Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Жайыттар жаңы мыйзамда


Кыргызстанда жайыттар жылдан жылга азаюуда

Кыргызстанда жайыттар жылдан жылга азаюуда

Жайыт тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынып, жер-жерлерде жайыт комитеттери түзүлүүдө. Бир жагынан бул реформа жайыт колдонуудагы социалдык теңсиздикти жойсо, экинчи жагынан төлөмдөр көбөйүүдө.

Жайыт маселесин мамлекет 2008-жылы көтөрүп, аны ушул жылдын башында Жогорку Кеңеш кабыл алганы менен жайыт тууралу жаңы мыйзам жайдын орто ченинде күчүнө кирди. Ушул тапта Айыл чарба министрлигинин алдындагы жайыт департаменти эл аралык уюмдар менен биргеликте жер-жерлерде атайын түшүндүрүү иштерин, семинарларды, жыйындарды өткөрүп жатат.

Мыйзамда көрсөтүлгөндөй эми ар бир айыл округдарда жергиликтүү тургундардан куралган жайыт комитеттери түзүлүп, алар жайыт билеттерин берүү укугуна ээ болушат. Мындай топтор кээ бир айыл өкмөттөрдө алгачкы иш аракеттерин баштап отурат. Суусамыр айыл округунун жайыт комитетинин мүчөсү Нуркан Бекжановдун пикиринде эми жайыт колдонуудагы социалдык теңсиздикти жоюу мүмкүнчүлүгү пайда болду:

- Мурда чоң чиновниктер миң гектарлап жайыт аянттарын ээлеп алып, ал эми элүү, жүз баш малы бар карапайым адамдар малын жайа албай калган. Эми жакшы болду. Ар бир айыл тургуну бир жылга акчасын төлөп коюп каалаганча малын бага беришет. Мурункудай "бул сенин жериң, тигил менин жерим" деген жок болот.

Жайыт комитеттерге жергиликтүү жайыт пайдалануучулардан өкүлдөр кирет. Алардын саны айыл округдагы элдин санына карап, жыйырмага чейин жетиши мүмкүн. Комитет жайытты иштетүүнүн планын иштеп чыгып, аны бекитүүдөн тышкары жайыт пайдалануучулардан акы чогултат жана аны тийиштүү максаттарга жумшоо иштерин да жүргүзүшөт.

Бирок кептин баары көп жылдык жайыт ижарачыларында. Алар эми жаңы мыйзамга ылайык кайрадан жайыт кагаздарын жаңылоого тийиш. Ушул жерде алардын алып сатарлык иш аракеттери да эске алынат. Сөз Айыл чарба министрлигинин алдындагы жайыт департаментинин жетекчиси Абдымалик Эгембердиевде:

- Жаңы мыйзамдын 12-беренеси атайы ушул маселге арналган. Көп жылдык ижарачы эгерде мурдагы жоболорду, токтомдорду так сактап, алган жайыт аянтына малынын саны туура келсе, анда ал ошол мөөнөтө пайдалануусу улана берет. Бирок малдын башына акы төлөөнү жаңы эрежеге ылайык улантат, жайыт билетин жана өзүнүн ижара укугун жаңысы менен алмаштырат. Эгерде ал алган аянтка малынын саны жетпесе, ал милдеттүү түрдө ашыкча аянттын кайтарып берүүсү керек.

Деген менен жайыт реформасында дале жетишпеген жагдайлар бар. Суусамыр жайыт комитетинин мүчөсү Нуркан Бекжановдун айтымында, жаңы мыйзамга ылайык, жайыт колдонуучулар кайра-кайра төлөмгө дуушар болушу күтүлүүдө:

- Кемчиликтер: азыр биз мал туякка төлөп, кайра эле салыгын да төлөп жатабыз. Анан мурдагыдай эле конуштарга жакын жайгашкан жайыттарга чыксак - ага да башка төлөп жатабыз. Ага кошумча кышкы тоютка чөп чапсак - ага да төлөм бар.
XS
SM
MD
LG