Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Талас: Узак каникулдан убайым жегендер көп


Талас облусундагы жүз он төрт мектептин сексенден ашыгында кышкы каникул 24-февралга чейин созулат. Бирок узак эс алууга чыккандар арасында сүйүнгөндөр аз.

Талас шаарынын өзүндө тогуз мектепте окуу эки айга токтотулду. Жети миңден ашуун окуучулар азыр кышкы каникулда. Аймакта саналуу гана балдар кышкы каникулда спорттук же дагы башка ийримдерге катышып, бир нерсе менен алек болуп жатышат. Окуучулардын көпчүлүгү болсо эс алуу күндөрүн үйдө сыналгы алдында өткөрүшөт. Жарык жокто керелдин кечке көчөдө болот.

Тогуз жашар Максат күнүгө шаар көчөлөрүнүн кесилишине достору менен келип, өтүп жаткан машиналарга жармаша калып муз тээп ойнойт. Бул балдар узак каникул башталгандан бери эс алуу күндөрүн ушундай опурталдуу оюн ойноп же компьютердик клубдарда өткөрүп жатышыптыр. Максаттын ата-энеси шаардык базарда соода-сатык менен алектенишет. Муз тээп же компьютер ойногондон тышкары бул жеткинчек кээде аларга жардам берип турарын айтат.

Он бир жаштагы Айнуранын ата-энеси да базарда иштеп оокат кылат. Алар бир нече ай мурун кызын сүрөт ийримине киригизп койгон. «Мен сүрөткө келип, үйдө телевизор көрүп, сабактарымды окуп, кышкы каникулумду кызыктуу өткөрүп жатам», - деп ой бөлүшөт Айнура.

Айнура катышкан ийрим шаардагы жалгыз балдар билим берүү борборунда жайгашкан. Борбордун директору Гулжан Сапарбаеванын айтымында, кышкы каникулдун узартылышы менен борборго балдарын алып келген ата-энелердин саны кыйла көбөйдү:

- Бүгүн эртең менен жумушка келсем, мени күтүп эки апа отуруптур, экөө экиден кызын ээрчитип алышыптыр. Балдар үйдө бош олтурбай, бири тил, бири бий, бири музыка үйрөнсүн деп ээрчитип келишиптир.

Анткен менен шаардык балдар билим берүү борбору эки жүз жыйырма балага гана ылайыкталган. Учурда шаарда аны менен кошо жалгыз музыкалык мектеп гана иштеп жатат. Буд мектеп жүздөй баланы окута алат.

Калган алты жарым миңдей окуучунун кышкы эс алуусун уюштурууну мектептер менен биргеликте шаардык администрация колго алганын ”Азаттыкка” Таластын вице-мэри Нуржамал Абылгазиева билдирди. Мэрия кышкы каникул мезгилинде окуучулар арасындагы спартакида, бир катар чыгармачыл сынактарды жана башка кызыктуу иш-чаралар белгиленгенин кошумчалады:

- Дебаттарды, окутуу семинарларын өткөрүүнү, муну менен кошо «Кардан киши жасайбыз» сынагын уюштурууну пландап жатабыз. Балдар фантазиясына жараша кар киши, же сыйкырдуу сепил, же башка буюмду жасай алышат. Ушул өңдүү кызыктуу оюндарды өткөрүү пландарыбызда бар.

Нуржамал Абылгазиеванын айтымында, бул иш-чаралар ойдогудай өтсө, алар окуучулардын жарымын камтый алат.

Деген менен жакынкы иш-чара 24-январда гана өтмөкчү. Быйылкы каникул узак болору чукул белгилүү болгондуктан спартакиададан башка иш-чараларга каражат бөлүнгөн эмес. Ошондуктан аларды өткөрүү үчүн демөөрчүлөр изделүүдө, дейт вице-мэр.

Ал арада биздин таанышыбыз Максаттын апасы Бактыгүл үчүн каникулдун узартылышы дагы бир баш ооруга айланып турат. Базарда соода кылган чакта балдары ойдогудай эс алалбай, же окубай, убактысын текке кетирип жатканына зээни кейит:

- Жаман эле болуп жатат. Бир эле менин балам эмес, канчалаган балдар бош жүрөт. Болгону үйгө кирип, эшикке чыгып эле жүрүшөт.

Кышкы каникулдун узартылышы менен окуу жылы да июнь айынын жарымына чейин узарганы белгилүү. Бактыгүлдүн айтымында, жазында ал үй-бүлөсү менен айылда төө бурчак талаасын иштетип баштайт. Андыктан кышкы эс алуусун көчөдө өткөргөн Максат май айында эле мектеп менен кош айтышып, жайкы каникул бою талаада жүрөт окшойт.

XS
SM
MD
LG