Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

Журналистти жуткандар үй камагына которулду


Киши колдуу болуп көз жумган журналист Алмаз Ташиев

Киши колдуу болуп көз жумган журналист Алмаз Ташиев

Ноокат райондук соту журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө тиешеси бар деп кармалып, тергөө абагында жаткан эки милиция кызматкерине карата баш коргоо чарасын өзгөрттү. Аларды териштирүү бүткүчө үй абагына жөнөткөн чечимге маркумдун туугандары жана жактоочулары нааразы экендигин билдиришүүдө.

Ноокат районунун прокурору Сүйүнбек Сатыбалдиевдин айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө Исанов айыл округунун участкалык инспектору Шүкүрбек Нурматов, Жаңы-Базар милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөтчүсү Нургазы Батырбек уулу кызматынан аша чаап, басма сөз өкүлүнө кол көтөрүп, саламатчылыгына орду толгус залал келтиргендиги аныкталган.

Алмаз Ташиевдин сөөгүн коюу учуру

Бирок райондук сот Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланышкан териштирүү чала болгондугун белгилеп, кайрадан тергөөгө жөнөткөн. Ага улай маркумдун мыйзамдуу өкүлү облустук сотко даттанып, чечимди бузуп, ишти кароону башка районго которууну талап кылган эле. Ошого карабастан Ош облустук соту 1-декабрда Ноокат райондук сотунун токтомун күчүндө калтырган.

Ал эми 10-декабрда Ноокат райондук соту айыпталып жаткан милициянын эки кызматкеринин баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул туурасында Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн жактоочуларынын бири Таир Асанов «Азаттыкка» маалымдады.

Таир Асанов 10-декабрдагы сот жараянына Алмаз Ташиевдин жакындары жана жактоочулары чакырылбагандыгын олуттуу укук бузуу катары сыпаттады.

Ал эми маркум журналисттин бир туугандары тергөө абагында кармалып турган айыпкерлер Шүкүрбек Нурматовду жана Нургазы Батырбек уулун үй абагына которууга каршы экендигин билдиришүүдө. Алар а түгүл милиция кызматкерлерине тосмо арыз жазып беришкенин да ырасташпады. Мисалы, Алмаздын иниси Мелис Ташиев агасын өлөөрчө сабаган ички иштер өкүлдөрүнүн бардыгын бирдей жоопко тартууну жердештери соттон катуу талап кылып жаткандыгын ачыктады.

Мелис Ташиевдин баамында, агасынын өлүмүнө байланышкан ишти президент Бакиев жеке көзөмөлүнө алмайынча, адилеттүү өкүм чыгаары күмөн.

Ошентсе да, Ноокат районунун прокурору Сүйүнбек Сатыбалдиев райсоттун токтомуна макул эмес. Алар милициянын эки кызматкерин тергөө абагында калтырууну жана сот жараянын токтоосуз улантууну өтүнүп облустук сотко кайрылышмакчы.

Жергиликтүү журналисттер кылмыш ишинин утуру жылдырылып же кайра тергөөгө жөнөтүлүшү калыс өкүм чыгаарынан шек туудуруп жаткандыгын айтышууда. Мисалы, медиа талдоочу Абай Эшмаматов ушундай ойдо экендигин жашырган жок. Анын айтымында, Алмаз Ташиевдин сотуна жакын арада чекит коюлбаса, мындай көз жумдулук массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө карата ачык же тымызын коркунучту күчөтөт.

Ушул жылдын 4-июлунда милиция кызматкерлери тарабынан катуу токмоктолгон 33 жаштагы журналист Алмаз Ташиев эртеси Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген, тилекке каршы, саламатчылыгы жакшырган эмес. 10-июлда Ош облустук ооруканасына жөнөтүлүп, шашылыш операция жасалган. Ошентсе да, мээси катуу чайкалгандыктан, эсине келбей жатып эки күндөн кийин көз жумган.

XS
SM
MD
LG