Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Оппозиция Таласта болду


Элдик курултай, Бишкек, 17-март, 2010-жыл
Элдик курултай, Бишкек, 17-март, 2010-жыл

Талас шаарына Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров баштаган оппозиция лидерлери барып, оппозициянын жергиликтүү өкүлдөрү менен жолугушту. Анда таластыктар нарындыктардын чакырыгын колдоп, 7-апрель күнү бийликке каршы өз үндөрүн билдирмей болушту.

26-мартта оппозиция лидерлери Өтмөк ашуусу аркылуу Талас шаарына кирип келатканда аларды жергиликтүү милиция кызматкерлери токтотуп, облустук ички иштер бөлүмүнө алып барышкан.

Лидерлерди ташып жүргөн эки унаанын айдоочуларынын күбөлүктөрүн «жол эрежесин буздуңар» деп алып, Азимбек Бекназаровду облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы кабыл алды.

Көп өтпөй оппозиция лидерлери “Ата мекен” партиясынын штабына барып, 50дөн ашык жергиликтүү аксакалдар, жаштар менен сүйлөшүп, жыйын өткөрүштү. Жыйында энергетика, чек ара, жерлердин сатылышы тууралуу маселелер козголуп, Элдик курултайда бийликке коюлган талаптардын бири да аткарылбаганы айтылды.

Азимбек Бекназаров кийинки кадамдар тууралуу карапайым калк менен сүйлөшүп, кеңешүү максатында Таласка келгенин айтты:

- Нааразылык жер-жерлерде болот. Региондордо кишилер чогулуп, ар ким өзүнүн бийлигинен, акиминен, айыл өкмөттөн, губернатордон талап кылат.

Азимбек Бекназаров менен чогуу Таласка келген Дөөлөтбек Шадыбеков “Талас элинде Манас атанын деми байкалат, карапайым элдин ичинде көйгөй жарылганы турат” деди.

Ал эми "Ата мекен” партиясынын катчысы Асыл Мамырова жалпы Талас элинин ичинде бийликке болгон нааразылык күч алып, алар өз үндөрүн айта албай турган учурда оппозиция лидерлеринин Таласка келиши менен эл биригет деген пикирде:

- Нааразычылыгыбызды билдиребиз деген адамдар даяр, анткени ар бир киши азыр кыйналган, ар бир кишинин көйгөйү болуп атпайбы.

Талас облусунун губернаторунун басма сөз катчысы Бакай Садыров оппозиция лидерлери өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, элди мыйзамсыз жолго үндөп жатканын, бийликтин энергетика жана башка саясаттарын эл убакыт өтүп түшүнөөрүн белгиледи:

- Энергетика боюнча биз бул кадамга барбасак 3-4 жылдан кийин такыр эле Тажикстанга окшоп энергиясыз калышыбыз мүмкүн. Бул арга жоктон болгон кадам деп эсептейм. Анын үстүнө электр кубаты кымбаттаганы менен аз камсыз болгон, каражаты жетишсиз үй-бүлөлөргө кайра кошумча төлөмдөр берилип жатпайбы. Менимче, бул көп деле элдик толкундоолорду жарата турган маселе эмес.

“Ата мекен” партиясынын Таластагы штабында болгон оппозиция лидерлеринин эл менен жолугушуусунда таластыктар да Нарын калкын колдоп, 7-апрелде бийликке каршы өз үндөрүн билдирип, акцияга чыгышаарын айтышты.

Жыйында Азимбек Бекназаров менен “Ата мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Чотонов жана аксакалдар кеңешинин мүчөсү Оморбай Нарбеков да сөз сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG