорукананы калтыргыла! Түз жол бизге. Бир аз айлыгыбыз жетпейт. Акча тапсак, баягы кыргызча айтайын, аштык тапсаң баштык жок дейт, баштык тапсаң аштык жок дегендей болуп атат.

Дарыгер Зина Үмөталиева мындай көчүрүү көптөгөн дарыгерлердин чөнтөктөрүнө чыгым алып келээрин белгилейт:

- Ойлоңуз, мына загот зернодон келип биз түз түшүп калабыз. Эми пересадка жасашыбыз керек. Бир айда алган айлыгыбыз 1200 болсо, 600 сом жол киреге кетет, эмне биз 400 сом эмнеге жетет. Инсульт менен ооругандар бар. Ал жерде дараткана ишебейт экен. Ооруларга оор болуп калат.

Облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков оорукананы көчүрүү маселесин саламаттыкты сактоо министирине барып жакынкы арада толугу менен чечип келээрин «Азаттыкка» айтып, райондук ооруканада чыкпай жаткан суу маселесин чечебиз дейт:

- Шаардын ичинде болсун деп хирургия менен травматология бул жакка келди, калган терапевтикалык багыттагы оорулууларды баардыгын ошол Көк-Ойго көчүрөбүз. Ал жерде көп деле чыгымга учурабайт.

Былтыр эле Көк-Ой айылындагы ооруканадан облустук ооруканага көчүп келишкен урология бөлүмүнүн башкы дарыгери Нурдин Койчукулов жаман суулар чыгуучу түтүкчөлөр жарабай, таза сууну чыгаруу маселеси ал жакта мурда эле көтөрүлүп, чечилбей келгенин билдирди:

- МЧCтен канча кишилер келип эле жасайбыз деп жүргөн. Бирок жыйынтыгы болгон жок. Оорулуулар бакалашка менен суу ташып жүрүшөт. Губернатордун чечими чыккан бул жакка көчөлөрдө. Бул губернатор келип кайра тигил жакка дейт, эртең башка губернатор келсе кайра башка жакка деши мүмкүн. Бул военный структура эмес да солдаттар туруп алып кетип калгандай. Канча деген ооруулуу бар, которуш керек, канча мед оборудованиелер бар. Ар бир аппаратураларды ары-бери ташыганда канчасы жараксыз болуп калып жатат.

Баарынан коркунучтуусу облустук оорукананы Көк-Ой айылындагы оорукананын имаратына көчүрүп алып, жогоруда ал ооруканага суу чыгарам деген губернатор алмашып кетип, дарыгерлер менен дарыланып жаткан адамдар кайрадан эшиктен чакалап суу ташыбаса эле болду.

XS
SM
MD
LG