Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Таласта дарыгерлер жетишпейт


Кыргызстандын алыскы айылдарына эл аралык уюмдар эмканаларды куруп беришүүдө. Бирок айыл тургундар эмканаларда жогорку билимдүү дарыгерлер иштебегендиктен, район, облустук ооруканалар алыс болуп, айрым учурда өмүргө коркунуч тууларын айтышууда.

Швейцариялык Кызыл чырым уюмунун жардамы менен Талас районуна караштуу Кара-Суу айылында чакан эмкана курулуп, ишке киргизилди. Жакында бул имараттын ачылыш салтанаты болуп, жогоруда айтылган эл аралык уюмдун өкүлү Адреа Штудер айыл бул имараттын курулушуна жардам берген жергиликтүү тургундарга да өз ыраазычылыгын айтып кетти.

Бул эмкананы курууга жалпысынан 606 миң сом акча жумшалып, анын 175 миң сомун жергиликтүү тургундар, ар түтүн 200 сомдон чыгарып көтөрүштү. «Аталган эмканада жогорку билимдүү бир врач иштесе жакшы болот эле, айрым учурда дарыгердин жогунан ден - соолук начарлап, өмүрүбүз коркунуч абалда калган мезгилдер да кездешет», деген өтүнүчтөрүн айыл тургундар жергиликтүү бийликке Азаттык аркылуу жолдошту.

Бул көйгөйдү чечүү бүгүнкү күндө кыйын деген Талас райондук «үйбүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Аттокур Шадиев район боюнча жалпысынан 22 врач жетишпейт деп билдирди. Ал эми жалпы облус боюнча бүгүнкү учурда стационар жана амбулатордук врачтардан 103 дарыгер жетишпейт.
XS
SM
MD
LG