Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Ө.Текебаев: Баш мыйзамды бузган адам ант бергени - фарс


"Конституцияны бузуп тебелеп, анан инаугурация уюштуруунун өзү чоң фарс деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев.

- Кечээ камалгандардын бир тобун аскерий комендатурага, же болбосо жабык аскер жайына камоого негизинен башкы командачынын, же болбосо президенттиy уруксаты, же буйругу керек экен. Бул жерде милиция мыйзамды аткардыбы, же президенттин буйругу болушу мүмкүнбү?

-Биздин өлкө эң негизги мыйзам Конституцияны көз көрүнөө бузуп жатканга күбө болдук. Менин оюмча, президенттин түздөн-түз буйругу болбосо дагы, анын унчукпаган макулдугу менен ушул иштерге биздин укук коргоо органдары барып жатат.

-Бүгүн сиздер Балыкчыга карай жөө жүрүш жасайбыз деп билдирдиңиздер. Албетте, бийлик ага жол бербөөгө аракет кылат. Мындай учурда сиздердин аракетиңиздер кандай болмокчу?

- Бүгүн Алмаз Атамбаев өзү колоннанын башында туруп ушундай жөө жүрүш жасайт. Жөө жүргөyгө адамдардын толук укугу бар. Буга эч кандай уруксаттын дагы, белгилүү убакыттын ичинде эскертүүнүн да кереги жок. Ал эми сот митинг өткөрүүнүн тартиптерин бузду деген шылтоо менен эбегейсиз пропорционалдуу эмес иш чараларды көрүп жатат.

Өзүңүз бизлесиз, граждандар эскертүү жолу менен жыйналыш, митинг өткөрсө болот. Ал эскертүү бир гана граждандардын өзү үчүн керек. Жергиликтүү бийликтер жүрүш, митинг өткөргөн атуулдарга жардам берип, алардын укугун камсыз кылып, алардын коопсуздугун сакташ үчүн керек.

Ал эми эскертүү жасабагандыгын кылмыш катары карап, аларды 15 күнгө чейин камап, чоң айыпка жыккандыгынын өзү өлкө мыйзамды түшүнбөгөндүктөн, мамлекет өзүнүн милдетин түшүнбөгөндүгүнөн кабар берет.

-Утуп чыккан президент Курманбек Бакиевдин 2-августта инаугурациясы, ант берүү аземи болоорун кечээ Бишкек шаар башчылыгы кабарлады. Конституциялык Соттун чечими чыга электе Бишкек шаар мэриясынын мындай кабарлашы, же 2-августта инаугурация болгону мыйзамдыкка жатабы?

- Бул деген сөз, Конституциялык Сот бийликтин айтканын жасайт деп 100 пайыз ишенгендигинде. Чындыгында шайлоо Конституцияга каршы өттү. Анткени биз таянган эски Конституциянын редакциясында шайлоо октябрдын акыркы дем алышы, 25-октябрда өтөт деп жазылып турат. Ошондуктан шайлоонун дайындалышынын өзү Конституцияга ылайык келбейт, бул бир.

Экинчиден, шайлоого даярдыктар жана анын өтүшү Конституцияны одоно бузду. Ал эми инаугурация бийликке отуруу аземи, элдин алдында ант берүү аземи. Конституцияны сактоо, мыйзамдуулуктук, адилеттүүлүктү сактоо боюнча президенттик кызматка кирип жаткан адам ант берет.

Мына ошентип мунун өзү фарска айланып жатат. Көз көрүнө Конституцияны бузуп, аны тебелеп, анан инаугурация уюштуруунун өзү чоң фарс.

- Дегеле мындай шашылыштын артында эмне турат деп ойлойсуз? Кандайдыр бир чочулоо мүмкүнбү бийлик тараптан?

- Менин оюмча чакырылган конокторду өзүнүн туулган күнүнө ылайыктап, анын эртеси кош майрам дегендей ант берүү аземин өткөрүү жеке маселелерди мамлекеттик маселелер менен аралаштыруунун бир көрүнүшү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG