Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

А. Ташиевдин каны кое бербейт


Милициянын тепкисинен көз жумган Алмаз Ташиевдин туугандары журналистти сабоого катышкан бардык тартип кызматкерлерин жазалоону талап кылууда.

Ноокат райондук соту журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланышкан кылмыш иши чала иликтенгендигин белгилеп, кайрадан тергөөгө жөнөткөн. Учурда маркумдун тууган-уруктары жана жердештери басма сөз өкүлүн экөө эмес, бир нече милиция токмоктогондугун айтып, калгандарынын да жазага тартылышын, ошондой эле ишти башка райондук сотто кароону талап кылууда.

Тергөөнүн жүрүшүндө Исанов айыл округунун участкалык инспектору Шүкүрбек Нурматов, Жаңы-Базар милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөтчүсү Нургазы Батырбек уулу кызматынан аша чаап, басма сөз өкүлүнө кол көтөрүп, саламатчылыгына орду толгус залал келтиргендиги аныкталган. Бирок Ноокат райондук соту Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланышкан териштирүү чала болгондугун белгилеп, кайрадан тергөөгө жөнөткөн.

Окуянын күбөсү Рустам Кулушевдин эстешинче, классташы Алмаз Ташиев экөө 4-июлда Ноокат районундагы Жаңы-Базар милиция бөлүмчөсүнө жумуштап баш бакканда, алагүү абалындагы бир нече ички иштер кызматкери аларды себепсиз токмоктогон:

-Мен киргенде эле көзүмө бирөө урду, караңгылашып эле жатып калдым. Андан кийин Алмазды уруп кетишти. Койгула балдар чатак болуп калат дедим, анан эжем келип мени алып чыгып кетти. Алмазды алып чыгайын десем, кое берет деп калышты.

Жар-Коргон кыштагынын тургуну Бектемир Абдыкалыков ошо күнү Жаңы-Базарда жүрүп, айылдашы Алмаз Ташиевди жети-сегиз милиция тепкилеп жаткандыгын өз көзү менен көргөндүгүн, бирок аны арачылоого мүмкүнчүлүк болбогондугун тастыктады:

-Алмазды сүйрөп милицияканага алып кирип кетишти. Ошондо кирип баратканда эле цементке башы тийген, ошондо эси ооп калган. Биз болушсак, милициялар бизди кууп чыккан. Биринчи үч милиция эле, кийин эки машина менен келгенде, 7-8 болду, - Бектемир Абдыкалыков ашынган жорукту катуу айыптап, жердештери журналистти өлөөрчө сабаган милиция кызматкерлеринин бардыгын жоопко тартууну катуу талап кылып жаткандыгын билдирди.

Маркумдун бир тууган иниси Мелис Ташиевдин айтымында, милиция кызматкерлери кылыктарын мастыкка шылтоолоп, күнөөнү эки кесиптешине - Шүкүр Нурматовго жана Нургазы Батырбек уулуна төңкөрүп жаткандыгы элдин кыжырын кайнатууда:

-Азыр экөө мойнуна алып атат, экөө эмес, баардыгы алыш керек, - Мелис Ташиев тергөө башынан акыйкатсыз жүргүзүлгөндүгүн белгилеп, кийинки жараянды Ноокатта эмес башка райондо өткөрүүнү өтүнүп облустук сотко арыздангандыгын кошумчалады.

33 жашында көз жумган журналисттин дагы бир жердеши Маматали Сыдыков кейиштүү окуяга катышкандардын бардыгы тегиз жазаланбаса, жар-коргондуктар козголоорун эскертти:

-Мас жүргөн милиция кызматкерлерин көп көрөм мен. Булар башка балдар уруп кетишти деп ишти жапканга аракет кылышат. Биз жаптырбашыбыз керек. Себеби чындыктын көзүн ачышыбыз керек. Алмаз Ташиев бизге керек эле, ал элдин чыныгы үнүн жеткирип турган.

Ноокат районунун прокурору Сүйүнбек Сатыбалдиевди иш ордунан таппай, телефон аркылуу байланышканыбызда, соттун иш чала тергелген деген чечимине макул эместигин, окуяга тиешелүү кишилер бүт суралып, тергөө ар тараптуу жана калыс жүргүзүлгөндүгүн айтып, облустук сотко каршы пикир жолдошкондугун маалымдады.

Ушул жылдын 4-июлунда милиция кызматкерлери тарабынан катуу токмоктолгон журналист Алмаз Ташиев эртеси Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген, тилекке каршы, саламатчылыгы жакшырган эмес. 10-июлда Ош облустук ооруканасына жөнөтүлүп, шашылыш операция жасалган. Ага карабастан, мээси катуу чайкалгандыктан, эсине келбей жатып эки күндөн кийин көз жумган.

XS
SM
MD
LG