Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Т.Балтабаев: “Бийлик зомбулук стадиясына жетти”


Өлкөдөгү соңку саясий кырдаал тууралуу “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Ташболот Балтабаев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Бүгүн Бишкекте Коомдук парламент жыйынга чогулганы камынууда. Өткөндө эле электр энергиясынын кымбатташына байланыштуу жыйын куруп, анда бир катар билдирүүлөр кабыл алынып, бийликке жөнөтүлгөн. Бирок ал билдирүү боюнча бийликтен дагы эле жооп келе элек. Бүгүнкү жыйында да кабыл алынган билдирүүлөр боюнча бийликтен кандай реакция болушу мүмкүн? Деги эле үнүңөр жетеби?

Ташболот Балтабаев: Бүгүнкү жыйында Кыргызстандагы саясий, экономикалык жана социалдык маселелер боюнча, айрыкча Бакиевдин жүргүзүп жаткан элге каршы конкреттүү саясатын фактылары боюнча талкуу жүрүп, буга ар кандай эл аралык уюмдар жана Кыргызстандын саясий элитасы катышып, дагы бир жолу анализ жүргүзүлөт жана тийиштүү резолюция, сунуштар кабыл алынат.

Бирок, менин жеке пикиримде, бул эч нерсе бербей калды окшойт. Себеби бүгүнкү Бакиев башында турган бийлик диктатуралык башкаруунун деңгээлине жакындап калды. Мен жалпак тил менен айтып коеюн, ушу башкарууда төрт тепкичти басып өтөт экен.

Биринчи тепкичинде ар кандай жетекчи келгенде уятынын негизинде “кой, элге уят” дегендей принцип менен башкарат экен. Экинчи стадиясынан өткөндө уяты жоголуп, бирок коркуу сезими менен “кой, эл эмне кылат, эл көтөрүлүп кетеби” деп коркот экен. Үчүнчүсүндө элди коркутуу стадиясына өтөт. Мына диктатурага кетүүнүн үчүнчү стадиясына бүгүнкү бийлик жетти.

Эми бир эле стадия калды - бул зомбулук, зулумдук стадиясына жетсе, бүттү, ошондон кийин элди баш көтөртпөй, бүгүн оппозициянын лидерлерин чаап аткан болсо, эмки зомбулук стадиясына жетсе, бүт карапайым элди жергиликтүү бийлик тебелеп тепсеп, зомбулук орнолуп калат.

Ошон үчүн бүгүн эл ушуну түшүнүп, кандайдыр бир активдүү позициясын көрсөтүш керек. Ушуга чейин оппозиция көрсөтүп, талкаланып келди, мына, акыркысы болуп күнөөсүз генералды сегиз жылга отургузуп койду.

- Бишкекте ачкачылык акциясы өтүп атат, Алайда да наарызылык акциялары уланууда. Бирок ушул акциялардан натыйжа чыгарына күмөн санагандар көп.

Ташболот Балтабаев: Мен ошону айтып атпаймынбы, диктаторлук ыкма менен башкарып аткан киши элден, уялгандан, корккондон өтүп кетти. Азыр коркутуу стадиясына жетти. Кийинки тепкич зомбулукка чыгат. Бүттү, ошону менен эл жана мыйзам менен эч кимдин иши жок болот. Бул жерде бир гана амирдин гана көзүн карап калган стадияга жетет - ошол зомбулук болот.

- Ачкачылык акциясына катышкандардын ден соолугун карап атпайсызбы, алардын саламаттыгы кандай?

Ташболот Балтабаев: Эми ошонун үчөөнүн ден соолугу абдан эле начар. Мен аларга “өзүңөрдүн өмүрүңөргө коркунуч келтирбей, ойлонуп көрбөйсүңөрбү” десем, “мейли, ушул жерден биздин өлүгүбүз чыкса да Бакиевдин уятына коелу” деп болбой атат. Бирок мен дарыгер катары аларга түшүндүрүп, жеткиргенге аракет кылып атам. Кеч болуп кете электе токтотуп койгула дедим.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG