Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Көз каранды депутаттар, багы ачылбаган ГЭСтер


Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин айланасындагы суроолорго «Ата мекен» партиясынын төрага орунбасары Ташболот Балтабаев жооп берди.

“Азаттык”: 14-октябрда президент Курманбек Бакиев Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин куруу жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдын күчүн жоготуу тууралуу мыйзамына кол койду. Бул мыйзамга кол коюу менен Кыргызстан кандай пайда табат?

Ташболот Балтабаев: Менимче, Кыргызстан эч кандай пайда таппайт. Мамлекет кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кезектеги стратегиялык байлыгын келечекте жоготот. Кыскасын айтканда, бүгүнкү бийлик Кыргызстан гана үчүн эмес, бүткүл Орто Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон суу жана энгергетика боюнча объектти сатууга жол ачты десек болот. Себеби мурунку мыйзам сатууга жана күрөгө коюуга тыюу салган эле.

Эми, бир өзүнүн кишиси, кардары пайда болсо керек. Ошондуктан кол бала өзүнө Бакиевге көз каранды бүгүнкү “Акжолчу” парламенттин колу менен ушуну жасап, президент тез аранын ичинде ушуга кол коюп атат. Муну эл жакшы билиш керек.

Ушул боюнча кээ бир суроолорду берүүгө туура келип атат. Президенттик шайлоо алдында күндө 7-8 жолу теледен чыгып, “улуттук долбоор” деп кыйкырып, президент өзү “мына, мен 15 жылдан бери курулбай жаткан ГЭстерди өз күчүбүз менен куруп, быйыл декабрга чейин ишке киргизем” деген. Бул мамлекеттик болот дегендери кайда? Азыр эми акча жок деп атат.

“Азаттык”: Камбар-Ата ГЭСтерин сатуу жана күрөгө коюуга жол ачкан мыйзамды Жогорку Кеңеш 9-октябрда кабыл албады беле. Ушул мыйзамды депутаттар эмне үчүн шашылыш кабыл алды деген суроо туулат? Мурда экс-депутат катары азыркы “Акжолчулардын” ушул мамилесине дагы токтоло кетсеңиз?

Ташболот Балтабаев: Мен экс-депутат катары айта турган болсом, биз Акаевдин бийлиги парламенттин алдына пакет долбоорлорду алып келгенде ошол жерде электр энергия системасын приватизациялоо маселеси коюлган болчу, ошондо үч ай бою 18 депутат кворум жасабай парламенттин ишин токтуп туруп биз тарап кеттик эле.

Мына бүгүнкү парламенттин негизин түзгөн, ошону бүгүн иштетип жаткан “Акжолчу” депутаттар бул Бакиевдин көз каранды адамдары десек болот. Себеби каалса бүт баарын таратат, каалабаса бирден таратат.

Ошондуктан бүгүн негизинен “Акжолдон” турган парламент эч кандай өзүнүн позициясы жок, эч кандай бүгүнкү бийлик менен тең тайлашып, элдин позициясын коргой албай турган күчкө айланып калды.

“Азаттык”: Эми ушул мыйзам менен биздеги Камбар-Ата ГЭСтери сатылып кетүү коркунучу толук бар десек болобу, же кандайдыр бир да башка жолдору барбы?

Ташболот Балтабаев: Толук коркунучу бар. Себеби бүгүн Кыргызстанды Бакиев өзү башкарбай калды. Ошонун дагы бир көрүнүшүн байкап атабыз. Эмне үчүн 300 млн. доллар Орусияга грант катарында, эгерде өзүбүздүн акчабыз жок болсо ал кайда кетти?

Эмне үчүн бүгүнкү бийлик ошол жөнүндө отчет бербейт? Эмне үчүн аны Кыргызстан үчүн күйбөгөн Елисеев деген жигит башкарыш керек? Ошол парламенттин, өкмөттүн алдында талап коюш керек.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG