Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:45

Электр кубатынын кымбатташы тууралуу Талас областында бийлик өкүлдөрү элге жеткиликтүү түшүндүрмө бере алышкан жок. Ошондуктан эл арасында бул тууралуу суроолор күндөн-күнгө көбөйүүдө.

Бүгүнкү учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн баш ооруткан эң негизги маселелеринин бири элге электр кубатынын кымбатташын кантип түшүндүрүү керектиги жөнүндө болуп жатат. Баардык эле бийлик өкүлдөрү электр тармагындагы тетиктердин эскилиги жетип, аларды жаңылатууга каражат жетишпей жатканын жүйө тартууда.

-Ушул акчанын жетишсиздигинен бизде дагы сапаттуу капиталдык-техникалык ремонт болбой калды. Андан тышкаршы бардык оорчулук электр кубатына түшүп атат. Талас шаарын, районду кечинде карасаңыз, бир-эки үйдөн эл түтүн чыгат,- дейт Талас түндүк электро башкармалыгынын дирекору Алик Дүйшөкеев.

Бирок коомчулук арасында бул боюнча талаш көп болуп, карапайым элден тарта экономист серепчилерге чейин сын көз караштарын билдиргендер бар. Талас шаарынын тургуну Нусуп Бектенов электр ишканаларынын талкаланышы ошол тармакта иштеген жетекчилердин өз ишине жасаган кайдыгеринен улам деп белгилейт:

- Райондук, шаардык электр тармактары пландуу түрдө бир дагы ремонт иштерин жүргүзбөйт. Бир подстанциянын, трансформатордун майы агып, жарылып кеткенде элден акча жыйнап коюп коюшат. Автомат күйүп кетсе дагы эч бир иштерди жасабайт. Булардын шылтоосу техникалык жоготуулар болуп жатат. Жарыктын баасын кымбаттатып койгон менен азайта албайт, өкмөт иштеш керек бул жакта, мансапкорлор, кошоматчылар эмес, жакшынакай адистер иштеш керек.

Акыркы он жылдан бери Кыргызстандын энергетика тармагын оңдоп, жаңылатууга чет мамлекеттерден атайын кредиттер да берилип келүүдө. Ошол кредиттер кайда кетти? Бул тууралуу маселени "Азаттыкка" укук коргоочу Анара Давыталиева козгоду.

- Кыргызстанды каржылап келаткан уюмдар негизи эки банк. Азия өнүктүрүү банкы, биз аларга 900 миллион доллар карызпыз. Экинчиси, Дүйнөлүк банк, аларга дагы 900 миллион доллар карызпыз. Россияга аз эле карызпыз - 192 млн, Даниянын эл аралык өнүктүрүү агенттиги, Скандинавниянын, Германиянын банктары, Европанын кайра куруу банкы. Биз аларды өнүктүрүү банкы эмес, оюнчулар деп түшүнөбүз. Бул жердеги түпкү максат - приватизация.

Бүгүнкү учурда Дүйнөлүк банктын такташы боюнча Кыргызстандын 60 пайыз калкы кедейчиликте жашайт. Айрым серепчилердин пикирлерине таянсак, базарларда барган сайын сатуучулар көбөйүп, сатып алуучулар азайууда. Элекр кубатынын кымбаташы менен башка оокат-аштар кымбаттап, кедейчиликтин саны мындан да өсүшү күтүлүүдө.

Баарынан таң калыштуусу, карапайым калк менен өндүрүштүк мекемелер үчүн электр кубатына болгон төлөмдөрүн бирдей болуп калганы, дейт "Талас турмушу" гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов.

-Элдин социалдык турмушун жакшыртып алып туруп, азырак-азыраактан көтөрсө болмок. Карапайым калк менен өнөр жай ишканаларынын төлөй турган баасы бирдей болгону дегеле туура эмес.

Кымбатчылык болбосун деген максатта, өкмөт элди ойлоп, ушундай кадамга барды дейт жакында Таласта электр кубатынын кымбатташы боюнча болгон жыйында отун-энергетика компаниялардын ишин башкаруу боюнча мамлекеттик департаменттин башкы адиси Айгүл Суланкулова:

- Бир дагы жеке ишкер чыгымга иштебейт. Эгер биз ага кымбат тариф койсок, ал чыгымын өзүнүн чыгарган товары аркылуу алып алат. Биз алардан ошол эле нан, колбаса, майды ошол кымбат баада сатып алабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG